Ысык-Ата районунда 36 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү
16 сентябрь

Ысык-Ата районунда 36 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Энергетика министрлиги тарабынан алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү талабына ылайык, энерготармактагы жабдыктарды жаңылоого, оңдоп-түзөө иштеринин сапаттуу жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

Бүгүнкү күндө Чүй электр тармактар ишканасынын Ысык-Ата районунда төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү:

  • 36 даана трансформатор, 5 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодоон отүп, 6 чакырым СИП аба чубалгысы тартылды;
  • 183 даана трансформатор, 450 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү;
  • Капиталдык курулуш иштеринин алкагында 2 даана трансформатор кубаттуулугу жогорулатылып алмаштырылды;
  • Бүгүнкү күнгө пландаштырылган оңдоп-түзөө жана техникалык тейлөө иштери 80 пайызга аяктады.

Бул иштер келе жаткан 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.