Чолпон-Ата шаарында башкы суу түтүгүн куруу иштери аяктап калды
Чолпон-Ата шаарынын ичүүчү суу түтүктөрүн башкы суу түтүгүн алмаштырганга 2024-жылы республикалык бюджеттитин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу финансылык каражат каралган.
Бүгүнкү күндө курулуш жумуштары 98% аткарылды. Долбоорду толугу менен бүтүрүү 2025-жылдын июнь айынын экинчи жарымына белгиленген.
Иштин жүрүшү менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев таанышып чыкты.
Бүгүнкү күнгө Д-377х6 мм жана Д-108 х 4 мм темир түтүктөрү 4 чакырымы монтаждалган.
Мындан сырткары долбоордун негизинде, 16 камера, 43 кудук (колодец), долбоордон сырткары 11-кудук кошумча коюлду, жер астындагы өтмөк (переход) долбоор менен 9-даана, кошумча долбоордон сырткары 5-өтмөк (переход), жалпысынан 14-даана жер астындагы өтмөк коюлду.
Өрт өчүрүүчү гидрант долбоор менен 4 даана, долбоордон сырткары 5-даана, жалпысынан 19-даана өрт өчүрүүчү гидрант коюлду.
Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоодо эски суу түтүктөрүнөн жаңы курулган суу түтүктөрү менен камсыздалууда.
