Жанар Шаматова: «Диплому жок, бирок тажрыйбасы барлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачылды»
29 май

Жанар Шаматова: «Диплому жок, бирок тажрыйбасы барлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачылды»

Кыргызстанда диплом эмес, реалдуу көндүм жана иш билгичтик бааланган жаңы доор башталууда. Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жарандардын кесиптик жөндөмүн баалап, мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берүү аркылуу эмгек рыногунда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Борбордун жетекчиси Жанар Шаматова менен болгон маекте квалификацияны тастыктоонун мааниси, жаңы система кандай иштеп жатканы жана анын жарандарга берген мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылдык.

– Жанар Абдырахмановна, Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору качан жана кандай максатта түзүлгөн?

– Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу мекеме катары 2023-жылдын 28-августунда Министрлер кабинетинин №431 токтомуна ылайык негизделген. Борбордун негизги максаты – жарандардын компетенцияларын жана квалификацияларын баалоо жана тастыктоо. Башкача айтканда, адам кайсы бир кесипти кандай шартта өздөштүргөнүнө карабастан, анын билим-билгичтиги жана көндүмдөрү атайын баалоодон өткөрүлүп, расмий документ менен ырасталат. Бул система жарандардын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, алардын ички жана тышкы эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

– Борбордун алгачкы жыйынтыктары кандай болду?

– Кыска убакыттын ичинде жакшы жыйынтыктарга жетиштик. Эки жыл аралыгында бардык уюштуруу иштерин жүргүзүп, юридикалык каттоодон өтүп, документтерди толук иретке келтирдик. Министрликтин колдоосу жана эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы чоң болду. Айрыкча Азия өнүктүрүү банкынын “Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору техникалык базабызды чыңдоого олуттуу салым кошту. Бүгүнкү күндө ашпозчулар, тигүүчүлөр, автослесарлар жана ширетүүчүлөр үчүн заманбап лабораториялар иштеп жатат. Ширетүүчүлөр үчүн 3D/4D форматындагы виртуалдык окутуу жана текшерүү мүмкүнчүлүгү бар LED экран орнотулду. Мындан тышкары, баалоо процессин толук системалаштырдык. Атайын колдонмолорду иштеп чыгып, ашпозчулар жана шыбакчылар жана башка кесиптер үчүн профессионалдык стандарттарды түздүк. Жалпысынан 400дөн ашык баалоо куралдары даярдалды. Башкача айтканда, талапкер борборго кайрылган учурдан тартып сертификат алганга чейинки бардык этаптар  жолго коюлду.

– Учурда канча кесип боюнча сертификат берилет?

– Учурда Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору 28 жумушчу кесип боюнча иш алып барып жатат. Алдыдагы мезгилде бул кесиптердин саны дагы көбөйөт. Анткени ар бир кесип боюнча баалоо жүргүзүү үчүн тиешелүү профессионалдык стандарттар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан бекитилип, атайын реестрден өткөрүлөт.

Борбордун ишмердүүлүгүн туруктуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен тыгыз кызматташтык жолго коюлган. Мындан тышкары, башталгыч жана орто кесиптик окуу жайлардын базасында 8 тажрыйба борбору ачылды. Учурда мындай борборлорду түштүк аймактарда жана өлкөнүн башка региондорунда ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Себеби баалоо аянтчалары аймактарда кеңири уюштурулса, материалдык-техникалык база чыңдалып, борбордун талаптарына жооп берген шарттар түзүлөт. Эң негизгиси – кызмат көрсөтүүлөр өлкөнүн бардык аймактарындагы жарандар үчүн жеткиликтүү болуп, баалоонун сапатын жогорулатууга кеңири мүмкүнчүлүк ачылат.

– Сертификат мамлекетке жана жарандарга кандай пайда алып келет?

– Биринчиден, бул көмүскө экономиканы азайтууга чоң салым кошот. Экинчиден, ишсиз жарандарга, мигранттарга жана кесибин өзгөрткүсү келгендерге чоң мүмкүнчүлүк ачат. Адам өзүнүн билгенин далилдеп, расмий документке ээ болот. Бул жумушка орношууга, айлыкты жогорулатууга жана социалдык кепилдиктерди алууга жол ачат. Кыскасы, биздин борбор жакырчылыкты азайтууга салым кошуп, коррупция жана бюрократияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууда.

– Айтканыңызга ынаналы,  Кыргызстандын сертификаттары чет өлкөлөрдө таанылабы?

