Журналист Дүйшөнбек Керимов дүйнө салды
8 ноябрь

Журналист Дүйшөнбек Керимов дүйнө салды

Кыргыз маданияты, журналистикасы жана адабияты чоң жоготууга учурады.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Керимов Дүйшөнбек Касиевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу терең кайгыруу менен кабарлайт. Ал кесипкөй журналист, “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору катары кыргыз тилине жана улуттук баалуулуктарга чын жүрөгү менен берилген инсан эле.

Дүйшөнбек Касиевич 1956-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Өмүрүнүн ар бир күнүн кыргыз тилинин өнүгүшүнө жана анын коомдогу ордун бекемдөөгө арнап, өзүнүн ишмердүүлүгү аркылуу улуттук баалуулуктарды жайылтууга чоң салым кошту. "Кыргыз тили" гезитинин башкы редактору катары ал кыргыз тилинин руханий мурасын, улуттук сыймыгын баалап, анын коомдогу маанисин дайыма жогору көтөрүп келди.

Дүйшөнбек Касиевичтин журналисттик чеберчилиги, терең көз карашы жана так изилдөөсү менен айырмаланган эмгектери кыргыз журналистикасында чоң мурастарды калтырды. Анын ар бир макаласы, чыгармачылыгы кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө, элдик дөөлөттөрдүн жайылышына багытталган. Ал чындыкты жеткирүүдө тактыкты, калыстыкты биринчи орунга коюп, кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошту.

Дүйшөнбек Касиевичтин журналистикадагы жана адабияттагы эмгектери, кыргыз тилине кошкон салымы, өлкөгө кылган кызматы биз үчүн чоң өрнөк болуп, келечек муундар үчүн баалуу мурас катары сакталып калат.

Министрлик анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.