Айдана Иманалиева, КР Президентинин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары: «Кенже кызматтан баштап чоң кызматка көтөрүлдүм»
«Жаш келсе ишке» деп кыргызда бекеринен айтылбаса керек. Лидер айымдардын катарын толуктаган, билимдүү жаш кадр Айдана Керимбековна Нарын облусунун башчысынын орун басары болуп эмгектенип келсе, жакында эле Ысык-Көл облусунун башчысынын орун басары болуп дайындалды. Айдана айым жаш болсо да ишке такшалып, көп нерсеге көзү жетиктиги менен айырмаланып келет. Өз маегинде да мына буларга токтолду.
– Айдана Керимбековна, айтсаңыз, жети дубандын жетекчилерине баам салып көрсөк, сиз эң жашы экенсиз. Мындай ийгиликке кантип жеттиңиз?
– Негизи мага эң көп берилген суроолордун бири ушул болот. Коомчулук жаш дегени менен мен деле 37ге келдим. Балдар чоңоюп жакында кайнене болчу учурда турам дегендей. Анын үстүнө бул мамлекеттик жетекчилик кызматка дароо эле келип отуруп калган жокмун. Бир топ кенже кызматтарда иштеп тажрыйба топтоп келдим десем болот.
– Буга чейин кандай тепкичтерди басып өттүңүз?
– Өзүм кесибим боюнча юристмин. Борбордо №49, №83 мектептерди окуп бүтүргөндөн кийин Юридикалык академияга тапшырып ийгиликтүү аяктадым. Эң алгач жактоочунун жардамчысы болуп ишимди баштап, «Адамдардын укугун коргоо» жагын өздөштүрүп лицензия алгам. Учурда мамлекеттик кызматта болгонума байланыштуу лицензиям токтотулган. Ошентип ал жакта иштеп жүргөнүмдө жалпак тил менен айтканда «Президенттин автогаражы мекемеси» деген бар, сунуш түшүп калып ошол жакка юрист болуп иштеп калдым. Анда мен 24 жашта болчумун. Үч жылдан соң Президенттин иш башкармалыгына жөнөкөй адис, анан башкы адис деген штат бирдиктеринде иштеп, майдадан чоң этаптарга чейин көтөрүлдүм. Ошол жерден тарбияландым. Кийин Президенттин администрациясында эксперт, анан контролдоо бөлүмү, айтор, бул ишеним артылган кызматтар менин тажрыйба топтошума абдан чоң мүмкүнчүлүк берди.
– Демек, ишиңиздеги жөндөмүңүзгө жараша ишеним артылган турбайбы?
– Мурда Президенттин жана өкмөттүн аппараты болуп эки аппарат иш алып барчу эле. Садыр Нургожоевич келгенде бириктирип, төрт башкармалык иштей баштады. Биринчи башкармалык чечим чыгарат, экинчиси юридикалык жагын карап, үчүнчүсү ишке ашышын көзөмөлдөөчү башкармалык болду. Президенттин жарлыгы министрликке түшүп, андан ары райондук, айылдарга чейин аткарылышы кандай болуп жатат көзөмөлдөп, элибиздин жакшы жашоосуна кайсы мыйзам, токтом, жарлыктар керек экенин анализдеп иш алып барып жүргөн кезибизде «жеринен эл менен иштеп келгиле» деген сунуш түшүп, мени Панфилов районуна акимдин орун басарлыгына жиберишкен.
– Кагаз менен иштөөнүн жана эл менен иштөөнүн айырмасы бар бекен?
– Туура. Президенттин аппараты кагаз менен, Панфилов району эл менен иштегенге үйрөттү. Ал үчүн Чүй элине абдан ыраазымын. Буга чейин кагаздагы мыйзам, токтомдор менен иштеп келсек орун басар болгондо ошол иш кагаздар карапайым эл үчүн пайдасы, ал чечимдерди эмнеге кабыл алынганын элге жеткирүү бир аз оорураак болду. Бир жылга чукулдап калган кезде Нарын облусуна Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлыгын сунуштап, буйрук экен, Нарынга келип калдым. Сунуш түшкөндө эле үй-бүлөм менен кеңештим. Ошентип, жакындарымдын колдоосу менен Теңир-Тоого келип калдым.
– Шарты катаал Теңир-Тоого бат эле көнүп кеттиңизби?
– Нарынга которулуп жатканда бир аз тынчсыздандым. Мурда текшерүүгө эки жолу келип кеткеним болбосо дээрлик жашаган эмесмин. Бирок келгениме өкүнбөйм. Жаңы замандаштарымды, досторду, туугандарды таптым. Колубуздан келишинче күн-түн дебей иштеп бердик. Жери, жаратылышы керемет, абасы таза. Эртең менен ойгонсоң курортто жаткандай сезим менен ойгоносуң. Жашоо тынч, береке бар. Ал эми эли карапайым, бирок ким болбосун маселесин бетке айткан жактарын байкадым. Келечекте Нарын жергебиз туристтер агылып келчү сонун жерге айланарына ишенем. Өткөндө Президентибиз Садыр Нургожоевич катышкан Нооруз майрамын белгиледик. Нарын элинин сыпайы, меймандос калк экенине дагы бир ирет суктандым. Он беш миңге чукул эл келди. Сүмөлөк, беш бармак талашып кызыл чеке болгон элди көргөн жокпуз. Ал турсун таштандылар да бейчеки ташталбаптыр.
