Эксперт: темир жол Кыргызстандын аймактагы ролун өзгөртөт
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
26 август

Эксперт: темир жол Кыргызстандын аймактагы ролун өзгөртөт

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Кыргызстандын экономикалык жана транспорттук абалын олуттуу өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындай пикирин ШКУнун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктары тууралуу сөз кылып жатып, саясий илимдердин доктору, профессор Аликбек Жекшенкулов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүү жасалма интеллект жана санариптештирүү менен катар уюмга мүчө мамлекеттер үчүн маанилүү багыттардын бирине айланууда.

Жекшенкулов темир жол долбоорунун ишке ашырылышы Кыргызстанга транзиттик өлкө макамын бекемдөөгө мүмкүндүк берерин белгиледи.

«Биз тоолор менен курчалган туюк өлкө эмес, транзиттик өлкөгө айланып жатабыз», — деди ал.

Эксперттин пикиринде, жаңы транспорттук каттамдар өлкөгө кошумча экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, соода көлөмүн кеңейтүүгө жана аймактагы ири рыноктор менен байланышты күчөтүүгө шарт түзөт.

Ал ошондой эле чакан мамлекеттер өзгөрүп жаткан шарттарга тезирээк ыңгайлаша аларын белгилеп, бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн конкреттүү программалар жана долбоорлор зарыл экенин кошумчалады.