Легендарлуу Еркеш Шакеев: “Нелюбимая” классикага айланды, бирок негизги музыкам алдыда”
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери, элдик дипломатиянын эл аралык шериктештигинин вице-президенти, Ч.Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти Ассоль Молдокматованын «Дүйнө лидерлери» автордук рубрикасы
«Дүйнө лидерлери» автордук рубрикамдын бул жолку коногу – казак элинин легендарлуу композитору, акын, ырчы-аткаруучу, чыгармалары музыка тарыхынын бир бөлүгүнө айланып, миллиондогон угармандардын жүрөгүн козгогон инсан. Анын ырларын мыкты аткаруучулар ырдашкан, ал эми “Сүйүктүү эмес” (“Нелюбимая”) аттуу чыгармасы чыныгы классикага айланган. Эстрада ыр жанрында чоң ийгиликке жетишкенден кийин күтүүсүз жана абдан эрктүү чечим кабыл алды – бул жолду таштап, өзүн толугу менен академиялык жана неоклассикалык музыканы жаратууга арнады. Бүгүнкү күндө анын чыгармаларын көрүнүктүү британиялык оркестрлер жана дүйнөгө белгилүү музыканттар аткарышат, алар престиждүү эл аралык фестивалдарда жаңырып, дүйнө жүзү боюнча угармандарга жайылтылууда.
Чоң ысымдын артында ар дайым инсан турат. Жаңыдан баштоого, жаңы маанилерди издөөгө, жетишилген ийгиликтен баш тартууга туура келгенде да өзүнө жана ички үнүнө бекем бойдон калуудан коркпогон адам. Бүгүн биз музыка жөнүндө гана эмес, тандоо, чыгармачылыктын баасы, сыноолор, шыктандыруу, эс-тутум, сүйүү жана адам бир күнү өзүн табуу үчүн баскан жол жөнүндө сүйлөшөбүз.
– Урматтуу Еркеш, чынында легендарлуу композиторсуз. Бүгүн сиз менен ачык сүйлөшкүм келип жатат. Айтыңызчы, эгер жашооңуздун тарыхын бир ыр менен баяндаш керек болсо, кайсы чыгарманы тандамаксыз жана эмне үчүн?
– Рахмат, Ассоль. Биринчиден, 2014-жылдан бери ырчылар үчүн ыр жазбай, убактымды толугу менен аспаптык музыканы, тактап айтканда, академиялык сахнанын музыканттары менен бирге жаздырган партитураларды жаратууга арнадым. Ошондуктан, бүгүнкү күндө мага жөн гана "ыр" деген түшүнүктөн көрө "музыкалык чыгарма" деген түшүнүк жакыныраак. Эгерде ыр жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда, албетте, менин чыгармачылык өмүр баянымдагы эң көрүнүктүүсү "Сүйүктүү эмес" ("Нелюбимая") аттуу A'Studio тобунун аткаруусундагы ыр болду. Так ушул ыр угуучулардын эң чоң колдоосуна ээ болуп, чыгармачылыгымдын өзүнчө визиттик карточкасына айланды. Ал эми ички дүйнөмдү жана жашоо жолумду эң так чагылдырган чыгармалар жөнүндө сөз кыла турган болсом, "Жашоо жел канаттары" ("Паруса жизни") жана "Куштар" ("Птицы") чыгармаларын атайт элем. Тилекке каршы, алар кеңири белгилүү болгон жок, бирок мен үчүн алар абдан жеке жана маанилүү. Аларды менин Facebook баракчамдан тапсаңыздар болот.
Акыркы жылдары мен London Symphony Orchestra, Royal Philharmonic Orchestra, London Voices, London Metropolitan Orchestra сыяктуу көрүнүктүү топтор жана башка музыканттар менен жазылган көптөгөн чыгармаларды жараттым. Менимче, алардын доору азырынча алдыда. Азырынча чыгармачылыгымдын бул бөлүгү анча белгилүү боло элек, анткени чыгармаларым аты-жөнүмдүн англисче жазылышы менен жарыяланат, ал адаттагы латын транслитерациясынан айырмаланат. Бирок кээ бир композициялар өз жашоосуна ээ боло баштады. Алар Radio Klassik Austria каналында жаңырды, "Zingarella" жана "My Princess" чыгармаларым менен Англиядагы Эл аралык композиторлор фестивалы ачылып-жабылды. Бирок эгерде менин жашоо тарыхымды эң так чагылдырган бир чыгарманы тандап алсам, анда бул, албетте, дүйнөгө белгилүү пианист Максим Мрвицанын аткаруусундагы "Remember Me" болот. Мен үчүн бул музыка жөн гана композиция эмес, эс-тутумдун, өткөн жолдун, сүйүүнүн, жоготуулардын, үмүттүн жана ишенимдин чагылдырылышы. Дал ушул чыгарманы мен өзүмдүн музыкалык автопортретим деп атаар элем.
