Вячеслав Пак билим берүүдөгү реформа тууралуу: “Жаңы телефондой кылып өзүбүзгө ыңгайлаштырып алабыз”
Билим берүү – бул бир гана мектеп жана университеттер эмес. Ал 10-20 жылдан кийин өлкө, экономика жана адис кандай болоорун аныктайт. Бүгүн Кыргызстанда билим берүү, илим жана инновация жаатында масштабдуу дебюрократизация жүрүүдө. Эмнеге система азыр өзгөрүүдө жана бул студенттерге, мугалимдерге жана илимпоздорго эмне берет – КР Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун экономикалык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Вячеслав Пак түшүндүрдү.
– Кыргызстанга билим берүү системасындагы мындай масштабдуу реформа эмнеге керек болду?
– Анткени эски модель жашоонун агымы менен куйрук улаш жүрө албай калды. Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан тартып илимий ачылыштарга чейин – баарына бир убакта жооп бергендиктен, жыйынтыгында көптөгөн чечимдер узак убакытта чыккан, а жоопкерчилик кимде экени белгисиз болгон.
Учурдагы өзгөрүүлөрдүн маңызы формалдуу “бөлүү” же “бириктирүүдө” эмес, ким окуучу үчүн, ким студент үчүн жооп берет, ким окумуштууга жана ким инновациялык компания үчүн жоопкерчилик алат деген тартип жана логиканын киргизилишинде жатат.
Максат ачык-айкын – мугалим менен мектептин, университет менен министрликтин, окумуштуу менен аттестация системасынын ортосундагы ашыкча бюрократияны жоюу.
– Маанилүү чечимдердин бири эки жаңы министрликти түзүү болду. Системанын ушундай болуп бөлүнүшүнүн себеби эмнеде?
– Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечими менен эки мекеме: Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги түзүлдү.
Биринчиси мектепке чейинки, башталгыч, негизги, орто билим жана баштапкы кесиптик билим берүүгө, башкача айтканда бала жана окуучуга байланышкан нерсенин баарына жооп берет. Экинчиси жогорку билим, илим, инновация жана интеллектуалдык жекелик үчүн жоопкерчилик алат.
Мындай бөлүү логикалык жактан туура. Мектеп – бул массалык социалдык көрүнүш, стандарт, жеткиликтүүлүк, тарбия. Университет менен илим – бул атаандаштык, долбоордук каржылоо, дүйнөлүк мейкиндикке интеграциялоо, интеллектуалдык жекеликти коргоо.
Бир орган баарын бир убакта кармаган учурда, кайсы бир ортолукка “чөгүп” кетиши мүмкүн. Жаңы структура баарына тегиз көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет, бири мектеп базасынын сапаты үчүн жооп берсе, кийинкиси жогорку окуу жайларыбыз, лабораториялар жана инновациялык борборлор инерция боюнча жашабай, аймактын мыкты оюнчулары менен тең ата болушуна көз салат.
– Мурдагы модель эмнеси менен туура эмес болду? Бир министрлик бар эмес беле.
– Мурда бир министрлик баарын: бала бакча, мектеп, университет, илим, изилдөөнү көзөмөлгө алчу. Бул өтө чоң милдет.
Түйшүк өтө көп болгондо чечим жай кабыл алынат, а жоопкерчилик бүдөмүккө айланат. Мектеп жана университет – бул принципиалдуу түрдө эки башка дүйнө. Мектеп – бул стандарттар, тарбия, базалык жөндөмдөр, жеткиликтүүлүк. Университет менен илим болсо – атаандаштык, изилдөө, лаборатория, дүйнөлүк мейкиндиктеги интеграция.
Бул аймактар институционалдык жактан бөлүнгөндө, фокус пайда болуп, натыйжалар жаралат.
– Бирок штатты кеңейтип же бир министрликтин алдында департаменттерди түзүү менен деле маселени чечүүгө болот беле?
– Жөнөкөй мисал келтирейин. 30 адамдан турган уюмду башкаруу оңойбу же 500 адамдан турган уюмдубу? Жообу белгилүү да.
Структура канчалык чоң болгон сайын чечимдерди кабыл алуунун ылдамдыгы жана ийкемдүүлүк ошончолук азаят. Дебюрократизация – бул биринчи кезекте ыкчамдуулук, жоопкерчиликтин такталган аймагы жана башкаруунун сапаты.
Министрликти бөлүү тууралуу чечим окуучулардын, студенттердин, мугалимдердин, окутуучулардын жана илимий чөйрөнүн суроо-талабына реакция кылууну тездетет.
– Бул реформаларды Улуттук стратегиялык демилгелер институту жүргүзөбү?
– Ооба, бул биздин ишибиздин өтө маанилүү бөлүгү. Биз горизонталдык да, вертикалдык да деңгээлде изилдөөлөрдү жасадык. Студенттер, мугалимдер, мектеп директорлору, министрликтин кызматкерлери жана жетекчилиги менен баарлаштык.
Маалыматтан чоң топтомун чогултуп, учурда ишке ашырылып жаткан чечимге келгенбиз. Бирок иш ушуну менен бүтүп калбайт. Мониторингдөөнү улантабыз. Кагаз жүзүндө кабыл алынган нормалар реалдуу жашоодо кандай иштеп жатканын байкаштырабыз.
Жыйынтыктар мекемелер аралык жумушчу топторунун кароосуна үзгүлтүксүз чыгарылып турат. Учурда бир катар багыттар боюнча оң натыйжаларды көрүп жатабыз.
– Сиз реформаны жаңы телефон сатып алууга салыштырдыңыз. Аны менен эмнени айткыңыз келди?
