Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы учурунда 40тан ашуун эл аралык иш-чара өттү
Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалык кылган мезгилде конференцияларды жана сүйлөшүүлөрдү кошкондо 40тан ашуун эл аралык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу саясий илимдердин доктору, профессор Аликбек Жекшенкулов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан төрагалык кылган мезгилдеги активдүү ишмердиги өлкөнүн эл аралык позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзүүдө.
Ошондой эле ал ШКУда колдонулган консенсус принцибине көңүл бурду. Уюмдун чечимдери бардык мүчө мамлекеттердин макулдугу менен кабыл алынат.
Жекшенкуловдун пикиринде, бул механизм Кыргызстанга уюмдун ири мамлекеттери менен катар чечимдерди кабыл алууга тең укуктуу катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Ал белгилегендей, Кыргызстандын катышуусунун натыйжалуулугу өлкө өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн колдо болгон механизмдерди канчалык пайдалана аларына жараша болот.
Кыргызстан ШКУну негиздеген мамлекеттердин бири болуп саналат. 2026-жылы өлкө уюмдун 25 жылдыгына арналган юбилейлик саммитти өткөрүүдө.
