«Тилектештик автобусу» Нарын облусунда: 221 жаран акысыз укуктук жардам алды
«Тилектештик автобусу» мобилдик тобу Нарын облусундагы төрт айылга — Нарын шаарынын Чет-Нура айылына, Кочкор районунун Кара-Тоо айылына, Жумгал районунун Байзак айылына жана Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылына барып, жергиликтүү жашоочуларга акысыз укуктук жардам көрсөттү.
Жалпысынан 221 жаран акысыз консультациялык-укуктук жардам алды.
Алардын ичинен:
Жынысы боюнча:
- Аялдар – 99
- Эркектер – 122
Социалдык статусу боюнча:
- Аз камсыз болгон жарандар – 37
- Пенсия курагындагы жарандар – 42
- Иш менен камсыз болгон жарандар – 77
- Жумушсуз жарандар – 39
- Жашы жете элек жарандар – 7
- Майыптыгы бар адамдар – 19
Тилектештик автобусу» акциясы калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган жарандарга укуктук кызматтарды жеткирүү максатында ишке ашырылып келет. Жарандар үй-бүлөлүк, эмгек, мурас, жер жана башка укуктук маселелер боюнча кеңеш алышты.
Юридикалык жардам кызматы мындай мобилдик чыгууларды улантып, өлкө аймагында укуктук кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган иш-аракеттерди мындан ары да жүргүзөт.
