Баткен жана Монголия көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты
21 октябрь

Баткен жана Монголия көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты

Баткен облусунун расмий делегациясы Монголиянын Дундговь аймагына иш сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Иш сапардын негизги максаты — айыл чарба, мал чарбачылыгы, мөмө-жемиш өстүрүү, чакан жана орто ишкердик, туризм тармактарында тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Делегациянын курамына КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу, өкүлдүн кеңешчиси Мамасыдык Султанов, Эл аралык кызматташтык, инвестициялар жана туризм бөлүмүнүн башчысы Азизбек Адылбеков, ошондой эле мамлекеттик жана жеке секторлордун өкүлдөрү барды.

Баткен облусунан барган делегацияны Дундговь аймагынын губернатору Самданнам Мөнхчулуун жана тиешелүү кызмат адамдары тосуп алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү, жашыл экономика жана экологиялык таза өндүрүштү өнүктүрүү, айыл чарба жана туризм тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, билим берүү жана жаштардын тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча пикир алышты.

Иш сапардын алкагында Баткен облусунун өкүлдөрү Дундговь аймагынын айыл чарба, өндүрүш жана туризм тармактарындагы ишканалардын иши менен таанышып, тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүүдө.