Жалал-Абадда ымыркайлардын тубаса жана генетикалык ооруларын эрте аныктоо маселеси талкууланды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
26 август

Жалал-Абадда ымыркайлардын тубаса жана генетикалык ооруларын эрте аныктоо маселеси талкууланды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин катышуусунда 25-августта энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун коргоо, тубаса оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Жыйынга облус башчысынын орун басарлары Шабдан Абдырайым уулу жана Исламбек Увайдуллаев, Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Өмүрбек Махамаджунус уулу, медицина тармагы боюнча адис Бакай Календеров катышты.

Мында энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу, кош бойлуу аялдардын ден соолугун көзөмөлдөө, ошондой эле тубаса жана генетикалык ооруларды эрте аныктоо маселелери талкууланды.

Бакай Календеров кош бойлуулук учурунда түйүлдүктүн абалын тыкыр көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, заманбап диагностикалык технологияларды кеңири колдонуу боюнча сунуштарын берди.

Анын ичинде түйүлдүктүн өсүп-өнүгүүсүн көзөмөлдөө, жүрөктөгү жана башка тубаса өзгөрүүлөрдү эрте аныктоо үчүн заманбап лабораториялык изилдөө ыкмаларын колдонуу маселелери каралды.

Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад облусун бул багытта пилоттук аймак катары сунуштоо демилгеси көтөрүлдү. Бул үчүн медициналык мекемелерди керектүү жабдуулар менен камсыздоо, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана каржылоо булактарын тартуу маселелери талкууланды.

Облус башчысы Тилек Текебаев эне менен баланын ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, ооруларды эрте аныктоо жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүү боюнча ишти системалуу уюштуруу керектигин айтты.