– Иш которуп кеткениңизге эмне себеп болду?
– Биз мамлекеттик кызматкерлер солдат сыяктуубуз. Жетекчилик ишеним артып кайсыл жакка жиберсе, ошол жакка барып иштешибиз керек болот. Эң башкысы – кайда болбойлу ак, таза, эл үчүн эмгек кылып мамлекетибиздин өсүшүнө салым кошсок болду. Жогору жактын сунушу менен минтип Ысык-Көлгө которулдум. Мен иштеп кеткен Панфилов районун жана Нарын облусубузду жүрөгүмө абдан жакын кабыл алдым. Мындан ары да жакшы жаңылыктарына кубанып, жакшы жетишкендиктерин көрсөм деген тилектемин.
– Ишиңиздин артынан оор кырдаалга кабылган учурларыңыз болду беле?
– Андайлар көп эле болот. Наристелерге байланышкан маселелерге өзгөчө карайм. Бала мен үчүн коомдун өзгөчө аярлуу катмары деп эсептейм. Алар эч нерсеге муктаж болбой чоңойсо деген тилектемин. Бир жолу ден соолугунан жапа чеккен аярлуу катмарлардын жашоо-шартын жеринен көрүп кыдырып барып калдык. Шарты жок батирде ДЦП баланы апасы карап багып чоңойтуп жатыптыр. 24 саат бою уйку көрбөй ошол наристесин караган эненин чарчаңкы көздөрүн көрүп ушунчалык аядым. Күнүгө жалаягына да каражат табалбай каларын айтканда чөнтөгүмдөгү бар тыйынымды берип, ал эненин чексиз мээримине ыраазы болуп, кетип жатканда көз жаш менен кеткен элем.
– Социалдык багыт менен иштегенде мындай жагдайлар көп болот эмеспи. Жүрөккө кабыл алып кыйналган учур көп эле болот экен да…
– Ооба, социалдык тармакты жетектеп жаткандан кийин калктын эң аярлуу катмары менен иш алып барам да. Панфилов районунда балдар үйүнө барып калдык. Жакында эле ата-энесинен ажырап Токтогулдан беш бир тууган келген экен. Эң кенжесин «Дом малюткага» жиберишиптир. Ошол жердеги төрт бир туугандын кичирээги 4-5 жаштардагы кыз экен. Кирип барганымда көзүн жалдыратып мээрим издеп, ата-энесин сагынып, кусалык жүзүнө толуп турган ошол кичинекей кыз көзүмө учурады. Колумду кармап алып кетиргиси келбейт. Энелик мээримим ойгондубу, айтор, ошол кызды асырап алып кетким келди. Бирок бала асырап алуунун жол-жобосу болгон үчүн өзүмө алып кете албайт элем. Ушундай окуялар болуп турат. Ар бир кыйналып келген эне, балдарды көргөнүмдө кантип жардам берсем деп ашыкча боорум ооруп, оюмдан кетпей алар ошол оор кырдаалдан чыгып кеткенге чейин ойлоно бермейим бар.
– Аялзаты үчүн жер которуп иштөө оор эмеспи? Үй-бүлөңүз кандай карайт?
– Үй-бүлөм, ата-энем колдогон үчүн иштеп жүрөм десем жаңылышпайм. Жолдошум да мамлекеттик кызматкер болгон үчүн уруксат берип, колдоп турат. Балдарыбыздын улуусу 18, андан кийинкиси 16 жашта. Өз алдынча жашоого көнүп чоңоюп калышты. Апамдын бир тууган иниси бар эле. Кайтыш болуп кеткенден кийин кичинекей кызы биздин колдо чоңоюп, бир боорум болуп бирге өстүк. Ал да учурда көмөктөшүп балдарыма каралашып жатат. Баарынан да эң кичинекей беш жаштагы уулум экөөбүзгө кыйын болууда. Сагынат, ар бир жумада ишимди аяктап үйгө келишимди чыдамсыздык менен күтөт. Ишимдин көптүгөнөн бала бакчадагы иш чараларына барбай калам. «Баланчанын апасы келди. Сиз келген жоксуз» деп даттанып көзүнө жаш айланып таарынып калат. Эс алуу күндөрү үйгө келип кайра кетип жатканымда: «Эми качан келесиз? Качан ишиңиз бүтөт?» деп жүрөктү оорутуп жатып узатат. Жер которуп иштеген оор эмес, бирок балдарыңдан бир аз алыстап, жетиштүү мээрим бере албай калдымбы деп ойлоно бересиң.
– Өзүңүз андай бүлөдө, кандай тарбия алып чоңойгонсуз?
– Жердигим Токтогулдан болгону менен союз кулаган кездерде ата-энем борборго келип отурукташып калган экен. Ошентип шаарда чоңоюп өстүк. Азыркы жетишкендигим баары атам менен апамдын эмгеги, мээнети десем жаңылышпайм. Ата-энемдин бир кыз бир уулу барбыз. Иним да мамлекеттик кызматта, үй бүлөлүү очор-бачар төрт баланын атасы.. Атам менен апам кичинекей киреше булак ачып ошо менен алектенишет. Кээде, «Көп бир тууганым болгондо» деп армандап кетем. Бирок кичинебизде иним экөөбүз ойноп жатып урушуп калганыбызда, «Экөөң он балага татыйсың» деп апам айтып калчу эле. Жашоом жакшы баарына шүгүр, бир эле арманым көп бир туугандуу болсом болмок деп калам.
