Нуркамил Асанов, “Ала Тоо 24” телеканалынын жогорку баскычтагы башкы телеоператору: “Телеоператорлук кесибим жер көрүүгө жол ачты...”
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала Тоо 24” телеканалынын башкы телеоператору Нуркамил Асанов агабыз менен болгон маекти сунуштайбыз. Нуркамил Асанов алгач ирет 20 жашында телевидениенин босогосун аттап, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келет. Отуз жылдан ашык иш-тажрыйбасында жумушуна болгон жоопкерчиликтүү мамилесинин аркасында Улуттук Телерадиоберүү корпорациясынын отличниги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак громатасынын ээси жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына жеткен.
– Нуркамил ага, алгачкы суроомду телевидениенин босогосун аттаган жылдан баштагым келип турат?..
– Мен алгач ирет 1990-жылы Ош облустук телерадиоберүү корпорациясына телеоператордун ассистенти болуп жумушка орношком. Ташкенттеги кинотехникалык окуу жайын аяктап келгенден кийин эле жумушка келдим десем болот. Ал кезде телевидениенин жетекчиси Тамара Жаманбаева эжебиз эле.
– Убагында ата-энеңиз операторлук кесибинизди кандай кабыл алышты эле?
– Колдоо менен кабыл алышкан. Себеби, Советтер Союзу учурунда Кыргызстанда политехникалык окуу жайы абройлуу болуп турган эле. Алардын каалоосу менен ошол окуу жайга тапшырып, өтпөй калгам. Бирок, мен ага капа болгонум жок. Тескерисинче, сүйүнгөм. Себеби, мен 6-7-классымдан бери союз учурунда “Ак кеме”, “Караш-караш” өңдүү байма-бай көрсөтүлүп турган кыргыз кинолоруна, Сабира Күмүшалиева, Сүймөнкул Чокморовдун аткарган ролдоруна кызыгуум артып, кино тармагында окугум келип жүргөн. 10-классты бүткөн жылы күзүндө Ош шаарындагы облустук кинопрокатта жумушчу болуп иштедим. Ал жер да менин киного болгон кызыгуумду арттырды. Кийинки жылы Ташкентке окууга тапшырып, ал жерде бир ай окугандан соң аскер кызматына кеттим. Аскер кызматымды өтөп бүткөндөн кийин окуумду уланттым. Ал окуу жайда көбүнчөсү кинотармагындагы аппараттар, кинопленка, мындайча айтканда, кинотехникага көбүрөөк басым жасалды. Ошол кез союз мезгилине туура келгендиктен окуу жайыбызда бүткүл СССРден келген көптөгөн улуттардын уул-кыздары окуйт элек. А мен старосто болчумун. Акыркы курсту бүткөн учурда окуу жайдын мугалимдери мени Ленинграддагы ЛИКИ (азыркы кездеги Санкт-Петербургдагы мамлекеттик кино жана телекөрсөтүү институту) окуу жайына жолдомо беришти, бирок шартка байланыштуу ал жака барып окуумду уланта албадым. Ошентип, окуумду бүткөн жылы эле Ош облустук телерадиокорпорациясына жумушка орноштум.
– Алгачкы жумуш күндөрүңүз кандай башталды эле?
– Менин студиядагы иштеген биринчи күндөрүм Анаш Кадырованын эфирге чыгуусу менен туш болгондуктан, биринчиден, ал кишини жанынан көргөнүм, экинчиден, ал кишини камерага кадрга алуу жагы өтө сүрдүү болуп чекемден муздак тер кеткен. Ал кезде студиянын ичинде стационар деп койчубуз, 200 киллограм салмактагы камералар болчу. Аны ары-бери жылдыруу бир топ оорчулукту жаратаар эле. Мен кээде аны менен иштөө ыкмасын жакшы өздөштүрүү үчүн түндөсү калып, 2-3 саат убара тарткан күндөр болгон. Ошол мезгилдерде камералар стационардык болгондуктан, көпчүлүк көрсөтүүлөр көбүн эсе студиянын ичинен тартылчу, кээ бир жаңылыктар сүрөттөр аркылуу эфирге берчү элек. Мисалы, аба-ырайын айтып жатканда ар бир облустун сүрөтүн атайын даярдалган жыгач текчеге коюп алып, видеого тартчубуз. Бир күнү “кар жаайт” деп айткан учурду жандуу видео аркылуу көрсөткүм келип, сырттан таштарды, арчанын бутагын анан кар алып келдим. Таштардын үстүнө арчаны, арчага карды коюп үстүнө лампанын жарыгын берсем, анын ысыгынан арча шагындагы кар ээрип таштын үстүнө кадимкидей тамчылап жатпайбы. Ошентип кадрга жан киргизгемин. Эң негизгиси жумушумдан ырахат алчумун. Ош облустук телерадиокорпорациясынан көп иш тажрыйба алдым десем болот. Устаттарым КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мейманбек Касымов, Өмүрбек Эрмекбаев сыяктуу агаларыман көп билим алдым.
