Өмүрбек Жолдошев, офтальмолог: “Эки жашка чейинки балага телефон бербеш керек”
12 январь

Өмүрбек Жолдошев, офтальмолог: “Эки жашка чейинки балага телефон бербеш керек”

Бүгүнкү күндө ар бир бала смартфон, планшет, компьютердик оюндарга байланган. Бул түздөн-түз көзгө залакасын тийгизүүдө. Мындан улам акыркы жылдарда балдардын арасында көз оорунун түрү көбөйүп атканы кооптондурбай койбойт. Көйгөй өзгөчө 3 жаштан 15 жашка чейинки балдардын арасында кеңири таралган. Офтальмолог Өмүрбек Жолдошев балдардын арасындагы көз оорулары тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

– Өмүрбек Бахридинович, акыркы учурда балдардын арасында көз оорулары күч алып жатат. Гаджеттердин көздүн көрүүсүнө тийгизген түздөн-түз таасирин айтып берсеңиз?

– Ооба, эч кандай статистикасыз эле көз ооруларынын күч алып атканы алаканга салгандай көрүнүп турат. Эмне үчүн акыркы убакта жаш балдардын арасында көздүн көрүүсүндө көйгөй жаралып атат? Буга түздөн-түз телефон, планшет, компьютердин жашообузга аралашканы себепчи. Эки жашка чейинки балдарга такыр планшет жана телефон берилбеш керек. Компьютердин маңдайына да отургузбоо керек. Себеби телефонду көзгө жакындатып караганда көздүн булчуңдары чыңалат, ал көздүн талып оорушуна, кызаруусуна алып келет. Экрандын көгүлтүр нуру нерв системасына таасир этет, бул болсо көздүн ичинде жайгашкан тор челдин клеткаларынын талкалануусуна алып келет. Жыйынтыгында катаракта оорусунун пайда болуу коркунучу жаралат. 2 жаштан 5 жашка чейинки балдарга телефон көрүүгө бир күндө 1-2 саатка гана уруксат берилет.

– Көздүн өсүү процесси баланын канча жашында токтойт?

– Көздүн өсүү процесси 7 жашка чейин деп айтылат. Бул куракка чейин көз менен мээнин ортосунда тынымсыз байланыш жүрөт жана өөрчүп отурат. Эгерде жети жашка чейин балада кандайдыр бир көз оорунун түрү пайда болсо аны дарылатып калыбына келтирип алууга болот. Убактысын өткөрүп алса, калыбына келтирүү мүмкүн болбой калат.

– Көздүн кылый болуп калышынын негизги себеби эмнеде?

– Көздүн кылый болуусунун себеби анын минустарынын, плюстарынын пайда болуусунан келип чыгат. Кылый көздүн да түрү бар, бир көзү же экөө тең кылый болуусу мүмкүн. Сыртка же ичке карап кылый болот. Көпчүлүк учурда кылый көз кийин пайда болот, бул тубаса оору эмес. Мисалы, 3 жашар баланын бир көзү толук кандуу көрөт, бир көзү -5 дейли. Оң көзү менен жакшы көрөт, сол көзү начар көрөт. Иштебеген көздү баш мээ өзүнүн көрүү процессинен алып таштайт. Ошондо көз кыйшайып кылый болот.

– Сырттан караганда баладагы кандай өзгөрүүлөр көзүндө көйгөй бар экенинен кабар берет?

– Негизи, компьютерди 60, телефонду 35-40 сантиметр аралыкта кармаш керек. Эгер жаш бала телефонду бул аралыктан да бетине жакын кармап көрүп атса, анда көзүндө маселе бар экенин болжосо болот. Китеп окуп, жазып атканда бетине абдан жакындатса, окуп атканда башын ар кандай позага буруп капталдай берсе, улам чалынып жыгылса, сыналгыны көрүп атканда көзүн бүрүштүрсө,  кишини тааныбаса адиске кайрылуу зарыл. Жаш бала көздүн нормасынын көрүүсү кандай экенин байкоого жөндөмү аз болот. Көздүн көрүүсүндөгү айырманы да ажырата албайт. Андыктан жогорудагы белгилерден гана боолгой алса болот.

