Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы коррупцияга шектелип кармалды
4 июнь

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы коррупцияга шектелип кармалды

Мурдагы депутат жана экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга шектелип кайрадан кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирет.

«Октябрь райондук сотунун 2025-жылдын 15-майындагы чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 13-июлга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулду”,-деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Алиярбек Абжалиев 2022-жылдын февраль айында алдамчылыкка шектелип кармалган. УКМКга ишкер арыз менен кайрылып, Абжалиевдин алдамчылык аракеттеринен улам 2 миллион доллар зыян тартканын айткан. Кийин ал жабырлануучуга 1 миллион 200миң доллар чыгымды төлөп берип, камактан бошотулган.