Төрт коттедж күйгөн. Ысык-Көлдөгү эс алуу жайынан чыккан өрт чектөөгө алынды
1 ноябрь

Төрт коттедж күйгөн. Ысык-Көлдөгү эс алуу жайынан чыккан өрт чектөөгө алынды

Ысык-Көлдөгү эс алуу жайынан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жалын саат 16:00дө чектөөгө алынды. 

Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө. Болжол менен тилсиз жоонун аянты 1600 чарчы метрди түзүп, 4 коттедж күйгөн. Жабыркагандар жок.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Кош-Көл айылында жайгашкан “Радуга West” эс алуучу жайында коттеджден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана ыкчам топ  тартылган.

Кошумча маалымат берилет.