– Абдан жөнөкөй аналогия. Жаңы телефон сатып алганда интерфейсти, тиркемелерди, иштөө ылдамдыгын, тамгалардын өлчөмүн өзүбүзгө ылайыкташтырат эмеспизби.
Азыр нормативдик база кабыл алынды, министрликтер түзүлдү. Стандарттарды, инструкцияларды, методологияны ички орнотуу этабы жүрүүдө. Бул процесс убакытты талап кылат, бирок так ушул нерсе жыйынтыктын сапатын аныктайт.
– Аттестация тууралуу сүйлөшсөк. Улуттук аттестациялык комиссиянын(УАК) Жогорку аттестациялык комиссия (ЖАК) болуп өзгөртүлүшү эмне берди?
– Реформанын мааниси – илимий даражаларды ыйгаруу системасын академиялык коомчулук үчүн ачык-айкын, кесипкөй жана түшүнүктүү кылуу. Президенттин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссия – илимдеги абдан кадыр-барктуу структура, бирок иш жүзүндө билим берүү системасынын ичинде эмес, анын үстүндө тургандай болчу.
Эми Жогорку аттестациялык комиссия Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин курамына кирет. Бул диссертацияларга коюлган талаптарды өлкөнүн реалдуу илимий приоритеттери, ЖОЖдорду өнүктүрүү программалары жана эл аралык сапат стандарттары менен байланыштырууга мүмкүндүк берет.
Эски моделге эмне тоскоол болду? Бир гана кеңештер менен процедуралардын саны эмес. Маселе диссертацияларда жазылгандар менен экономикага жана коомго керектүүлөрдүн ортосундагы ажырымда болчу.
Жаңы конфигурацияда ЖАКтын милдети кагаз түрүндөгү кат жазуу жана кат алуу менен азыраак алектенип, стандарттарга, этикага, формалдуу мамиленин алдын алууга жана илимдеги коррупциялык тобокелдиктерге көбүрөөк көңүл буруу болуп саналат. Мисалы, кандидаттык минимумдар жоюлуп, коргой турган мөөнөттөрү кыскартылды. Процесс жөнөкөй жана тез болуп калды.
– Бул кандитаттыгын жактагысы келген конкреттүү адамга кантип таасирин тийгизет?
– Ага жеңил болот. Процедуралар жөнөкөйлөштүрүлгөн, талаптардын жарымы санарип инструменттерине алмаштырылды, система бир топ логикалуу болду.
Өзгөчө PhD илимий даражаларын нострификациялоону белгилей кетүү маанилүү. Эгерде диплом эл аралык абройлуу рейтингге кирген университеттен алынса, даража автоматтык түрдө таанылат. Эгерде андай болбосо, дипломдордун сапатын жана аныктыгын коргоого багытталган нострификациялоо процедурасы иштейт.
– Дагы бир чечим талкууга алынууда – бул мектепти аяктагандан кийин сырттан окуунун жоюлушу. Эмнеге мындай чечим кабыл алынды?
– Мында сырттан окууну жана аралыктан билим берүү технологияларын чаташтырбаш керек. Мурдагы сырттан окуу көп учурда тийиштүү сапатты камсыз кылган эмес.
Аралыктан билим берүү – бул башка нерсе. Бул мугалим менен студенттин жандуу катышуусу менен санарип платформалар аркылуу күнүмдүк окуу. Келечек дал ушундай форматта.
– Формалдуу окутуу же кыянаттык тобокелчилиги жаралбайбы?
– Дал ушул себептен азыр стандарттар, катышууну көзөмөлдөө, дипфейктерден коргоо, окутуучулардын милдеттенмелери иштелип жатат. Аралыктан билим берүү формалдуулук эмес, сапаттуу процесс болушу керек.
– Бул система качан толук кандуу иштеп баштайт?
– Сырттан окууга студенттерди кабыл алууга 2026-2027-окуу жылдары пилоттук режимде бир нече адистиктер боюнча тыюу салынат. Бизде стандарттарды орнотууга убакыт бар. Эгер терс натыйжаларды көрө турган болсок, система оңдолот.
– Эл аралык мисалдар барбы?
- Албетте. Гарвард, Оксфорд жана башка дүйнөнүн алдыңкы университеттери эбак эле аралыктан окуу программаларын ишке ашырышкан. Адам каалаган өлкөсүндө жашап, эл аралык үлгүдөгү диплом ала алат.
– Реформаны кененирээк алып карай турган болсок, Улуттук стратегиялык демилгелер институту анын өлкө үчүн маанисин кандай баалайт?
– Эксперт катары гана эмес, жаран катары да айтайын. Ар бир реформа кыйынчылык менен коштолот. Азыр мугалимдер, окутуучулар, студенттер, окумуштуулар бүдөмүк өткөөл мезгилде жашап жатышат. Ошондуктан мамлекеттин жана Улуттук стратегиялык демилгелер институту сыяктуу институттардын милдети жөн гана “жогорку жактан чечимдерди таңуулоо” эмес, а адамдарды талкууларга тартып жана биргелешкен чечимдерди табуу болушу керек.
Биздин милдетибиз – коом, бизнес жана мамлекеттик органдар менен стратегиялык жактан такталган диалог жүргүзүү. Эгерде мамлекет, коом жана бизнес бул өткөөлдү көтөрө алса, баары утушка ээ болот. Бизнес даярдалган кадрларды алат. Мамлекет башкаруунун натыйжалуу системасына жетет. Ата-энелер жана балдар билим берүү келечекке жол ачаарына ишенишет.
