Ош жана Иркутск облустары кызматташат. Макулдашууга кол коюлду
КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен Россиянын Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзевдин эки тараптуу жолугушту.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 6-августта Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашып, соода-экономикалык, инвестициялык, өнөр жай, айыл чарба, кайра иштетүү, логистика, туризм, билим берүү, саламаттык сактоо жана кадрларды даярдоо багыттарындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында Ош облусу менен Иркутск облусунун ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Аталган документ эки аймактын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана тажрыйба алмашууга бекем негиз түзөт.
Иш-чаранын соңунда тараптар салттуу түрдө белектерди алмашып, кол коюлган макулдашуу эки аймактын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары дагы бекемдөөгө жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.