Раймонд Паулс менен
– Музыканы жөн гана хобби эмес, тагдырыңыз катары кабыл ала баштаган учур эсиңиздеби?
– Мектепте окуп жүргөндө көркөм чыгармачылыкка катышчумун. Студент кезимде бир музыкалык топто ойногом. Москвадагы студенттик фестивалдарга катышып, Тартудагы (Эстония) эл аралык фестивалда болгом, "Маяк" Бүткүл союздук радиосунда, ал тургай Россия концерт залына да чыкканбыз. Бирок бул кесипти кесипкөйлүк менен алектенүү сунушу болгондо, дароо эле "мен сыяктуу миңдегендер бар, бул меники эмес" деп баш тартчумун. Бирок жашоо мени ушул жолго салды, канча аракет кылсам да, бул кесипке кайтып эле келе бердим.
– Жолдун башталышында эмне болгон?
– Башында бул жашоо үчүн күрөш жолу эле, анда мен ар дайым ар кандай музыкалык жана поэтикалык идеяларды ишке ашыра алчумун. Акырындык бул жөндөм ишенимдүү чеберчиликке айланды, бирок эң башкысы, абдан көп обондорду жана тексттерди жазып, акырында жашоомду чыгармачылыксыз элестете албай калдым. Эстрадалык жанрдагы артисттер менен кызматташууну Шарль Азнавур менен жолуккандан кийин биротоло токтотком. Анын "жүрөгүң менен гана жаз" деген сөзүнөн кийин, бул чөйрөнү таштап, өмүр бою мага келип турган обондор менен кыялымды ишке ашырууга кириштим.
– Сиздин тагдырыңызда жашоону «андан мурда» жана «кийин» деп бөлгөн окуя барбы?
– Философиялык жактан жооп берсем, албетте, төрөлгөнгө чейинки жана өлгөндөн кийинки мезгил. Бул ой жүгүртүү үчүн өтө олуттуу себеп. Бирок сиз улуу уулум Сафарды жоготконго чейинки жана кийинки жашоом жөнүндө абайлап сурадыңыз окшойт.
– Сиздин жашооңуздагы кайсы оору ушул күнгө чейин ичиңизде жашап, кээде музыкага айланып кетет?
– Ооба, бул оору ар дайым мени менен. Балким, мага дагы да көбүрөөк жаңы обондорду жана тексттерди жаратууга ушул нерсе түрткү берүүдө
– Ийгиликке жана атактуулукка жетүү жолунда кайтарууга мүмкүн болбогон жоготуу болдубу?
– Мен эч нерсе жоготкон жокмун, тескерисинче, ички күч жана бүтүндүк, жашоого келгендеги милдетимди аткарууга болгон ишенимди гана таптым.
– Тагдыр сизге адилетсиз мамиле кылды деп ойлогон учурлар болду беле?
– Ички дүйнөм жетиле элек кезде ооба, болгон.
– Кандай ооручулук сизге эң чоң устат болуп берди?
— Жоготуунун азабы гана эмес, кубаныч, ыраазычылык жана кеңири маанидеги сүйүү да устат болуп берди. Жалпысынан алганда, жашоомо жаркын из калтырган, терең таасир берген бардык окуялар. Кайгы менен депрессиянын, жалгыздык менен жалгызсыроонун жана башка ушул сыяктуу нерселердин ортосундагы айырманы түшүнүү, ойдон чыгарылган кооздуктарга эмес, чыныгы сезимдерге ыктоо алгачкы ачылыштарыма айланды.
Кызы Меру менен
– Сиз ондогон сүйүү ырларын жазгансыз. Сиз үчүн бүгүн сүйүү деген эмне: сезим, тандоо, жоопкерчилик, курмандык же белек?
