
Бишкекте шаарды туруктуу өнүктүрүү маселеси талкууланат
2024-жылдын 16-18-октябрь күндөрү Улуттук урбан форум өтөт. Иш-чаранын максаты - активдүү жарандардын, алдыңкы эл аралык жана улуттук эксперттердин жана Кыргызстандын 33 шаарынын мэрлеринин ортосунда диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү.
Катышуучулар урбанизациянын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулашат жана шаардык жана айылдык жамааттардын тез өсүп жаткан муктаждыктарын чечүү үчүн натыйжалуу чечимдерди издешет.
Түркиянын 3 шаарынын өкүлдөрү, Монголиянын Улан-Батор шаарынын мэриясы, Россия шаарлар Союзу, «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Евразия аймактык бөлүмү, Казань шаары, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Бирлиги, Казакстандын Жергиликтүү коомчулуктар элдик конгрессинин төрагасы, Франция, Германия, АКШдан келген эксперттер, ООН Хабитаттын өкүлдөрү, Найроби, Кения, эл аралык аймактык өнүгүү жана чоң маалымат боюнча эксперттер, шаардык активисттер, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Сессиялардын жүрүшүндө глобалдык чакырыктардын жана туруктуу өнүгүү максаттарынын контекстинде урбанизация процесстеринин улуттук өзгөчөлүктөрү жана милдеттери аныкталат. Ошондой эле, шаарды туруктуу өнүктүрүүнүн мыкты эл аралык тажрыйбалары талкууланат. Форум Кыргыз Республикасынын шаарларынын ортосундагы байланышты бекемдейт.