Сурабалдиева күйөөлөрү тарабынан кордолгон, өлтүрүлгөн аялдардын иши боюнча ачык сот өткөрүүнү сунуштады
Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында укук коргоо органдарынын жана Жогорку соттун жетекчилигине кайрылуу жолдоду.
Ал күйөөсү тарабынан ур-токмокко, коркутуп-үркүтүүгө кабылган аялдардын окуялары боюнча ачылган кылмыш иштери сотко жеткенде, сот отуруму ачык өтүшү керектигин белгиледи.
Айтымында, ушул маселе боюнча абдан көп кыз-келиндер кайрылган.
«Жакында Кара-Кулжа районунда аянычтуу окуя болду. Айзирек аттуу келин күйөөсүнүн колунан каза тапты. Мен мырзаларга кайрылат элем: бирөөнүн өлүмүн эч убакта дискуссия кылбаш керек. Каза тапкан келинге баарыбыздын жүрөгүбүз ооруп жатат. Мен бул ишти укук коргоо органдары аягына чыгарат деп ишенем. Бирок айрым мырзалар аялдар өздөрү күнөөлүү, тигил жакка барбаш керек эле, бул жакка барбаш керек эле деген пикирин жазышууда. Ушуларга да укук коргоо органдары көңүл буруп койсоңуздар. Биз 21-кылымда жашап жатабыз, жөнсүз айыптоодон алыс бололу. Алардын терс пикирлери айымдарыбызга, өсүп келаткан кыздарыбызга катуу тийип жатат», – деди депутат.
