Кыял Таажы: Оор акыбалдан жакшы ой гана чыгарат
Кыял Таажы – өзгөчө ойлордун, ырлардын автору. Көптөгөн ыр сынактардын лауреаты. 2021-жылы Түрксой эл аралык уюмунун “Бешакын” теледолбоорунун сынагында биринчи орунду багындырган. 2023-жылы драма боюнча Улуттук “Алтын калем” сыйлыгын жеңген. Ушул убакка чейин үч китеби жарыкка чыккан – "Сырдуу дарак" (2011), "Кыял" (2014), "Үн" (2021). Акын айым бул сапар да өзгөчө ойлору менен бөлүшүп, өз кыялы үчүн күрөшкөн өжөр аял гана максатына жетерин айтып берди.
– Сиз өзүңүздү көп тармактан сынап көрдүңүз окшойт? Журналист Кыял, актриса Кыял, акын Кыял – кайсынысы сизге көбүрөөк жакын?
– Көп тармакта өзүмдү сынап көргөнүмдун себеби, атайын ар тараптуу болоюн деген деле ойдон болгон жок. Жүрөгүмдө бир үн бар да. Анан ошону калың элге жеткирүү менин милдетимдей сезилет. Ошол үн кээде ыр менен жетет, кээде кара сөз менен, кээде драма аркылуу. Анан дагы, ошол жазганымды өзүм элге жеткириш үчүн актёрлукка да баш багышым керек болуп калды.
Пушкиндин айтканы бар: "Ар бир идея, ой өзүнө жанр сурайт! Кээ бирин кара сөз менен, кээ бирин ыр менен жеткириш керек". Мен да ушул ойдомун.
Жакында “Аял үнү” деген пьеса жаздым...
– Темасына караганда аялдар көйгөйүнө арналса керек?..
– Ооба, кордук көргөн аялдар жөнүндө. Кыскача мазмуну мындай – көп аялдар феминисттер менен чогуу митингге чыгышат. Алардын баарын түрмөгө камашат. Ошол жактан ар түрдүү тагдырдагы, ар түрдүү катмардагы аялдар сырдашат. Көбү митингге эмне максат бардыгын билбей, жөн гана акча үчүн чыгышат. Абакта отуруп, сырларын чубап, анан баары аялдар эмнеге кордолот деген суроого жооп издешет.
– Анан анын жообу табылдыбы?
– Көрсө, тилибизден табат экенбиз. Мен пьеса аркылуу ушуну жеткиргим келди – кайсы бир көйгөйүбүзгө бирөөлөрдү күнөөлөгөндү токтотуп, өзүбүз жакшы болуп көрбөйлүбү... Чакырык да ушул. Ар бир кордолуп жаткан аялдын ордуна өзүмдү да коюп көрдүм. Баары бир – өзгөрүүнү өзүбүздөн баштасак кантет деп ойлондум. Жакшы аял бардык нерсени жакшы кылып алууга кудурети, акылы, күчү жетет. Эркектерди жаман дегенде эле алар эсине келип, уялып калбайт. А өмүр өзүбүздүкү.
– Коомдо аялдарга зомбулук маселесине келгенде чынында эле кайчы пикир орун алат. Бири эркектерди күнөөлөсө, сиз сыяктуу аялдардын өзүнөн айып издегендер да жок эмес. Балким, аялдардын өзүн айыптагандар жеке турмуштан жолун тапкандар, түшүнүктүү жубайга туш болгондор болуп жүрбөсүн?
– Мен ким бирөөнү айыптагым келбейт, болгону, аялдар мээримдүүлүгүн көрсөтсө, балким зомбулук токтойбу деген ойдо эле жаздым. Буга себеп, өзүмдүн апамдын тагдыры. Ал ушунчалык көтөрүмдүүлүгү, сабырдуулугу менен баарын жеңди да.
– Ушул тууралуу кененирээк айтып бере аласызбы?
– Биздин балалык токсонунчу жылдардагы жокчулукка туш келди да. Анан айылдагылар бүт энчиге бөлүнгөн койлорду сатып, ичип, деги эле дээрлик баары ичкиликке берилип кетти да.
Атам да алардан кур калган жок. Жокчулук. Жумушсуздук. Апам ошондо үйдө атамды бизге хандай көрсөтүп, ал жөнүндө эч бир жаман сөз айтпады. Бирок өзү аябай кыйналып турганын көзүбүз көрүп, жүрөгүбүз туюп турчу. Бирок ойлосом, наалычу эмес экен. Жок деп айтчу эмес экен. Анан биз ошонун ою боюнча аябай жакшы жашап жүргөндөй сезчү экенбиз да.
Ошол тарбия мээге сиңип калган го. Ошондон улам, жакшы ой гана оор акыбалдан чыгуунун бир жолу экенине бөркүмдөй ишенем!
– Өзүңүздүн турмушуңузга келсек, акындардын жашоосу реалдуу жашоодон бир аз окчунураак тураары, ыр саптарын жаратуу үчүн өзү менен өзү болууга туура келээри белгилүү эмеспи. Үч баланын энеси, жубайсыз, “баарын ташта, аялдын орду - үйдө” деген сөздөр сизде деле болсо керек?
– Менде чынында коомчулукка чыгайын, башкачараак жашоо образын тандайын деген ой башынан болгон эмес. Бирок кашайып ыр жазып калдым да. Анан ырды тандай албай же үй-бүлөнү тандай албай өтө көп чайналдым. Көп эле кагылыштар болду жашоодо. Бирок акыры мен ырсыз жашай албасымды үй-бүлөмө түшүндүргөнгө жетиштим. Ал оңой болгон жок. Күрөштүм!
Башында ойлочумун. Экөө бири-бирине каршы жашоо деп. Көрсө, ыр менен үй-бүлө бири-бирин толуктап турат турчу эле керемет аалам экен! Мен үй-бүлөм болбосо ыр жаза алмак эмес экенмин. Ушуну түшүнүп алганыма сүйүнүп жүрөм. Бирок түшүнгөнчө канча өлүп тирилдим...
Бардыгынан ырды бийик койдум. Моюн бербедим. Эргүүнү кууп жашадым. Көп курмандыктарды жасадым. Мисалы, эки жылдай тиричиликке таптакыр көңүл бөлбөй жашаптырмын. Курмандыктар болмоюн эч качан табылга болбойт. Бирок акыры турмуш өзү деле баш ийет экен.
Жолдошум мени акыры түшүндү. Азыр колдойт!
– Демек, аялга баары бир өз кыялына жетүү үчүн жолдошунун колдоосу, жардамы керекпи?
– Албетте! Мен ага бардык учурда таянам. Ал бар болгон үчүн гана эргүү бар. Анткени, үй деген чеп, жүрөктүн тынчтыгы. Санааң тынч болбосо эч кандай жакшы эргүү менен ыр жазылбайт. Башка жол жок!
