Татарстандын туңгуч президенти Минтемир Шаймиев Чыңгыз Айтматов тууралуу: жылдар өтүүдө, бирок анын ойлору актуалдуу бойдон
Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын эмгек сиңирген маданият ишмери, Эл аралык элчилик дипломатия ассоциациясынын вице-президенти, Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун вице-президенти Ассоль Молдокматованын автордук рубрикасы
Жашоосу өткөргөн жылдары менен өлчөнгөн адамдар бар. Инсандардын масштабы өмүр баянына батпаган учурлар да болот. Алар китептерде, ойлордо, иш-аракеттерде жана бүтүндөй муундардын тагдырында жашай беришет. Чыңгыз Төрөкулович Айтматов – дал ушундай адам болгон.
Бизди Кыргызстандын биринчи президенти Минтимер Шарипович Шаймиевдин резиденциясына улуу жазуучунун уулу Аскар Айтматов менен чогуу чакырды. Ал күнү биз Минтимер Шариповичке Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун эстелик медалын тапшырдык. Чыңгыз Айтматовду Татарстан менен достук мамиле гана эмес, маданият, руханият, тарыхый эс-тутум жана келечек муундар алдындагы жоопкерчилик боюнча көз караштардын жалпылыгы да байланыштырып турган.
Биздин маек бир саатка пландалган болчу. Бирок сүйлөшүү абдан терең жана мазмундуу болуп, дээрлик төрт саатка созулду. Биз элдердин тагдыры жана тарыхта инсандын ролу, бийлик жана адептүүлүк жоопкерчилиги, маданий мурас жана муундардын уланышы тууралуу сүйлөштүк. Анткен менен баарлашуунун башкы каарманына Минтимер Шаймиев жеке тааныган, жогору баалаган жана Кыргызстандын гана эмес, бүткүл адамзаттын байлыгы катары эсептеген инсан – Чыңгыз Айтматов айланды.

Айтматов менен Шаймиевдин замандаш эле эмес, бири-бири менен достук, урмат-сый жана биргелешкен гуманитардык иштер аркылуу байланышып турганы өзгөчө символикалуу. Экөө тең келечекти ойлогон, элдердин ортосундагы тынчтыкты сактоодо маданияттын өзгөчө ролун түшүнгөн адамдардан болушкан.
Минтимер Шариповичтин Чыңгыз Төрөкулович менен Казанда акыркы жолугушуусу тууралуу эскерүүлөрү өзгөчө жүрөккө жетти. Дал ошол жерден улуу жазуучу Германияга дарыланууга жөнөгөн. Ал кезде бул жолугушуу акыркысы болорун эч ким билген эмес.
Бүгүн мен окурмандарга дүйнөлүк руханий тарыхтын бир бөлүгүнө айланган адам тууралуу баарлашуубузду сунуштайм.
– Минтимер Шарипович, Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөнүнө көп жылдар болду. Ал сиздин эсиңизде кандай калды?
– Чыңгыз Айтматов – планетардык масштабдагы инсан. Өз өлкөсүнө таандык адамдар бар, өз дооруна таандык адамдар бар, анан адамзатка таандык инсандар бар. Айтматов адамзатка таандык болду. Ал өз элинин атынан сүйлөдү, бирок аны бүткүл дүйнө укту. Ал жөнөкөй адамдардын тагдыры, талаалардын жана тоолордун жашоосу жөнүндө жазды, бирок бул окуялардын артында ар дайым адам жашоосунун түбөлүк суроолору турду — эс тутум жана жоопкерчилик, жакшылык жана жамандык, адептик тандоо жана адамдык кадыр-барк. Көрүнүктүү жазуучу жана дипломат катары ал чыныгы тынчтык элчисинин ролун аткарды. Анын чыгармачылыгы улуттук адабияттын чегинен чыгып, дүйнөлүк руханий мурастын бир бөлүгүнө айланды. Өмүрү өмүр баянынын акыркы барагы менен аяктаган адамдар бар, ал эми дүйнөгө кеткенден кийин да таасирин тийгизе бергендер бар. Чыңгыз Айтматовдун таасири ушул кезде да кеткен жок.