– Анан Оштон УТРКга кайсы жылы которулуп келдиңиз?
– Ош телевидениесинде беш жыл иштегенден кийин 1995-жылы УТРКга которулуп келдим. Телевидениеде жалпы кырктай оператор иштечү, планеркада ким кайсы берүүгө бөлүнсө, кете берчүбүз. Байкасам, улам эле “жаңылыктарга оператор керек, болгула, шашылыш”, - деген чакыруулар болот. Анан ал кездеги жаңылыктардын продюсери Нышанбек Тиллебаевичке (Кочкоров) айттым, “келиңиз, жаңылыктарга эки операторду дайыма бекитип коелу, улам оператор сурабайсыз”, – деген сунушумду айттым. Анан жаңылыктарга мени менен бир оператор бөлүндүк. Бара-бара операторлордун саны 4-6-8ге жетти. Кийин “өзүбүз тарткан жаңылыктарды өзүбүз монтаж кылалы” – деп отуруп, өзүнчө монтежерлорду бөлдүрдүк. Акырындык менен көбөйүп жатып, жамаатыбыз азыркы “Ала Тоо 24” телеканалынын командасына айланды. Учурда мен бул каналдагы операторлорго баш-көз болуп, билген тажрыйбамды бөлүшүп келем. Дагы бир жагдай, азыркы мезгил менен өткөн учурларды салыштып айтсам, 1990-жылдардын башынан көп убакытка чейин биз видеокассеталар менен иштеп келдик. Видеокассета менен сюжеттерди монтаждоо көп кыйынчылыктарды жаратчу. Монтажда аны ары-бери түрдүрүп кадр издөө да көп убакытты талап кылчу. Кээ күндөрү видеокассетанын ичиндеги пленкасы үзүлүп калып, аны ачып, үзүлгөн жеринен кайрадан клейлеп чыкчубуз. Азыр санариптештирүүнүн негизинде кичинекей флешка аркылуу сьемка да, монтаж да жеңил болуп калды.
– УТРКда жаңылыктарга чейин кандай программаларды тартып жүрдүңүз?
– 1996-жылы “Манас эпосунун 1000 жылдыгы” Талас жергесинде уюштурулду. Бул абдан чоң иш-чара эле. Ошол мамлекеттик деңгээлдеги иш чарага телеоператорлордон тандоо болду. Ал кезде Тяньшань Ибрагимов, Курсан Абдрахманов жана Виктор Губин сыяктуу тажрыйбалуу улуу кесиптеш агаларыбыз бар эле, ошол тандоодон аларга кошулуп мен да өттүм.Таластагы Кароол чокуда турам, Манастын төрөлүшү, бала чагы тууралуу сценкалар коюлуп жатат, эмнегедир видеокамерага тартып жатып көзүмдөн жаш агып жатты. Жүрөгүм бир башкача сокту. Манастын касиети оңой эмес экен.
– Мен билгенден теледеги жылдызыңыз жанып, өлкө башчылары жана жогорку кызматтагы чиновниктер катышкан сьемкаларды да тартып жүрдүңүз, кайсы президент менен көп иштештиңиз?
– Кесиптештерим “сен биздин жылдызсың”- деп тамашалап айтып калышчу (күлүп). 1998-2010-жылга чейин сырткы командировкаларга көп чыктым. Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдер менен көп иштештим. Көптөгөн өлкөлөргө иш-сапар менен барып, эл-жер көрүп келдик. Өзгөчө Курманбек Бакиев премьер-министр болуп турган кезинен ажо болгонуна чейин көп иш-чараларды тартып жүрдүм.
