Шайлообек Назаралиев: “Англис тили бүгүн – тандоо эмес, зарылдык”
Кыргызстанда англис тилин оңой үйрөтүп, көптөгөн жаштарга чет өлкөдө билим алып, иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүк берип жаткан Кыргызстандагы Кембридж экзамендерине даярдоо борбору бар. Аталган борбордун жетекчиси Шайлообек Назаралиев англис тилин 7 айда үйрөткөн китептин да автору. Тил үйрөтүүдө тажрыйбасы мол Шайлообек Назаралиев менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
Тар дүйнөдөн кең дүйнөгө карай жол
– Сиз геолог болуп туруп, англис тилин окутууда ийгилик жаратып жатасыз. Англис тили боюнча атайын методика ойлоп табышыңызга эмне себеп болду?
– Бул суроого бир тараптуу жооп берүү кыйын. Дүйнөдө мындай мисалдар көп. Негизи мен англисче-кыргызча окуу куралын жазам деп ойлогон эмесмин. Өмүрүмдүн көп бөлүгү геология тармагында өттү. Союз ыдырап, ар ким өз жолу менен кетти. Мен болсо Оштогу “Интурист” мейманканасын жетектеп, Англия, Германия, Япония, Кытай сыяктуу өлкөлөрдөн келген коноктор менен иштедим. Алардын англис тилинде эркин сүйлөгөнүн көрүп, тилдин ордун түшүндүм. Кийин Бириккен Араб Эмираттарында иштеп, Европа, Түркия, Кытай өлкөлөрүн кыдырдым. Журналисттер союзунун мүчөсү катары БАЭ, Сингапур сыяктуу өлкөлөрдүн өнүгүүсүндө англис тилинин ролу тууралуу макалалар жаздым. Ушулардын баары жыйналып келип, китеп жазууга түрткү болду. Бул жол жеңил болгон жок – караңгыда жол издегендей эле оор жана узак болду.
Методика жана табигый тил үйрөнүү.
– Кыргызстанда мектептер да, ЖОЖдор да бере албаган жыйынтыкты сиз кантип жеке методика менен багындырып жатасыз? Сиз ойлоп тапкан методикаңыздын артыкчылыгы эмнеде?
– Тил үйрөнүүдө методиканын албетте мааниси чоң. Бирок кандай гана максат болбосун, биринчи кезекте ал эмгекти, тартипти жана жоопкерчиликти талап кылат. Мисалга алсак, Россияда көптөгөн англисче-орусча китептер бар. Ошондой болсо да, англис тилин үйрөнүүдө анчалык ийгилик жарата алышкан жок. Кытайда мектеп окуучулары күнүгө 10 сааттай окушат. Согуштан кийинки Японияны алсак, алар “Өзгөрүүнүн анабашы – билим” деген ураан аркылуу мугалимдерге жогорку айлык менен кошо кол тийбестикти да берген. Ошондуктан, алар кыска убакытта ийгиликке жетишишти.
Ал эми мен иштеп чыккан тил үйрөнүү методикасынын өзөгү англисче угуп, түшүнүү аркылуу сүйлөшүүгө жетүү. Анткени, бул жаш баланын тили чыккандай табигый жол. Тилекке каршы, мектептерде грамматикалык эрежелерге айрыкча басым жасалат. Тагыраагы, бул нерсе мага арабаны аттын алдына койгон сыяктуу сезилет.
Эл аралык деңгээл жана Кембридж сертификаты
– Сиздин ыкмаңыз элиталык мектептерден да натыйжалуу болуп жатканы тил үйрөнүүдө акча эмес, методика маанилүү экенин көрсөтүп жатабы?
– Биринчиден, бул жерде баса белгилеп коючу нерсе — инсан экинчи тилди кандай максатта үйрөнүп жатканын түшүнүшү керек. Эгер ал тек гана ошол тилде күнүмдүк деңгээлде сүйлөнүүнү кааласа, бул оор деле маселе эмес. Ошол тилдин негизги грамматикалык эрежелерин жана 1000 сөздү жаттаса болот. Россияда жүргөн биздин мигранттар орусчаны билбей барып, 2–3 айдан соң түшүнүктүү эле сүйлөп калышат.
Экинчиден, тил үйрөнүү менен кошо экзамен да тапшырам десе, бул татаал жол. Мисалга Англия, Германия, Франция өңдүү алдыңкы өлкөлөрдү алалы. Ал жакта тил үйрөнүүнүн көптөгөн методикасы бар, заманбап шаймандары жетиштүү, алдыңкы педагогдору да бар. Бирок Cambridge English Qualification экзаменин алардын 0.1% калкы гана тапшырып, сертификат алышат. Бул – элитанын деңгээли. Айылдык эле окуучулар Кембридждик сертификатка ээ болуп, чет өлкөдө окуп, иштеп жатышат. Бирок Кыргызстанда бул сертификат толук бааланбай жатканы өкүнүчтүү. Сөзүм куру болбош үчүн бир мисал айтайын: С1 деңгээлиндеги адис мамлекеттик мекемеге конкурс шылтоосу менен алынбай калган. Бул билим берүү системасындагы олуттуу карама-каршылыкты көрсөтөт.
Негизги көйгөй коомдо
– Мугалимдердин деңгээли маселеби же окутуу ыкмасы негизги көйгөйбү?
– Мугалимдердин дарегине терс пикир айта албайм. Алар аз айлык менен да базалык билим берип жатышат. Негизги көйгөй – шартта жана коомдун өзүндө.
Айыл балдары жана мүмкүнчүлүк
– Айылдык балдардын ийгилиги – бул өзгөчө учурбу?
– Жок. Баары каалоого, тартипке жана эмгекке байланыштуу.
– “Шарт жок” деген жүйө канчалык туура?
– Азыр интернет бар. Мындай мүмкүнчүлүк мурда болгон эмес. Маселе – аракетте.
Англис тили – зарылдык
– Эгер системаны өзгөрт десе, эмнеден баштамаксыз?
– Кескин эмес, эволюциялык жол менен. Коом, ата-эне жана мамлекет бир багытта иштеши керек. Англис тили бүгүн дүйнөлүк маалыматка, билимге жана мүмкүнчүлүккө жол ачкан негизги тил. Бул – тандоо эмес, зарылдык.