– Сиздин оюңузча, Чыңгыз Айтматовдун инсандык феномени эмнеде?
– Анын феномени улуттук жана жалпы адамзаттык нерселерди бириктирүү жөндөмүндө. Ал өз маданиятына терең сиңген, бирок ошол эле учурда бүткүл дүйнөгө түшүнүктүү тилде сүйлөдү. Анын чыгармалары кыргыз жеринен жаралган, бирок улутуна жана динине карабастан ар бир адамды ойлондурган суроолорду козгоду. Ал окуялар жөнүндө эмес, адамдын адептик тандоосу жөнүндө көбүрөөк жазды. Ошондуктан анын китептери эскирбейт. Доорлор, саясий системалар жана технологиялар өзгөрөт, бирок абийир, эс тутум, милдет жана жоопкерчилик темалары өзгөрүүсүз калат.
– Минтимер Шарипович, тагдыр ушундай буйруп, Чыңгыз Төрөкулович менен болгон акыркы жолугушууларыңыздын бири дал ушул Казанда болуптур. Аны Германияга дарыланууга Татарстандан узатышкан. Бул күндөр тууралуу бүгүн эмнелерди эстейсиз?
– Ооба, бул эскерүү мен үчүн абдан жеке жана абдан оор бойдон калды. 2008-жылдын жазында Чыңгыз Төрөкулович кичүү уулу Элдар менен Казанда келген. Биз пландарды түзүп, анын тай журтунун тарыхына байланышкан жерлерге барууну кааладык. Бул ал үчүн жөн гана саякат эмес, өзүнүн тамырын дагы бир жолу сезүүгө мүмкүнчүлүк болгон. Тилекке каршы, ден соолугу кескин начарлап кетти. Татарстандан биз аны Германияга дарыланууга узаттык. Анда эч ким жамандыкты ойлогусу келген эмес, кайтып келет деп үмүттөнгөнбүз. Бирок тагдыр башкача чечти. Азыр да акыркы жолугушуубузду көп эстейм жана анын келечек, маданият жана адамдын руханий жоопкерчилиги жөнүндөгү ойлору канчалык маанилүү болгонун түшүнөм. Татарстан үчүн Айтматов жөн гана улуу жазуучу эмес, чыныгы досу, өзгөчө акылмандыгы жана бийик ички маданияты бар адам болгон.
– Айтматовдогу эмнени ал тирүү кезиндегиден да бүгүн жакшы түшүнөсүз?
– Улуу адамдар көбүнчө өз заманынан озуп кетишет. Анын келечектеги коркунучтарды канчалык так көргөндүгү бүгүнкү күндө өзгөчө айкын болуп жатат. Ал саясий кризистерди эмес, адеп-ахлак кризисин, руханий багыттарды жоготууну, муундардын ажырымын жана тарыхый эс-тутумдун жоголушун эскерткен. Анын көп ойлору философиялык ой жүгүртүүлөр катары кабыл алынган, бирок убакыт анын адамзатка олуттуу эскертүүлөр болгонун көрсөттү. Биз канчалык алга жылып баратсак, анын алдын ала көрөгөчтүгүнүн тереңдигин ошончолук айкын түшүнөбүз.

– Сиздин оюңузча, Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн кеткенден кийинки жылдарда бизге эмнени эскертип жатат?
– Менимче, ал бизге эң коркунучтуу нерсени – руханий багыттарды жоготууну эскертүүдө. Адам бардык кыйынчылыктарды көтөрө алат, бирок эс-тутумун, абийирин жана өз тамырына урмат-сыйын жоготсо, бул өзү үчүн гана эмес, бүтүндөй эл үчүн трагедияга айланат.
– Манкурттун образы адабияттан эбак чыгып, дүйнөлүк маданий мейкиндиктин бир бөлүгүнө айланды…
– Албетте. Бул мындан ары жөн гана адабий образ эмес. Бул адамзатка эскертүү. Манкуртизм адам өзүнүн өткөнүн унутуп, адептик суроолорду бербей, өз тагдырына жана өз элинин тагдырына кайдыгер болгондо башталат. Ошондуктан бул образ бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу бойдон калууда. Айтматов бизди тарыхый эс-тутумду жоготуу адептик багыттарды жоготууга алып келерине эскерткен.
– Чыңгыз Төрөкуловичтин кайсы сапаты сизди ар дайым таасирлентчү эле?
– Ички жоопкерчилиги. Ар бир айтылган сөздүн баасын түшүнчү. Азыр көпчүлүк мени угушса экен дейт, ал эми Айтматов пайдалуу болгусу келген. Ал эч качан атак-даңк же таанылуу үчүн жазган эмес. Анын ар бир сөзүнүн артында адамдар, тарых жана келечек муундар алдындагы милдет сезими турган. Ошондуктан дүйнө жүзү боюнча миллиондогон окурмандар ага ишенишкен. Айтматов өзүнүн сүйүктүү кыргыз элине жана дүйнө элдерине болгон жогорку кызматы менен бизге чексиз баалуу болгон. Ал көп муундар үчүн гуманизмдин, акылмандыктын жана элдердин ортосундагы достуктун символу болуп калат.
– Айтматовду элдердин ортосундагы негизги көпүрөлөрдүн бири деп айтсак болобу?
– Албетте. Ал маданият саясаттан күчтүү бириктире аларын далилдеген. Чыгармалары аркылуу дүйнөгө Кыргызстанды ачкан, бирок ошол эле учурда бүткүл түрк цивилизациясынын руханий мурасынын байлыгын көрсөткөн. Ал бөлгөн нерсени эмес, адамдарды бириктирген нерсени издеген. Мында маданияттын өзгөчө миссиясы жана Айтматовдун өзүнүн өзгөчө миссиясы камтылган.

