Өспүрүмгө адепсиз кол салган 52 жаштагы жаран кармалды.
15 октябрь

Өспүрүмгө адепсиз кол салган 52 жаштагы жаран кармалды.

Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Адыр-1 айылынын 1972-жылы туулган тургуну К.Б. өзүнүн М.А. аттуу  жээнине карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Белгилүү болгондой, М.А. ата-энеси ажырашып, кызын туугандарына калтырып, өзүнчө жашашат.

Бул факты 2024-жылдын 12-октябрь күнү Ноокен РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 158-беренеси (ыплас аракеттер) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жаран 2023-жылдан баштап М.А. карата бузуку аракеттерин жасап жүргөндүгү аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен 2024-жылдын 13-октябрь күнү аталган кылмыш ишине шектүү катары 1972-жылы туулган Б.К. Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96, 97-беренесинин негизинде Ноокен РИИБдин УКЖна киргизилген.

Ал эми 2024-жылдын 14-октябрь күнү Ноокен райондук соту тарабынан шектүү К.Б. кармалгандыгы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, эки айга камакка алуу түрү тандалып алынган.