Кыргызстандын бюджетине түшкөн салык кирешелери беш жылда үч эседен ашык өстү
Кыргызстандын бюджетине түшкөн салык кирешелери акыркы беш жылда 3,1 эсеге өсүп, 151,2 млрд сомдон 461,7 млрд сомго жетти.Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кочкоров «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, салыктык түшүүлөр мамлекеттик кирешелердин болжол менен 70 пайызын камсыздайт.
Кочкоров өзгөчө белгилегендей, өсүш салыктын чендерин жогорулатуусуз жана салыктын жаңы түрлөрүн киргизүүсүз камсыздалган.
«Акыркы беш жылда салыктар 3,1 эсеге өстү. Мында салыктын чендери жогорулатылган же салыктын жаңы түрлөрү киргизилген эмес», — деди ал.
Анын айтымында, буга экономиканын өсүшү, көмүскө сектордун кыскарышы, салыктык башкарууну автоматташтыруу жана санариптештирүү, ошондой эле салыктык милдеттенмелерди аткарууну жөнөкөйлөтүү жана салык төлөөчүлөрдүн салык органдары менен түз байланыштарын азайтуу негизги себеп болгон.
Экономист Уран Садыгалиев да санариптештирүү салык төлөөчүлөрдү эсепке алууну жакшыртып, бизнес үчүн бирдей шарттарды түзүүгө мүмкүндүк бергенин белгиледи.
Анын айтымында, өнөр жай, курулуш, кызмат көрсөтүү, туризм жана кайра иштетүү тармактарынын өсүшү да бюджетке түшкөн кирешелерге түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.