– Айтматовдун келечек муундар үчүн эң баалуу мурасы эмнеде?
– Бир гана китептери эмес, дүйнө таанымы да баалуу мурас. Чыңгыз Айтматов түрк элдеринин эң бай руханий-адептик салттары жана улуттук каада-салттары аркылуу жашоо философиясын түшүнгөн, алардын зор жаратуучулук потенциалын ачкан. Бизге жоопкерчилик, гуманизм жана адамга урматтоо үлгүсүн калтырган. Адамды анын тегине, көз карашына же коомдогу ордуна карабай, адам катары көрүүгө үйрөткөн. Бүгүнкү күндө дүйнөгө мындай адептик багыттар өзгөчө керек.
– Эгерде бүгүн Чыңгыз Айтматов кайрадан адамзатка кайрылса, анда ал азыркы дүйнөнү эмнеден эскертер эле?
– Менимче, ал техникалык прогресс адамдын руханий өнүгүүсүнөн алдыга озуп кетпеши керектигин эскертмек. Адамда эбегейсиз билим болуп, ошол эле учурда адамгерчилигин жоготушу мүмкүн. Бирок абийирди, ар-намысты жана ырайымды сактап калса, ар качан жаратуучулукка жетише алат. Дал ушул адептик тең салмактуулукту ал келечектин башкы шарты деп эсептеген.
– Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк маданияттагы ордун бир эле сүйлөм менен аныкташ керек болсо, эмне деп айтмаксыз?
Айтматов дүйнөдөн кеткенден кийин да таасирин тийгизе берген адамдарга таандык. Мындай инсандар адамзаттын адеп-ахлактык эс-тутумунун бир бөлүгүнө айланат.

– Урматтуу Минтимер Шарипович, Чыңгыз Төрөкулович Айтматов тууралуу жылуу эскерүүлөрүңүз, чынчылдыгыңыз, акылмандыгыңыз жана биздин маектин тереңдиги үчүн сизге ыраазычылык билдирем. Аты Кыргызстандын гана эмес, бүткүл дүйнөнүн байлыгына айланган инсан тууралуу жеке эскерүүлөрүңүздү угуу мен үчүн чоң сыймык болду.
– Урматтуу Ассоль, мен да сизге ыраазычылык билдирем. Суроолоруңуздун тереңдиги жана диалог жүргүзүүнүн чыныгы өнөрү үчүн рахмат. Бул бүгүнкү күндө сейрек кездешүүчү сапат. Интервьюер жөн гана суроолорду бербестен, маектешкен адамга маанилүү окуяларды эстөөгө, өткөндү ойлонууга жана чындыгында өзгөчө нерселерди дагы бир жолу ойлонууга жардам бергени абдан маанилүү.
Жеке мен үчүн Чыңгыз Айтматов көрүнүктүү жазуучудан алда канча терең мааниге ээ. Ал зор ички маданияты, терең интеллекти жана сейрек кездешүүчү адамдык кадыр-баркы бар инсан болчу. Анын менен баарлашкан адам өзүн рухий жактан байып кеткендей сезишчү.
Мен анын жанынан таанып гана тим болбостон, досу, шериги жана пикирлеши болуу бактысына ээ болдум. Убакыт Айтматовдун улуулугун гана тастыктайт. Анын ойлору эскирбейт. Тескерисинче, жыл сайын алар ого бетер актуалдуу болуп баратат. Дүйнө тез өзгөрүп жатат, бирок ал ондогон жылдар мурда көтөргөн суроолор өзгөрүүсүз калууда: абийир деген эмне, жакшылык менен жамандыктын чеги кайда, адам өз тамырын унутуп, келечек алдындагы жоопкерчилигин сезбей калганда эмне болот?
– Чыңгыз Төрөкулович жөнүндөгү терең ойлоруңуз жана эскерүүлөрүңүз үчүн рахмат.
– Рахмат. Чыңгыз Айтматов сыяктуу адамдарды эскерүү – бул өткөнгө таазим кылуу эмес, келечек алдындагы жоопкерчилик.