– Баланын көрүүсүн жүз пайыз калыбына келтирсе болобу?

– Эгер минустар (миопия) көбөйүп кеткен болсо, мисалы -1ден -3 болуп кетти дейли. Ал минус кайра баштапкы калыбына келбейт. Эң жакшысы, көз айнектин, линзанын жардамы менен ошол – 3 бойдон кармап калуу керек. Тамчы тамызуу, көздүн көнүгүүсүн жасоо менен көрүүнү калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Көз айнек гана колдонуу керек. Мисалы, көздүн алмасы узун болсо минус (миопия) пайда болот, көздүн алмасынын узундугу кыска болсо плюс (гиперметропия) пайда болот. Бул табигый өзгөчөлүк. Эгерде балада плюс болсо ал убакыттын өтүшү менен жоюлат. Тилекке каршы, азыр бизде минустар көп болуп атпайбы.

– Көздүн текшерүүсү кандай баскычтар менен өтүүсү керек?

– Негизи, атайын аппараттын жардамы менен алгач баланын минусу же плюсу бар экенин аныктоо керек. Нормада бала он катарды көрүүсү керек. Көз алдыңкы, арткы камерадан, чечекейден, тор челден, айнектен турат. Ар биринин өзүнүн нормадагы өлчөмү болот, аларды ченейбиз. Тор челдин кан тамырларын, көз менен баш мээнин көрүү нервинин абалын карайбыз. Керек болсо тор челдин томографиясын өткөрүү керек. Көз кош орган болгондуктан, экөөнүн бирдей чогуу иштегени өтө чоң роль ойнойт. Бинокулярдык көрүү деп коёт, эки көз көргөн нерсени баш мээ бир картина кылып көрсөтөт. Муну аныктай турган да аппараттар бар. Мисалы, бирдей көрбөсө балада кош элес пайда болот. Андыктан көздү текшерүү жөн гана тамгаларды окутуп коюу менен чектелбейт.

– Линза кайсы учурда берилет?

– Жаш балдарда минус болгондо жардам берет. Көз айнек колдоно албаганда же колдонгусу келбегенде линза сунуш кылабыз. Көп учурда сууда сүзгөн, спорт менен машыккан балдар колдонуп жүрүшөт. Линзанын түрү өтө көп. Балдар үчүн ортокератологиялык линза колдонулат. Бул линзаны түнкүсүн тагынып жатышат да, ал түнү бою көздүн сыртындагы айнек челдин формасын өзгөртөт. Мунун аркасы менен минустар жоюлуп, бир күн аралыгына чейин кадикидей көрүүгө жардам берет. Ортокератологиялык линза минустарды токтото турган артыкчылыкка ээ экени далилденген. Минустарды токтотууда, көздү ошол калыбында кармап турууда жардамы чоң.

– Баланын тамактануусу көздүн көрүүсүнө таасир этеби?

– Түздөн-түз таасирин тийгизет. Витаминдердин жана микроэлементтердин жетишсиздигинен көздүн өрчүүсү нормадагыдай жүрбөй калуусу мүмкүн.

Ата-энелерге кандай кеңеш бересиз?

– Колдон келсе гаджеттерден чектөө керек. Компьютерди ченеми жок колдонуу бир гана көзгө эмес, баланын психологиялык-эмоциялык абалына да таасирин тийгизет. Экинчиден, баланы маал-маалы менен көз доктурга көрсөтүп турган оң. Бул жагынан чет мамлекеттердин системасы жакшы иштейт. Ал жакта бала төрөлгөндө, 1 жана 3 жашында, мектепке барарда милдеттүү түрдө адистин текшерүүсүнөн өткөрүп турушат. Бизде адистердин аздыгы, элдин социалдык абалы буга жол бербей атат. Ошентсе да 3 жашына чейин баланы сөзсүз текшерүүдөн өткөргөн оң.