КР УКМК: “Йакын Инкар”ДЭУнун мүчөлөрүнө карата жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгы тууралуу
21 октябрь

КР УКМК: “Йакын Инкар”ДЭУнун мүчөлөрүнө карата жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгы тууралуу

КР УКМК “Йакын Инкар” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында, 2025-жылдын 16-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында “Йакын Инкар”ДЭУнун 14 мүчөсүнүн жашаган дареги боюнча тинтүү иш-чараларын жүргүздү.

Тинтүү иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишинин фигуранттарынын жашаган дареги боюнча экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, ошондой эле буюмдук далил катары протоколдук түрдө алынган уюлдук телефондор табылган.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында аталган “Йакын Инкар” ДЭУнун мүчөлөрү өздөрүнүн радикалдуу көз караштарынан ачык баш тартышкан.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.