– «Жер үстүндөгү сүйүү – асмандагы дарыя, ал жат жээктерди тандабайт. Ал жан дүйнөлөрүбүздү түбөлүккө бириктириши мүмкүн» - бул менин «Сен жана мен» ырымдан эсимде калган саптар. Сүйүү – бул руханий түшүнүк, ошондуктан аны жөн эле жердеги параметрлерге бөлүүгө такыр болбойт, «Айтылгандын баары жалган» деп коет эмеспи. Албетте, сезим – бул сезим, бирок анын келип чыгыш табиятын жана тажрыйбанын тереңдигин түшүнүү керек. Тандоо жана жоопкерчилик – бул түшүнүктөр материалдык дүйнөдөн алынгандыктан, туура келбейт. Курмандык – жетилбегендикти жана бир аз жасалмалуулукту билдирет. «Белек» деген сөз бир топ ылайыктуу – таза аң-сезимге жана кабыл алууда жана камкордукта эркин болгон, бактылуу жанга белек. Биз муну канчалык көп жолуктурсак, ал биздин жан дүйнөбүздө ошончолук көп болот. Мен суроону башкача коймокмун – өзүн билбей жана баалабай туруп, чындап сүйүүгө болобу?
– Жашооңузда кайсы жолугушуу сизди адам катары өзгөрттү?
– Албетте, жашоомдо кызыктуу, жарык жана руханий адамдар менен жолуктум. Бул жашоодогу ар бир жолугушуу адамдын ичинде из калтырат жана айтылгандардын кээ бирлери өз көз карашыңды так аныктай албасаң, сенин көз карашыңдай чагыла берет. Бирок бул өзүнчө жана узак жооптуу суроо. Кээ бир "кокустан берилген" кеңештерге таянып, Библиядан жана Бхагавад Гитадан баштап Ошого жана Марк Аврелийге чейин ар кандай китептерден өзүмө туура келген билимдерди издедим. Алардын баары аң-сезимиме тактыктын бөлүкчөлөрүн алып келди. Бактылуумун, анткени бала кезимден бери жан дүйнөнүн бар экенин сезип, убакыттын өтүшү менен бул байланышты жоготпоого жетиштим.
– Жашооңуздагы бир күндү кайрадан жашап өтүүгө мүмкүнчүлүк болсо, кайсы күндү тандамаксыз?
– Мурда балким, бул нерсени кааламакмын, бирок азыр эмес. Өткөн нерсе өткөндө, а азыркы бизде. Ар бир өткөргөн күндөрүм өз-өзүнчө сонун, ошол эле учурда дагы деле жердеги эмоциялар менен оорлошот. Ар бир таңда жубайымды көрөм, уулумду кучактап, кыздарыма телефон чалам, дайыма гитарада ойнойм, кээде досторум, жакшы көргөн адамдарым менен жолугам – ушулар мага жетиштүү.
«Бирок өткөн күндөрдү кайра кайтара албайм» - Батырхан ырдаган «Был мой сон» деген ырымда ушундай жөнөкөй сап бар жана ал анда терең маани жатат.
– Ата-энеңиз тагдырыңызда кандай роль ойноду? Сизди өмүр бою коштоп жүргөн сөздөрү барбы?
– Баарыбызда ата-эне бар жана алар – сенин тамырың жана сага өз ишенимдериңдин үрөнүн сепкен жана жашоону үйрөтүүгө аракет кылган адамдар. Атам: «Уулум, адамдарды сүй, таарынтпа, таарынба жана аларга кечирим бер», «Тамакты жана жыргалды достордон жашырба, алар менен бөлүш», - деген сөздөрдү көп айтчу.
– Эгер атаңыз бүгүн жаныңызда болсо, ага биринчи эмне демексиз?
– Уулумду жоготконумду такыр айтпайт болчумун, бирок бир жолу көзү ачык мени транска түшүргөндө атам менен балам чогуу жүргөнүн көргөм. Чындап эле сүйлөшө ала турган болсом, ачык жашаганымды, эч качан эч нерсе уурдабаганымды, досторумдан эч нерсе жашырбаганымды, атамдын осуятын карманып, жакшы иштеримдин баарын аларга арнаганымды айтмакмын.
Легендарлуу Шарль Азнавур менен
– Ыйлап музыка жазган учуруңуз болду беле?
– Балким. Бирок өзүмдүн музыкамды ыйлап уккан учурум болгон.
– Кайсы ырыңызды жазуу сизге эң оор болду жана эмне үчүн?
