
Кыргызстанда ревматологдор жана маанилүү дары-дармектерге дотация жетишпейт
Кыргызстанда ревматологдордун VII эл аралык евразиялык конгресси аяктады. “Караван-Инфо” редакциясынын конгресс жана Кыргызстандын ревматологиялык кызматынын өнүгүүсү тууралуу суроолоруна Кыргыз ревматологиялык ассоциациясынын президенти Ольга Лобанченко жооп берди.
- Мындай демилге эмнеден улам пайда болду?
- Он төрт жыл мурда Москвадагы ревматологдордун конгрессинде КМШ, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн өкүлдөрү биригүүнү жана коомдук уюм түзүүнү, анын аянтчасында стратегиялык ревматологиялык маселелерди кароону чечкенбиз. Ошол жактан биз бири бирибизге маалыматтык-билим ишмердүүлүгүндө жардам берип, адистерди алмаштырууну ишке ашырып, биргеликте конгресстерди өткөрүп жана бардык өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен жалпы протоколдорду түзүп, катарыбызга жаңы мүчөлөрдү кабыл алып, жаш адистерге жол берип, ошондой эле аталган уюмдун атынан дүйнөлүк аренага чыкмак болгонбуз. Биз жаңы бирикмебизди “Евразиялык ревматологдор лигасы” (LEAR) деп атадык. Анын курамына Азербейжандын, Армениянын, Белорусиянын, Грузиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын ревматологдору кирди.
Конгресс эки жылда бир жолу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өткөрүлөт. Кийинкиси Өзбекстанда болот. Бул жылы биз хрусталь кубок уюштурдук, аны эстафета катары салтанаттуу маанайда өзбек тарапка өткөрүп беребиз.
Жыл сайын биз конгресстин актуалдуу темасын аныктайбыз. Бул жылы аны “Чектөөсүз ревматология” ураанынын алдында өткөрүүнү чечтик. Башкача айтканда, экономикалык, саясий, нозологиялык, географиялык, адамзаттык, конфессионалдык ж.б. чектөөлөр жок ревматология, анткени медицина кайсы бир нерседен көз каранды боло албайт жана болбошу керек.
- Эл аралык илимий талкууга коюлган маселелердин Кыргызстан үчүн актуалдуулугу кандай?
- Теманын өзү Кыргызстан үчүн актуалдуу, анткени бизде ревматологиялык кызмат толук кандуу жабдылган эмес, ревматологиялык профилдеги стационарлар аз (айрыкча аймактарда), бейтаптарды жеринде кабыл алууга ревматологдор жетишпейт. Бейтаптар облустун борборундагы же борбор калаадагы ооруканаларга келүүгө аргасыз. Бирок баарынын эле ага мүмкүнчүлүгү боло бербейт.
Өлкөдө бүгүнкү күндө жалпы жыйырмага жетпеген ревматологдор бар, демек бардык эле аймактарда бул адистер табыла бербейт. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып биздин бейтаптар дарыгерлердин үзгүлтүксүз жардамын жеринде ала алышпайт, болбосо ревматологиялык дарттар өнөкөт мүнөзгө ээ, бүгүн дарылансаң, эртең унутуп калгандай суук тийүү же жөтөл эмес. Бул диабет сыяктуу оору: бир жолу оорудуңбу, өмүр бою коштоп жүрөт. Дарылануу өз убагында үзгүлтүксүз жүрүп отурбаса дарт өтүшөт, андан кийин аны калыбына келтирүү кыйынчылык жаратат.
Андан тышкары КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бизде абдан зарыл дары-дармектерге мамлекеттик дотация жок. Мындай дарыларды Россияда, Белорусияда, Казакстанда, Өзбекстанда муктаждарга мамлекеттик дотация боюнча үзгүлтүксүз акысыз берилет. Резолюция түзгөндө жана аны кабыл алганда биз бизди саламаттыкты сактоо жаатынын жетекчилиги, өкмөт укса дейбиз, анткени ар бирибизде өзүбүз оорубасак дагы, ревматикалык оору менен ооруган жакындарыбыз бар. Бул оору өсүүдө, мисалы, остеопороз ДСУ тарабынан 21-кылымдын инфекциялык эмес эпидемиясы деп аталган. Мурда остеоартрит карыган адамдардын оорусу болуп эсептелчү. Азыр жаштар да ооруп жатышат. Мага остеартрит менен ооруп баштаган студенттер келишет. 40 жашка чыккан адамдардын муундары кытырап калган. Тилекке каршы, биз канча убакытты кыймылда өткөрүп жатканыбызды ойлонбой калдык! Компьютер алдында канча отуруп жатабыз?! Муун кыймылга келбесе синовиалдык кабыкча пайда болбойт, образдуу айтканда, лыжа майы жана майлоочу май. Ал муун кыймылда болгондо гана иштелип чыгат.
