Мамлекеттик китеп палатасында «ИРБИС» системасынын базасында санариптештирүү маселелери талкууланды
26 август

Мамлекеттик китеп палатасында «ИРБИС» системасынын базасында санариптештирүү маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасында Китепканаларды автоматташтыруу системасынын (КАС) «ИРБИС» иштеп чыгуучусу — ЭБНИТ Ассоциациясынын жана «ЭйВиДи-систем» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынын директору Ж.К. Бакашова, ЭБНИТ Ассоциациясынын маркетинг боюнча директору жана «ЭйВиДи-систем» ЖЧКсынын башкы директору В.В. Токмаков катышты.

Жумушчу жолугушуунун негизги темасы Мамлекеттик китеп палатасынын ишмердүүлүгүнө «ИРБИС» КАСтын базасында заманбап санариптик чечимдерди киргизүү, мамлекеттик библиографиялык эсепке алууну өркүндөтүү, ошондой эле басма продукциясынын милдеттүү нускаларын кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сактоо процесстерин модернизациялоо болду.

Тараптар Китеп палатасынын негизги иш процесстерин автоматташтыруу, бирдиктүү санариптик маалыматтык чөйрөнү түзүү жана улуттук библиографиялык ресурстун заманбап электрондук маалымат базаларын калыптандыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасын санариптик трансформациялоо багытындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.