– Жалпысынан алганда, ырчылар үчүн атайылап тексттерди жазуу мага оор болду, анткени мазмунун жана сөздөрдү композиторлордун музыкалык чиймелерине киргизүүдөн тышкары, аткаруучулардын ички дүйнөсүнө "кирип" жана алардын образдарын өзүм аркылуу өткөрүүгө туура келчү, ал эми бул оңой эмес. Тексттерди жазгандан кийин дайыма ооруп калчумун. Авторлоштордун жана продюсерлердин талаптары чарчатчу. Албетте, бул жакшы натыйжа берчү, бирок азыр жеке толгонууларым жөнүндө сөз кылып жатабыз да. Ошондой эле, чыгармачылык кыйналууларым үй-бүлөмө таасирин тийгизип жатканын түшүнүү да оор болду. Ошондуктан ал ырларды тизмелөөнүн мааниси жок – башкалардын музыкасына текст жазуу процесси дайыма ушундай.
– Музыка жалгыздыктан, оорудан же үмүтсүздүктөн куткаруучу болгон учурлар болду беле?
– Дайыма болот.
– Жаш курагыңыз өйдөлөгөн сайын бакыт деген эмне экенин түшүндүңүз?
– Бактылуулук маселеси чындыгында абдан терең. Аны кыска түшүндүрүү мүмкүн эмес. Бактылуулук – бул көп катмарлуу жана туруктуу абал, кээде жөн гана жакшы маанай, тактап айтканда, эйфорияны пайда кылган нерсенин баары – бул бакыт. Адамдар аны көп учурда так түшүнбөй туруп эле, өздөрүнө жана башкаларга каалашат. Бул кыска мөөнөттүү култтук абал, биз каалаган нерсе, кайсы бир белгисиз келечекте бизди күтүп турган нерсе. Шопенгауэр аны кийинки күч-аракетке же азап-тозокко чейин эс алуу абалы катары белгилеген.
Бакыт – бул абстрактуу каалоо жана түбөлүккө жашоонун кооз бөлүктөрү бойдон калат. Бирок менин көз карашымда биз умтулушубуз керек болгон нерселер бар – ички гармония жана ырахаттануу – бул бактылуулуктун эң бийик жана узакка созулган түрү. А боорукердик, сүйүүнүн эң жогорку түрү. Мен муну өз тажрыйбамдан айтып жатам, анткени бул эки кудуреттүү абалды өз башыман өткөрүп көрдүм, бирок аларды көпкө кармап тура алган жокмун. Чынында, бул жан дүйнөнүн эволюциясынын максаты, бирок ага жетүү бир эле учурда оңой жана татаал, кээде дээрлик мүмкүн эместей сезилет.
Балдарыма "адам бактылуу болушу керек" деген сөздү көп кайталаганым эсимде. А азыр бул сөз абдан эле үстүртөн айтылган нерсе экенин түшүнөм. Ал жашоону кантип өткөрүү керектигин жана кандай багыттарга умтулуу керектигин түшүндүрбөйт. Менин оюмча, балдарга бакытты айтпай эле, жогорку деңгээлдеги аң-сезимдүү болгула деш туура болмок, бул жашоонун максатын жана маанисин табуу багытты так аныктайт.
Ушул жерден "Планета" аттуу ырымдагы саптар эсиме түштү: “Мында жашоо толугу менен эстен чыгат жана бакыт түбөлүккө келет. Баары сага жоопсуз суроолордой сезилет дагы, айланаңдагы дүйнөнү жиреп өтөсүң”.
Джон Ленехан и Александр Бейли менен
– Акыркы жолу качан чындап бактылуу болдуңуз эле?
– Бир жакшы себептен улам акыркы бир айда абдан бактылуу болдум – бул тууралуу бир күнү айтып берем, бирок азыр эмес.
– Чыгармачылыгыңызда көптөгөн назик лирика бар. Ал кайдан жаралат – сүйүүдөнбү же жоготууданбы?
– Эстрада ырларын алсак, анын себептери көбүнчө прозалык – жөн гана ыр жазуу, жок дегенде минималдуу мааниси менен же обон менен тексттин органикалык айкалышына жетишүү. Бирок ошол эле учурда кайсы бир жактан келген толкундардын кызыктай айкалышы дайыма болуп турат. Жогору жактан кандайдыр бир белги келгендей да учурлар болгон. Бул түшүнүксүз, бирок көп жолу болгон. Өзүм үчүн болсо жөн гана жүрөгүм сураганды жазам.
– Жүрөгүңүздө көп жылдан бери сактап жүргөн, бирок жаза албай койгон ырыңыз барбы?
– Жазылбаган нерселердин баары ушундай десем болот. Чынын айтсам, эң мыкты обондорумду европалык оркестрлер жана аткаруучулар менен жаздыргам. Бул жагынан менде кыялдана турган эч нерсе жок. Калганын өзүм үчүн бонус деп атайм. Мисалы, азыр британиялык Крис Портер менен ыр жазып жатабыз, муну көпчүлүк кабыл алат деп үмүттөнөбүз жана чыгармачылыкта жаңы этап башталды деп ойлойбуз.
