Депутат: Порнография балдардын төрөлүүсүн азайтып жатат
Депутат Аккулу Бердиев порнографиялык элементтерди камтыган видеолор элдин азайышына шарт түзүп жатат деп эсептейт.
Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңеште “Интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
«Мен Марлен Маматалиевдин сунушун колдойм: порнографиялык материалдарга тыюу салуу керек. Ошол порнографиянын айынан балдардын төрөлүүсү азайып жатат. Илгери порнография жокто ата-бабаларыбыз 15тен кем эмес төрөтүшкөн. Ошондуктан, мындай нерсени жолотпош керек, бул акылга сыйбайт. Андай нерсени көп көргөн адам унутчаак болот, тез карыйт деп айтылат, ошону эске алып койгула», – деди Бердиев.
