Садыр Жапаровдун Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду
6 декабрь

Садыр Жапаровдун Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду

Бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-казак өз ара алакаларынын достук, коңшулаштык жана боордоштуктун тыгыз байланыштарына негизделген жогорку деңгээлин белгилешти.

Лидерлер август айында Казакстандын Президентинин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары эки тараптуу мамилелерде жаңы баракты ачканын баса белгилешип, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты мындан ары да тереңдетүүгө өз ара берилгендигин ырасташты.