– 1989-жылы сиз A’Studio тобу менен кызматташа баштадыңыз. Жамаат менен алгачкы жолугушууңузду эстеп калдыңызбы? Ошол учурда силерди чыгармачылык жактан эмне бириктирген?
– 1989-жылы мени алар менен досум, ошол кезде Роза Рымбаеванын «Арай» тобунун администратору Сафар Бабаев тааныштырган болчу. Бир жолу мен андан фонограммаларды жаздырып алууга жардам сурадым. Ал Байгали Серкебаев менен сүйлөшүп, аранжировкаларды заказ кылган. Албетте, Байгали жаздырууга бүт топту алып келген. Ошентип, баарыбыз расмий түрдө тааныштык, бирок Батырды мектептен бери эле билчүмүн – бул өзүнчө бир окуя. Алар мага эки ыр жаздырып беришти. Иш бүткөндөн кийин Боря (достору аны ушинтип аташчу) менин ырларымдын сөздөрүн ким жазганын сурады. Өзүм жазганымды уккандан кийин, аларга текст жазып берүүмдү суранды. Албетте, макул болдум – ошентип баары башталды.
Андреа Бочелли менен
– «Солдат любви», «Стоп, ночь», «Белая река», «Сезон дождей», «Эти тёплые летние дни», «Fashion Girl», «Душа» ырлары бир нече муундардын музыкалык тарыхынын бир бөлүгү болуп калды. Ошол кезде келечектеги классиканы жаратып жатканыңызды билдиңиз беле?
– Албетте, мен белгилүү топ менен кызматташтыкты баштаганыма кубандым – алар буга чейин бүткүл союздук популярдуулукка ээ болушкан. Келечекте өзгөчөлүү боло турган нерсени жаратып жатам деген туюм болгон эмес, чынында азыр да антип ойлобойм. Мен үчүн бул ийгилик болду, бирок көбүнчө жашоо үчүн күрөш десем болот. Анан убакыт көрсөткөндөй, ал чыгармачыл жолумдун керектүү, татаал жана абдан жемиштүү бөлүгүнө айланды. Бул жол али бүтө элек. Бирок дайыма эмгегим келечекте да сапаттуу болушуна кам көргөм.
– Ошол мезгилдин сыры эмнеде болгон: адамдарда, музыкадабы же доордун өзгөчө атмосферасындабы?
– Ар бир доордун өзүнүн сыры, өзүнүн адамдары, өзүнүн баатырлары жана ар дайым өзүнүн өзгөчө атмосферасы бар. Албетте, бул биз үчүн өз романтикасына жана өз угармандарына ээлик кылган мезгил. Эң башкысы биз анда жаш элек. Балким, азыр бүгүнкү күндүн жаратуучулары да убакыттын өтүшү менен азыркы учурга биздей эле аяр мамиле жасап калышат. Азыр алардын өздөрүнүн аудиториясы бар, талаптары да өзгөрдү. Азыркы күндү жакшы же жаман деп айта албайм, бул жөн гана башка убакыт.
– «Нелюбимая» деген ырыңыз постсоветтик мейкиндиктеги эң белгилүү ырлардын бири болуп калды. Бул ыр миллиондогон адамдардын тагдырынын бир бөлүгү болуп калганын түшүнгөндө кандай сезимде болдуңуз?
– Жогоруда айтканымдай, кээде өзүмдү бактылуу сездим. Бирок ырдын бир катар өлкөлөрдөгү ийгилиги авторлорго дээрлик эч кандай таасир эткен жок. Коомдо кайсы бир деңгээлде өзгөрүү болду, бирок көп өтпөй баары кайрадан эле күнүмдүк турмушка айланды, тынымсыз иштеп, үй-бүлөнү багып, алдыга жылыш керек болду. Мындан тышкары, клипте автордук укуктар дагы деле көрсөтүлө элек, ошондуктан менин атымдын географиясы анчалык кеңейген жок. Дагы бир жолу белгилейин, бул ыр чыгармачылык жолумдун бир гана бөлүгү.
– Батырхан Шукенов сейрек кездешүүчү интеллигент жана ички маданияты бийик адам болгон. Сахнадан тышкары кандай сапаттары менен эсиңизде калды?
