Мыйзам долбоору: Самокат жана мопедди жок кыла да албайсың, кыймылын жөнгө салуу да кыйын
16 сентябрь

Мыйзам долбоору: Самокат жана мопедди жок кыла да албайсың, кыймылын жөнгө салуу да кыйын

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “КР жол кыймылы жөнүндө” мыйзамына киргизилүүчү өзгөртүүлөр каралууда. 

Депутат Исхак Масалиев самокат жана мопеддердин кыймылын мыйзам эмес, эрежелер менен жөнгө салуу керектигин айтты. 

“Мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу керек же алтурмак жергиликтүү бийлик органдарына ыйгарым укукту бериш керек. Болбосо мыйзам долбоорунун максаты ишке ашпай калат. Мыйзамдын күчү азыр жүрүп жаткан мопеддерге жетпейт. Бул элдин кайрылуусуна каршы келет. Башкача айтканда, каттоого туруп, сынак тапшырып жана күбөлүк алуу мунун баары укук коргоо органдарына керек. Каттоого туруп, күбөлүк алып коюу менен эмне өзгөрөт? Баары 007 номерин алууга умтулуп башташат, анан ошол номер менен шаар ичине лагман жеткиришет”, – деди Масалиев. 

Ал белгилегендей, самокат жана мопеддерди чоң шаарларда айдоого тыюу салуу керек. Бирок бул татаал маселе, анткени, чоң шаарларда дагы транспорт жетпеген райондор бар, ал жактагылар мопед менен дүкөнгө барып келиши мүмкүн. 

“Чет өлкөлөрдө улгайган адамдар да мопед айдашат”, – деди ал. 

Айтымында, Чынгыз Айтматов проспектисиндеги парктардын айланасында көп маселелер жаралат. Ушундай эле маселе жеткирүү кызматтарына да таандык. Жеткирүү кызматы өтө тездик менен өнүгүп жаткандыктан, мопеддердин жаңы моделдери тездик менен пайда болот жана ар бир транспорттун ылдамдыгын жөнгө салуу мүмкүн болбой калат. 

Мындан улам Исхак Масалиев мопед жана самокаттарды ижарага берген сервистердин ишин карап чыгууну сунуштады. 

“Мисалы, мопеддерди айрым тармактарда колдонуу, ошол эле жеткирүүгө пайдаланууга тыюу салуу керек. Бирок мында да башка жагы бар: машиналар эки саат тыгында турса, мопед бир саатта чыгып кетиши мүмкүн. Менимче, мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу керек”, – деп кошумчалады.