«Бишкекжылуулукэнерго» МИсинде биринчи жолу газ менен иштей турган отказандар жасалууда
30 апрель

«Бишкекжылуулукэнерго» МИсинде биринчи жолу газ менен иштей турган отказандар жасалууда

Борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасында буга чейин көмүр отказандары жасалып келген болсо, 2025-жылдан тарта биринчи жолу газ менен иштей турган отказандар жасалып жатат.

Алдыдагы жылытуу мезгилине карата  «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасындагы оңдоо-өндүрүш тилкесинде 11 даана кубаттуулугу 1 МВт, 3  МВт жана 5 МВт болгон газ менен иштөөчү отказандар даяр болот.

Белгилей кетсек, даяр болгон отказандар 2025-2026-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилинде ишке берилет. Алар Жал-29, КЭЧ-2, КЭЧ-1, 10-кичирайон, №4 шаардык оорукана, Кызыл куруучу көчөсү, 705 аскер бөлүгү, №46 орто мектеп жана №1мектеп интернатынын отканаларына орнотулат.