– Батыр экөөбүздүн жашоодо ар кандай мамиледе болдук. Бир жолу анын туулган күнүндө куттуктоо сөз сүйлөп жатып ушуну ачык айткам: бизде бир туугандай жакындыктан тартып бири бирибизди көрөөргө көз калбагандай да учурлар болгон, бирок экөөбүз тең ички жактан жетилгенде, мамилебиз жакшырды, жаш өткөн сайын анын абдан таза жана жаркын адам экенин айдан ачык көрдүм. Анан акырына чейин ушундай мамилени кармандык. Ал каза болгондон кийин биздин дагы бир ырыбызды жазып бүтүрдүм. Бирок көп жылдар чыккан жок, жакында эле жакшы аткаруучусу табылды.
Батырхан Шукенов менен
– Батырхан бул дүйнөдөн өткөндөн кийин, жашоо, достук жана убакыт жөнүндөгү түшүнүгүңүздө жеке өзүңүз үчүн эмне өзгөрдү?
– Деги эле жашоонун өтүшү менен бул баалуулуктарды кабыл алуумда көп нерсе өзгөрдү. Бирок анын эрте кетиши мени нес кылып, дүйнө таанымыма өз таасирин тийгизди.
– Сиздин ырларыңызды көптөгөн көрүнүктүү аткаруучулар ырдашкан. Алардын арасында Алла Пугачёва өзгөчө орунду ээлейт. Ал сиздин ырларыңыздан эмнени көрүп, сезди жана эмнеси менен жактырды?
– Албетте, чыгармаларым ар кандай аткаруучулардын репертуарында бар экендиги сонун, бул ар бир автордун кыялы. Алардын арасында Алла Пугачёва өзгөчө орунду ээлейт деп айтуу туура эмес, анткени ал Владимир Миклошич менен бирге жазган "Остров надежды" деген бир гана ырымды ырдаган. Мындан тышкары, мен ага бир нече жолу кокустан жолугушканымды кошпогондо, дээрлик тааныш эмесмин.
– Сиз көп нерсеге жетишкен адамдай таасир калтырасыз. Ийгилик үчүн эң жогорку баа катары эмне төлөдүңүз?
– Башкы маани – таасир калтыруу. Чынында, мен дагы эле сапардамын жана менин азыркы чыгармачылыгым "суу астында" калууда. Бул тууралуу келечекте сүйлөшсөк болот. Бирок ийгилик бар. Ал ички ийгилик, мен тынч, көз карандысыз жашоо өткөрүп, күн сайын жазып, акырындык менен иллюзиялардан жана таңууланган жаңылыш түшүнүктөрдөн арылып, ички дүйнөмдө эркин жана күчтүү болуп баратам. Бул үчүн эч нерсе төлөгөн жокмун, мунун баарын ар бир ийгилик, ар бир кырсык, ар бир адилетсиздик, ар бир жоготуу жана ар бир табылганын эсебинен гана алдым.
– Атактуулукка жетүү же атактуу болгондон кийин өзүңдү сактап калуу – кайсынысы кыйыныраак болду?
– Классикалык мааниде автор катары кеңири таанылган жокмун. Атактуулук жана даңк – аткаруучулардын жасалгалары. Ырларга байланышкан нерселердин баары мен үчүн толкундун үстүндөгү көбүк катары эле. Атактуулугум да салыштырмалуу. Көчөгө чыгып сурасаң: он адамдын тогузу мени тааныбайт, бирок ырларымды билет. Мунун баары белгилүү бир аракеттердин натыйжасы. Мунун баары чындык жана тагдырымдын бир бөлүгү, мен буга абдан ыраазымын, татыктуу жолду бастым.
Бир жолу үч күндөй чыныгы атактуулуктун зыянына туш болгом, мындай нерседен Кудай сактасын. Кыйынчылыкка кабылдым, жашоо үчүн күрөштүм, бирок мунун баары мени бүгүнкү күнгө алып келди. Жамандыктардан сынбадым, ар кандай келишимдерге алданбадым, эч бир тузакка түшпөдүм, кыскача айтканда, атак-даңкка умтулам деп жашоосун бузуп алгандардын жолун улап, жашоомду талкалап алган жокмун.
– Жашооңузда музыканы таштап, баарын жаңыдан баштоону каалаган учурлар болду беле?
