Бишкекте 90 чакырымдан ашык эски зымдар жаңы СИП-зымдарга алмаштырылат
12 май

Бишкекте 90 чакырымдан ашык эски зымдар жаңы СИП-зымдарга алмаштырылат

Керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында Бишкек электр тармактар ишканасы эски алюминий зымдарды заманбап СИП-зымдарына алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө. 

2025-жылга карата Бишкек шаарында 90 чакырымдан ашык 0,4 кВ чыӊалуудагы аба чубалгыларын СИП-2 зымдарына алмаштыруу жана 17,8 чакырымдан ашык 10 кВ чыӊалуусундагы аба чубалгыларын СИП-3 маркасындагы зымдарына алмаштыруу иштери пландаштырлырган. 

Бүгүнкү күндө энергетиктер 40 чакырымдан ашык аба электр чубалгыларын жаңы СИП-2 зымдарына алмаштырышты.

Белгилей кетсек, өзүн-өзү обочологон СИП зымдары ар кандай табигый кубулуштарга: кардын тийишине, катуу шамалдын таасирине жана зымдарда муз пайда болгон учурда туруштук берет.СИП зымдын артыкчылыктарынын катарына оңдоонун оңойлугу, техникалык жоготуулардын азайышы, кубаттуулукта иштөө мүмкүнчүлүгү жана тейлөө коопсуздугу кирет.