Дастан Бекешев 14 жаштагы балдарга айдоочулук күбөлүктүн  А/М категориясын киргизүүнү сунуштоодо
16 сентябрь

Дастан Бекешев 14 жаштагы балдарга айдоочулук күбөлүктүн  А/М категориясын киргизүүнү сунуштоодо

Депутат Дастан Бекешев “КР жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөдө. Парламенттин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында белгилегендей, мыйзам долбоору спикер Нурланбек Тургунбек экөөнө таандык. 

“Бизде акыркы учурда самокат көбөйүп кетти. 2024-жылы бул боюнча бир катар мыйзамдарды бекиттик. СИМ (индивидуалдуу транспорт каражаттары) деп койгонбуз, ага самокат, мопед ж.б.лар кирет. Азыр электромопеддерди айдаган курьерлер көбөйдү. Бул жаман нерсе эмес, бирок эреже болууга тийиш. Чынында, аларды жакшы көзөмөлдөй албай жатабыз. Себеби, эрежеси жок”, – деди Бекешев. 

Айтымында, алар демилгелеп жаткан мыйзам долбоорунда эки сунуш жолдонгон. Алар: 

1. Бир жыл мурда самокаттар жөө жүргүнчүлөр менен тең укуктуу кылынган. Бирок анын туура эместигин практика жүзүндө убакыт көрсөттү. Мындан улам, тыюу салууларды токтотуп, индивидуалдуу транспорт каражаттары үчүн атайын инфраструктураларды түзүү зарыл. 
2. Жаңы категорияны киргизүү. Айдоочулук күбөлүк боюнча А жана А1 категориялары бар. Эми А/М категориясын киргизүү керек. Ага 14 жаштагы балдар кирет. Булар да кадимкидей каттоодон өтүшөт жана сынак жеңил түрдө болот. 30 кмждан 50 кмга чейинки ылдамдыкта айдоого уруксат берилет. Пайдаланчу транспорт каражаттары: 4 кВтга чейинки кубаттуулуктагы самокат, велосипед, электромопед. Ал эми  4 кВтдан кубаттуулугу жогорку, 50 кмдан көп ылдамдыкта айдалган транспорт каражаттарына сөзсүз түрдө кадимки айдоочулук күбөлүк алууга туура келет. 

“Азыр бир маселе бар: самокат авария жаратканда же бирөөнү сүзгөндө биз аларды кармай да, издей да албайбыз. Алардын идентификациялык номери көрүнбөйт экен. Ошондуктан, баарын каттоодон өткөрүп, белги коюлушу зарыл”, – деди Дастан Бекешев.