Бишкек жана Чүй облусунун педиатрлары балдардагы ракты эрте аныктоону үйрөтүлөт
Бишкек жана Чүй облусундагы баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү тармагындагы педиатрлар балдардагы онкологиялык ооруларды эрте аныктоого окутулат.
«Эрте диагностикадан туура диагностикага» деп аталган долбоордун алкагында дарыгерлер үчүн окуулар өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан балдар арасындагы рак илдетине каршы күрөшүү боюнча Глобалдык демилгеге катышууда. Дарыгерлерди окутууга багытталган долбоор каржылоо конкурсуна сунушталып, колдоо тапкан.
Программанын алкагында педиатрларга усулдук материалдар берилип, тренингдер өткөрүлөт. Ошондой эле балдар арасында кеңири тараган онкологиялык оорулардын негизги белгилери кеңири талкууланат.
Долбоордун негизги максаты — ооруну кеч стадиясында аныктоо учурларын азайтуу.
Мындан тышкары, балдар онкологиясы бөлүмдөрүндө иштеген медайымдардын квалификациясын жогорулатуу да программага киргизилген.
