КР Эмгек министрлиги: майрам жана дем алыш күндөрү эмгек акы кандай төлөнөт
Эмгек кодексинин 66-беренеси менен майрам күндөрү белгиленген
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик майрам күндөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) 1-январь - Жаңы жыл;
2) 23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнү;
3) 8-март - Аялдардын эл аралык күнү;
4) 21-март - Элдик Нооруз майрамы;
5) 7-апрель - Элдик Апрель революциясынын күнү;
6) 1-май - Эмгек майрамы;
7) 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;
8) 9-май - Жеңиш күнү;
9) 31-август - Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү;
10) 7 жана 8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү.
2. Кыргыз Республикасында жумуш эмес майрам күндөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) 1, 2, 3, 4, 5, 6-январь - жаңы жылдык каникулдар;
2) 8-март - Аялдардын эл аралык күнү;
3) 21-март - Элдик Нооруз майрамы;
4) 1, 2, 3 ,4, 6, 7, 8-май - май каникулдары;
5) 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;
6) 9-май - Жеңиш күнү;
7) 31-август - Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү.
3. Ай календары боюнча аныкталуучу мусулмандардын майрамдары "Орозо айт", "Курман айт" жана 7-январь - "Ыйса Пайгамбардын туулган күнү" (православное рождество) жумуш эмес майрам күндөрү болуп саналат.
КР Эмгек кодексинин 67-беренеси менен дем алыш жана майрам күндөрү иштөөгө тыюу салынат. Бул күндөрү жумушчуларды тартууга төмөнкү учурларда алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет:
- авариялардын, кырсыктардын жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин алдын алуу же жоюу үчүн;
- кырсыктарды, мүлктүн бузулушун же жок болушун алдын алуу үчүн;
- мекеменин же анын бөлүмдөрүнүн ишинин үзгүлтүксүз жүрүшүнө көз каранды болгон күтүүсүз жана шашылыш иштерди аткаруу үчүн.
Майрам күндөрү өндүрүштүк-техникалык себептерден улам токтотууга мүмкүн болбогон иштерге (токтоосуз иштеген уюмдарда), калкты тейлөө, шашылыш оңдоо жана жүк түшүрүү-жүктөө иштерине жол берилет.
Башка бардык учурларда кызматкердин жазма макулдугу жана кызматкерлердин өкүлчүлүк органынын макулдугу менен гана жумушка тартууга болот.
Иш берүүчү менен кызматкердин макулдашуусу боюнча, дем алыш жана майрам күндөрү аткарылган эмгек үчүн эс алуу күнү берилиши, эмгек өргүүсүнө кошулушу же жок дегенде эки эселенген акчалай төлөм менен компенсацияланышы мүмкүн.