– Биздин сертификаттар мамлекеттик үлгүдөгү документ болуп эсептелет жана улуттук квалификациялык рамкага негизделет. Ошондуктан Россияда, Казакстанда жана Европа өлкөлөрүндө таанылып жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 1000ден ашык жаран өз квалификациясын тастыктады. Биздин анализ көрсөткөндөй, алардын дээрлик бардыгы жумуш менен камсыз болушкан. Кубанычтуусу  Борбор Азиядагы айрым мамлекеттер биздин тажрыйбаны үйрөнүп, колдонуп жатышат.

– Ошондо бүгүн диплом эмес, жөндөм чечүүчү роль ойноп жатабы?

– Бул  заман талабы. Билсең  далилде. Иштей алсаң  убакыт коротуп окубай эле, билгениңди тастыктап документ ал. Азыр көп адамдар ишти мыкты билишет, бирок документи жок. Биз дал ошолорго мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз. Эң негизгиси  2 саатта баалоодон өтүп, 3 күндө сертификат алууга болот.

– Баалоо канчалык деңгээлде ачык өтөт?

– Бизде принцип жөнөкөй. Билсең өтөсүң, билбесең каласың. Бул айдоочулук күбөлүк алгандай эле процесс. Теорияны жана практиканы билсең  сертификат аласың. Баалоо процессине иш берүүчүлөр да катышат. Экзаменди ошол тармактын адистери алышат. Эң негизгиси ар бир жаран жеке келип, баалоодон өтө алат.

– Бир адам бир нече кесип боюнча сертификат ала алабы?

– Албетте. Эгер адам бир нече кесипти билсе, алардын ар бири боюнча көндүмдөрүн  тастыктап, тиешелүү сертификат ала алат. Айрымдар төрт-беш кесиптин ээси болуп жатышат.

– Борборго көбүнчө кимдер кайрылат? 

– Бизге чет өлкөгө кетип жаткан жарандар, жумушсуздар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, кесибин өзгөрткүсү келгендер жана бизнес баштоону каалагандар кайрылышат. Ошондой эле разрядын жана квалификациясын жогорулатууну каалагандар, ар кандай себептерден улам окуусун таштап койгондор да кайрылышат. Ошондой эле  Кумтөр, Жерүй сыяктуу ири ишканаларда иштөөнү каалагандар жана ресторандардын ашпозчулары да көп кайрылышат.

– Борборду аяктагандардын көбү чет өлкөгө кетишеби?

– Жок. Сертификат алган миңге жакын адамдын 200гө жакыны гана чет өлкөгө кеткен. Калгандары Кыргызстанда эле эмгектенип жатышат.

– Аймактардагы сапарлар кандай таасир калтырды?

– Аймактарга барганда элдин аракетчилдиги өзгөчө таасир калтырды. Нарынга барганыбызда жөнөкөй, бирок өтө аракетчил адамдарды көрдүк. Ветеринария боюнча беш жыл окугандардан кем эмес билген жарандар бар экенине күбө болдук. Ал тургай Алайдан ата-бала келип, “документ алышыбыз керек” деп баалоо жараянына  катышышты. Ошко барганыбызда дагы 60–70 жаштагы улгайган апалар мамлекеттен колдоо алуу үчүн тигүүчүлүк боюнча баалоо жараянына катышканына күбө болдум.  Ошондо бул иштин канчалык маанилүү экенин дагы терең түшүндүм. Бул жөн эле кагаз эмес – адамдардын жашоосун өзгөрткөн мүмкүнчүлүк экенине  ынандым.

– Социалдык колдоо багытында кандай иштер жүрүп жатат?

– Бул багытка өзгөчө көңүл бурабыз. Мисалы, мүмкүнчүлүгү чектелген 300дөн ашык жаранга тикмечи жана ширетүүчү кесиптери боюнча сертификат тапшырдык. Алардын кубанычын сөз менен жеткирүү кыйын. Бул биздин ишибиздин эң чоң жыйынтыгы деп эсептейм.

– Сертификаттын пайдасын көргөндөр барбы?

– Албетте, мындай мисалдар абдан көп. Бир мисал келтирейин. Москвада көп жылдан бери газосварщик болуп иштеген жигит келип, сертификат алып кеткен. Бир жуманын ичинде кайра байланышып «эже, силердин борбор чоң жардам берди. Мурда бийиктикте иштеп, дайыма коркуп жүрчүмүн. Азыр документимдин негизинде коопсуз шартта иштеп жатам, айлыгым да көбөйдү», – деп айтты.Чынында, мындай сөздөр бизге чоң дем берет.