Меккеге жөө бараткан Абдурауф: “Меккеге сентябрь айында жетип барышым керек”
Ош шаарынын 20 жаштагы тургуну жүздөгөн эмес, миңдеген чакырымдарды артка калтырып, ыйык Мекке шаарына жөө сапар тартып баратат. Учурда сапардын 125-күнүн өткөрүп жаткан саякатчы ар кандай сыноолорду башынан өткөрсө да, бир да жолу артка кайтууну ойлобогонун айтат.
– Өзүңдү окурмандарга тааныштырып өтсөң. Жашын канчада? Кай жактан болосуң?
– Менин аты-жөнүм Кадыров Абдурауф. Улутум өзбек, өзүм Ош шаарынан болом.
– Болгону 20 жашта экенсиң, ушул жашыңда Меккеге жөө баруу идеясы кантип жаралды?
– Ниеттен келип чыкты баары. Пайгамбарыбыз Меккеден Мединага жөө барган экен, пайгамдарыбыз кылгандын баарын кыла албасак да ал алган сооптордун кичинекей бөлүгүн болсо да алып калуу үчүн Кудай буюрса жөө бара жатабыз.
– Бул чечимиңе жакындарың каршы болбодубу?
– Жок, эч ким каршы болгон жок. Ата-энем дубасын берип, эжелерим колдошуп узатышты. Алардын ыраазычылыгын алгандан кийин 10-15 күн даярданып, быссымылда деп жолго чыктым.
– Эмне үчүн учак менен эмес, жөө барууну тандадың? Мындагы эң негизги максатың эмне?
– Учак менен барсам деле болот эле. Бирок менин негизги максатым көбүрөөк сооп алуу болгондуктан жөө барууну тандадым. Башынан аягына чейин жөө барышым керек деген деле принцибим жок, жолду кыскартып машина менен ала кетем деген жолдогу айдоочулардын сунушунан баш тартпайм. Бүгүн жолго чыкканымдын 115-күнү. Учурда Казакстандын Актау шаарындамын. Ушул жерден 400 км жолду кеме менен басып өтүү планым бар.
– Азыр күнүнө орточо канча километр басып жатасың? Учурда кайсы жерге жеттиң?
– Күнүнө 60-70 километр жолду арбытып жатам. Азыр Батыш Казакстанда кетип бара жатам. Буюрса, жакында Азербайжанга өтөм. Негизи Астрахань аркылуу Россияга кирүү планым бар эле, эки күн жол жүрсөм кирип бармакмын. Бирок Россияда жардыруулар болуп жаткандыгына байланыштуу киргизбешин билдим. Айла жок, жолумдан кайтып багытымды өзгөртүүгө туура келди. Түнү көп баспай уктап, күндүзү гана жүргөн үчүн шашпай баратам. Али алдыда узак жолдор бар. Кудай буюрса, өзүмдүн планым боюнча Меккеге сентябрда, кеч дегенде октябрь айында жетишим керек.
– Негизи сага жолду ким көрөттү? Ушул жол менен барсаң болот деп кеңеш берген адам болдубу?
– Жок, мен эч кимден кеңеш сураган жокмун. Гуугл картадан сурап алгач машина менен баруучу жолду көрдүм. Анан ошол эле жолду жөө басууга ылайыкташтырып кыскартып, талаа-түз, чөлдөр менен баратам.
– Өзүң жалгыз болсоң мындай жолдор менен жүрүү коркунучтуу эмеспи?
– Жок, мен эмнегедир эч нерседен корккон жокмун. Менин ишенгеним – Кудай анан ата-энемдин батасы. Арабамда бычак, электрошокер сыяктуу керектүү куралдарым бар. Жырткычтар кол салса өзүмдү коргой алам. Чөлдөн бир жолу түлкү көрдүм, эки жолу чаян көрдүм. Кудайга шүгүр, андан башка эч кандай коркунучтуу жагдайлар деле жаралган жок.
– Арабаңды өзүң жасадыңбы? Ичинде кандай керектүү буюмдарың бар?
– Арабаны бир агам жасап берген. Үстүн жаап, ичин кенен кылып уктай тургандай кылып жасаган. Түндө жүргөнгө ылайыкталган лампалар, сигнализация орнотулган. Ичинде эң негизги эле нерсе – запастагы дөңгөлөктөр бар. Андан тышкары кийим-кече, жеке буюмдарым бар. Көп нерсе да сала албайм, анткени ансыз деле салмагы 270 кг.
– Сапардын эң оор жери эмнеде болуп жатат? Кандай сыноолорго туш болдуң?