– Эл аралык деңгээлде өткөн маанилүү иш-чараларда оператордун жоопкерчилиги өтө маанилүүү эмеспи. Ажолордун сьемкаларын өз учурунда тартып калбаса, алар кайрадан экинчи дубль кылбайт да?
– Албетте. Эки эсе чоң жоопкерчилик моюнда болот. Ажолордун өздөрүнүн жеке оператор, сүрөтчүлөрү бар деңизчи. Бирок, жаңылыктарды да өз убагында бериш керек. Оператор биринчи кезекте ыкчам, оперативдүү болушу керек. Он төрт мамлекет башчысы катышкан иш-чараларды тартып калдым. Он төрт ажонун төрттөн командасы келгенде эле элүүгө жакын камера болот. Алардын алдыңкысы болуп, сап башына туруп калышың керек. Бир окуя эсиме түштү. Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасына Россиянын ошол кездеги президенти Борис Николаевич Ельцин менен биздин ажо Аскар Акаевичтин жолугушуусу болот деп сьемкага жөнөп калдым. Кире бериштеги эки лифт тең келген коноктордон бош эмес экен. Жөө чыга берейин дедим. Колумда салмагы он эки киллограмдай Sony Betacam үлгүсүндөгү камера, штатиф ал да ошондой эле салмакта, өзүм болсо он экинчи кабатка чыгып баратам. Шашкан бойдон жыйырма төрт киллограмды көтөрүп алып, тепкичтерди экиден жогору аттап чуркаган бойдон... Чекемден, жонумдан тер агып жатат. Он экинчи кабатка жетип камерамды жайгаштырып, сьемка тартып жатсам да чекемден тер ага бериптир, Аскар Акаев аны байкап, мага жылмайып, ишиме ыраазы болгон.
– Канча мамлекетке бардыңыз десем, “Африкага анан Айга эле бара элекмин”, - деп тамашалап каласыз. Дүйнө жүзүн кыдырып келген адам катары айтсаңыз, сизге кайсы мамлекет өзгөчө жакты?
– Менин чет өлкөгө болгон паспортумдун алгачкы визасы Пакистанга ачылган. Кийин ал паспортум толуп калып, экинчи ирет виза ачтырганда, алгачкы виза кайрадан Пакистанга ачылган (күлүп). Операторлук кесибим жер көргөнгө жол ачты десем болот. Албетте, ар бир өлкөнүн өзүнө тиешелүү кооздугу, жашоо-шарты болот эмеспи. Бардык жерди көрдүк, кудайга шүгүр. Бирок, мага Финляндия жакты. Жаратылышы кооз, тынч жана экономикасы туруктуу өнүккөн өлкө экен. Ошондой эле саясый жана экономикасынын туруктуулугу жагынан Малайзия дагы жакты. Байкаганыбыз, беш жыл мурда доллардын курсу канча болсо, беш жылдан кийин барсак да ошол курс сакталуу экен.
– Сиздин жумушуңузду жубайыңыз колдоп келгенин билем. Анын колдоосу сизге жагымдуу болсо керек?
– Ананчы! Өзүңөр билгендей, жубайым да көп жылдан бери журналистика тармагында эмгектенип, “Леди кж” гезитинин башкы редактору эмеспи. Менин жумушумду абдан жакшы түшүнөт. Биз бири-бирибиздин ишибизге ашыкча аралаша бербейбиз, бирок ар дайым бири-бирибизди колдойбуз. Эки уул, үч кызыбызды тарбиялап-өстүрүп, жакшы билим алуусуна, жакшы адам болуусуна аракет кылып келебиз. Жаратканга шүгүр, үй-бүлөбүздө ынтымак, жылуулук бар. СССРдин эл артисти Юрий Никулиндин Россиянын телеканалынын бир көрсөтүүсүндө “сиз үчүн бакыт деген эмне? – деп сурашканда “бакыт - бул сиздин жеке жашооңуздагы гармонияны жана кесибиңизге канааттанууну билдирет, эртең менен жумушка, кечинде үйгө кайткыңыз келген жөнөкөй абал. А бул болсо өзү айтып тургандай, күнүмдүк турмуштун жакшылык сезими” – деп айтканы эсимден кетпейт. Мен да дайыма эртең менен сүйгөн жумушума, ал эми кечинде мени күтүп жаткан үй-бүлөмө шашам. Жумуштан келгенимде кыздарымды бекем кучактап, жыттагандан ырахат алам!
– Маегиңизге чоң рахмат!