– Влбетте. Бул өмүр бою эле системалуу түрдө болуп келатат. Чарчоо, үмүтсүздүк, келечектин жоктугу – булар күчтүү тоскоолдуктар. Бирок жашоо дайыма өз нугуна салып турду. Балдарыма жеңиштин өзү эмес, ага жетүү жолу маанилүү – процесс эмес, андан кандай чыкканың маанилүү, деп көп айтчумун. Ошол эле учурда, чыгармачыл адамдын татаал жолунан четтөөгө аракет кылдым, Улуттук банкка иштөөгө аргасыз болдум, ишкерлик менен алектендим. Бирок обондордун жаңы башталган кайрыктары жана сөздөр мени кадимки жашоого жолотпой, кайра эле чыгармачылыкка кайтара берди. Чыгармачылык – бул өзүмө жана адамдарга болгон милдет гана эмес, чыныгы бакыт жана Жараткандын белеги экенин түшүнгөнгө чейин ушундай болду.
– Кимден кечирим сурагыңыз келет?
– Оор күнөөлөрдү кылган эмесмин, бирок ар бир адамдын тагдырына кимдир бирөөдөн кечирим сурагысы келгендей жагдай сөзсүз жолугат. Кимден кечирим сурагым келээрин аныкташым үчүн бүтүндөй өмүрүмдү анализ кылышым керек. Бир-эки таң калаарлык окуя болгон. Бир аял Ютубга көп жылдан бери сактап жүргөн чоң таарынычын жазып калтырыптыр, айтымында, аны менен чогуу сүрөткө түшүүдөн баш тарткан экенмин, бул абдан текебердик деп белгилеп жатпайбы. Болгондо да бул пикирин уулумдун өлүмүнө байланыштуу адамдардын тилектештик билдирүүлөрүнүн алдына жазган. Ал бул таарынычын көпкө сактап жүргөнүн жана мындай учурду кокусунан тандабаганын түшүнүп, убактым өз аз болуп жатканына карабай, мен андан чын жүрөктөн, эл алдында кечирим сурадым. Дагы бир катталуучум Батыр экөөбүздү аны кайдыгерлигибиз менен таарынтканыбызды бардык жерге жазат. Мен муну эмнеге айтып жатам, анткени жашоодо, айрымдардын көз карашы боюнча, биз жакшы мамиле кылбаган адамдар көп. Ошондуктан, азыр да зарыл болсо, кимдир бирөөдөн кечирим сурай алам.
– А сизге дагы деле кечирүүгө кыйын болгон адам барбы?
– Тилекке каршы, бар. Ошондуктан мен дайыма "мен дагы деле сапардамын" деп кайталайм. Балким, кырдаалдан чыгуунун жакшы жолун тандай албадым, андай адамдарды жөн гана жашоомдон чийип салдым. Жүрөгүмдөн өчүрдүм.
Гай Флетчер менен
– Адамдар кайсы ырыңыз үчүн ушул убакка чейин сизге ыраазычылык билдиришет?
– Кимге эмне керектигин ар бир адам өзү тандап алат, чындыкты көбүнчө интуитивдүү сезишет. Бирок эң көп ыраазычылыкты « Никому тебя я не отдам» деген ырым үчүн алгам, кээде көчөдөн эле жолуктурган адамдар ырахматын айтышчу.
– Чыгармачылыгыңызга карата эң күтүүсүз реакция кандай болду?
– Кадоган Холлдо Королдук Филармониялык оркестри менен болгон концертимден кийин британиялыктардын жазган пикирлери чоң сюрприз болду. Германиядан, Бельгиядан, Австриядан келген адамдардын каттары андан да чоң күтүүсүздүккө айланды . Көрсө, Radio Klassik Austria музыкамды обого чыгарчу экен. Кадимки угуучулар жана профессионалдар партитураларды жөнөтүүнү суранып, ыраазычылык менен кат жазышты. «Wedding Symphony» жана «Waves from Heaven» альбомдорумду сүйүп калышканын да айтышты, бул абдан жагымдуу болду. Санкт-Петербург жаштар оркестринин дирижёру музыкамдын күйөрманы болуп, партитураларды сурады. Пандемия учурунда FB баракчамдагы Zingarella композициям боюнча Италиядан көптөгөн пикирлер келди. Ошондой эле, белгилүү бандонеонист Марио Стефано Пьетродарчинин менин Soul композициямды өзүнүн альбомуна кошкондугу да абдан күтүүсүз болду. Ханс Циммерден комплименттик комментарий алганым укмуштуудай эле. Жалпысынан, мен бараткан жолдо баары көбүнчө күтүүсүз болот.
– Эң чоң жеңилүүм деп эмнени эсептейсиз?
– Эч нерсени.