– Эң оор жери – чөлдө жүрүү болуп жатат. Чөлгө жакындаганда катуу даярданам. Суудан, тамак-аштан көбүрөөк алам. Ал да жетпей калып 3-4 күнгө чейин тамаксыз жүргөн күндөрүм болду. Ушул учурда гана бир аз кыйналбасам, Кудайдын кудурети менен жолум ачылып, баары жеңил болуп атат. Айтмакчы, Шымкентте тентек балдарга туш келдим. Бирөө келип кайда кетип жатканымды сурады. “Меккеге да жөө бармак беле?” деп жаман сөздөр менен сөгүп, энеме чейин асылды да кетип калды. Кудайга коюп мен да андан ары жолумду улагам, 2-3 саат өткөндөн кийин кетип баратсам артымдан эки машина келип, андан түшкөн балдар “сен биздин агабызга сөз кайтарыпсың” деп сабап, чөнтөгүмдө 800 доллар акчам бар эле, аны алып кетип калышты.
– Ушундай тоскоолдуктардан улам же чарчаганыңда артка кайткың келген учурлар болгон жокпу?
– Жок, бир да мүнөт андай ойго келбедим. Анткени мен өзүмө үйдөн бекем максат коюп чыккам, ниетим түз болгон үчүн алдыга карай гана жүрүп отурам. Бир аз кыйынчылыкка туш болгонумда телефонумдан ата-энемдин сүрөтүн карайм. Алар мага дем-күч берет. Эгер мен максатыма жетпей артка кайта турган болсом, менден мурун алар тууган-уруктун, дос-душмандын алдында баштарын көтөрө албай калышат. Анын үстүнө мени учурда бүт Орто Азиядагы мусулман калкы таанып, колдоп аткандан кийин артка кайтууга акым жок.
– Ден соолугуңа кандай кам көрүп атасың?
– Ден соолук Кудайга шүгүр, жайында. Бирок өткөндө бөйрөктөрүм ооруп Казакстандын ооруканасына үч күн жатып чыктым. Андан кийин да бир аз ооруду эле, дарыларымды ичип алсам жакшы болуп калды. Кээде буттарым чарчап такыр баспай калат, андай учурда дароо токтоп эс алышым керек. Башында колдорум кабарып, ооруп жүрдү эле, азыр биротоло пресс болуп көнүп деле калды.
– Чек ара маселелери кандай болуп атат? Документериңдин баары жайындабы?
– Кудайга шүгүр, документтеримдин баары жайында. Менин кире турган өлкөлөрүм: Азыр Казакстандан Азербайжанга өтөм, андан Түркияга, Түркиядан – Сирияга, Сириядан – Иранга, Ирандан – Кувейтке, андан ары Кудай буюрса Сауд Аравиясына. Бул өлкөлөрдүн баарына визам бар. Бир гана Сауд Аравиясына жасаткан жокмун. Аны жеткенде ошол жерден тез убакыт ичинде жасоо кызматтары бар экен.
– Көп тилдерде сүйлөйт экенсиң. Бул жолдо жүрүүдө кандай жардам берип жатат?
– Ооба, менин улутум өзбек, бирок Кыргызстанда жашаган соң кыргыз тилин да билүүгө милдеттүүмүн. Ал эми мен окуган жеке менчик англис тилине басым жасалган орус тилдүү болчу. Кичинемден спорттун ММА түрү менен машыгып сборлордо Казакстанда көп жүрүп калгам, казак тилин ошондо үйрөнгөм. Булардан сырткары кытай тилин да билем. Көп тил билгенимдин албетте, пайдасы көп. Азыр деле алдымдан чыккан адам кайсы тилди түшүнсө, ошол тилде сүйлөп кете берем. Менин билим алып тил билишиме, спортту сүйүп чоңоюшума атамдын салымы чоң. Бардык эмгек аныкы десем да болот, бул үчүн атама абдан ыраазымын.
– Бул сапарың тууралуу китеп жазып же фильм тартуу планың барбы?
– Ооба, экөөнү тең кылгым келет. Айрыча өзүм тууралуу фильм тартууну кыялданам. Ал фильмдин өзөгүн албетте, мына ушул сапарым түзөт.
– “Бейиш эненин таманында” фильмин көргөн белең? Ошого катуу таасирленип алган жок белен?
– Фильмди көргөм, абдан жаккан. Бирок аа таасирленип алып эле жолго чыгып кетти деген туура эмес. Фильм деле жашоодон алынган да. Мен баарын талдап, жөө барууга мүмкүн экенине көзүм жеткенде гана бул кадамга бардым. Буюрса, Кудай жолумду ачып максатыма жетем деген үмүтүм бар. Ал эми окурмандардан мага дуба гана керек. Каабага жетип алсам, ата-энеме, досторума, кыргыз элине, жалпы мусулман калкына мен дуба кылам. Ошол күндөргө Кудай жеткирсин!
