
Нурия Кутнаева мамлекеттик сектордо интеллектти өнүктүрүү тууралуу айтып берди
2024-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Инновациялар жана маалыматтык технологиялар» темасындагы семинар болуп өттү.
Иш-чара Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана КРдин Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулду. Семинар Президент Садыр Жапаровдун демилгелери жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмаларынын алкагында 2024-2028-жылдарга карата Санариптик трансформация планынын негизинде өткөрүлдү.
Министр Нурия Кутнаева семинарда санариптик трансформация концепциясын тааныштырып, мамлекеттик сектордо IT өнүктүрүү, долбоордук башкаруу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө кагаз түрүндөгү справкалардан баш тартуу боюнча негизги аспектилерге токтолду.