– Эски ырларыңызды укканда, көбүнчө эмне жөнүндө ойлойсуз: музыка жөнүндөбү же аларды арнаган адамдар жөнүндөбү?
– Мурда укканга убактым болгон эмес, акыркы учурларда гана түндө, уктаар алдында уга баштадым. Жасаган ишиме толугу менен канааттанып уктап калам.
– Жашооңузда ийгилик, атактуулук жана миңдеген күйөрмандар бардыгына карабай, өзүңүздү толук жалгыз сезген учурлар болгонбу?
– Жалгыздык – бул өзүн-өзү таанууга жана ички өсүүгө эң сонун шарт. Чоң эсеп менен алганда, жашообуздун негизги бөлүгүн ушул абалда өткөрөбүз. Ал эми учурду толук кабыл ала билбесек, анда убакыт текке кетет. Бул абдан маанилүү суроо. Атактуулук тууралуу жогоруда айттым. Албетте, чыгармачылыгымды дүйнө таанымына жана жашоосун жакшыртууга кошкон салым катары баалаган адамдар бар, бирок бул фанаттык сыйынуу эмес, тескерисинче, жогорку аң-сезимдеги адамдардын менин чыгармачыл аракеттерим үчүн ыраазычылыгы.
– Жаш кезиңиздеги эң чоң жаңылыштык?
– Өзүмдү өтө жогору баалап алганым.
– Ишке ашыра албай калган кыялыңыз барбы?
– Жок десем болот, анткени көп нерсе жаздым, акыры жүрүп алардын баары жарыкка чыгат. Адамдарга керек болобу же жокпу – аны убакыт гана аныктайт.
– Чыныгы сүрөтчү үчүн эмне маанилүүрөк: талант, тартип же өз заманын угуу жөндөмү?
– Табийгат берген милдетти аткаруу.
– Сиз ар кайсы муундагы жана маданияттардагы артисттер менен көп иштедиңиз. Глобалдашуу доорунда улуттук тамырларды сактап калуу бүгүнкү күндө канчалык маанилүү?
– Бул тууралуу ойлонгон эмесмин, бирок алашордолук акындардын чыгармачылыгы жөнүндө айтсак, алардын улуу мурасына адамдардын көңүлүн бурдурууну өзүмдүн маанилүү милдетим деп эсептейм.
– Сиздин оюңузча, музыка адамдарды саясат жана дипломатиядан күчтүү бириктире алабы?
– Бириктирүү жөнүндө билбейм, бирок музыка сөзсүз ички гармонияга жол ачат, демек, биздин жолубуздун биримдигин түшүнүүгө жардам берет.
– Сизде көп жылдан бери уланып келе жаткан жана дагы деле жооп таба албаган ички сүйлөшүүңүз барбы?
– Ооба, сүйлөшүү да бар жана кайсы бир маанилүү суроого дайыма жооп табылбай калаарын да билем. Бирок мындай, балким, иллюзиялык суроого жооп таба албаган биринчи да, акыркы да адам мен эмесмин.
– Музыкага жаңыдан жол баштап жаткан жаш Еркеш Шакеевге бүгүн эмне деп айтат элеңиз?
– Жүрөгүңдү ук, бир күнү жаныма келесиң.
– Адам үчүн эмне маанилүү: сүйүктүү болуу, керектүү болуу же баары түшүнгөн адам болуу?
– Сүйүктүү, керектүү же баары түшүнгөн адам болбосоң да, адам бойдон калуу маанилүү.
– Тагдырга ишенесизби же адам өз өмүрүнүн партитурасын өзү жазабы?
– Экөө тең. Аракет кылбасаң жана жаңылыштык кетирбесең, тагдырыңдан берилген жолду таба албайсың.
– Бүгүн Кудайга эмне үчүн көбүрөөк ыраазычылык билдиресиз?
– Мурда колумда бар нерселер үчүн Кудайга шүгүр дечү элем, азыр жашонун ушул турушу үчүн ыраазымын.
– Сиздин эң чоң жетишкендигиңиз деп эмнени эсептейсиз: музыканы, атакты, үй-бүлөнү же өзүңүз бойдон калуу жөндөмүңүздү?
– Өзүмдөй калуу жөндөмүмжү. Бирок бул үчүн кээ бирөөлөр өзүн жоготпошу керек, ал эми башкалар, тескерисинче, өзүн табуусу керек.
– Балдарыңыздын, досторуңуздун жана угармандардын эсинде кандай калгыңыз келет?
– Алар мени кандай тааныса, ошондой.