Кыймылсыздыктан же туура эмес тамактануудан, начар экологиядан бул дарт бир гана өсүп жатпастан, курактык чен дагы жашарып баратат. Ковид пандемиясы дагы буга салымын кошту.
Биздин форумдун актуалдуулугу дарыгерлерибиз маалыматтык ачарчылыкка кабылганында да жатат. Алардын илимий конференцияларга барууга, квалификациялык окууну төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Күнүмдүк жашоодо чет элдик дарыгерлердин онлайн окутуулары үчүн төлөө же заманбап, акыркы макаланы жүктөп алуу кыйынга турат, анткени азыр баары акчага айланган.
Азыркы конгрессте элүү спикер көрсөтүлүп, биздин дарыгерлер укпаган акыркы маалыматтар берилди, бизде онлайн - трансляция да бар, андан кийин жүктөп укса да болот. Ревматологиялык дарттарга учурда көп көңүл бурушубуз керек. Мындай конгресстер ушул милдетти жакшы аткарышууда.
- Кыргыз ревматология бирикмеси бүгүнкү күндө кандай өнүгүп жатат жана кандай милдеттерди аткарууда?
- Биздин коомдук бирикме 2010-жылы катталган. Түзүүдөгү башкы максат – ревматологиялык оорулар жаатындагы бардык адистерди бириктирүү жана оор патологиялар менен натыйжалуу күрөшүү үчүн алардын аракеттерин координациялоо болуп саналат. Бирок кандай оору болбосун дарылоо бир гана врачтан көз каранды эмес. Көп дарттарды дарылоодо жыйынтык бейтаптын ага болгон мамилесине жараша болот. Так ошондуктан ревматологиялык ассоциацияны түзүүдө ишке бир гана дарыгерлерди эмес, бейтаптарды да тартуу каралган.
- Кыргыз ревматологиялык ассоциация алдына кандай милдеттерди коюп жатат?
- Биринчи кезекте жергиликтүү жана үй-бүлөлүк дарыгерлердин профессионалдык деңгээлин жогорулатуу, анткени ооруну өз убагында аныктоо жана бейтаптарды керектүү адиске жөнөтүү алардын компетенттүүлүгүнөн көз каранды. Жогорку адистештирилген ревматологдордун квалификациясын жогорулатуу дагы маанилүү милдет болуп турат. Бул үчүн ревматологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоо жаатындагы жаңы жетишкендиктер тууралуу маалыматты бардык дарыгерлерге жеткиликтүү кылуу зарыл.
Дагы бир маанилүү маселе - бул ревматология менен ооруган бейтаптар үчүн дары-дармек терапиясынын болушу. Бул дартты дарылоо кымбат тураары жашыруун эмес. Анын үстүнө көпчүлүк бейтаптарга өмүр бою базистик дарыларды ичүүгө туура келет. Азырынча биз кандайдыр бир мамлекеттик программаларга же субсидияларга таяна албайбыз. Ошондуктан, ассоциациянын милдети ревматология менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүүнүн альтернативдүү булактарын табуу болуп саналат.
Таяныч-кыймыл аппаратынын дарттары менен жабыркаган бейтаптар социалдык реабилитацияга да муктаж. Мындай бейтаптарга дени сак адам үчүн анчалык маанисиз көрүнгөн күнүмдүк жана социалдык түйшүктөргө ыңгайлашууга жардам берүү биздин дагы бир маанилүү милдетибиз.
Кыргыз ревматологиялык ассоциациясы түзүлгөнүнө аз убакыт болгонуна карабай алдына койгон милдеттерди аткарууга бир топ маанилүү кадамдарды жасады. Анын мүчөлөрүнүн аракети менен Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери үчүн байма бай семинарлар, ревматолог-дарыгерлер үчүн конференциялар өткөрүлүп, дарыгерлер, медициналык ЖОЖдордун студенттери үчүн методикалык колдонмолор жана тесттик тапшырмалар даярдалууда.
Ревматологиялык ооруларды аныктоонун жана дарылоонун бирдиктүү стандарттарын киргизүү максатында Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери жана ревматологдор үчүн Клиникалык протоколдор иштелип чыккан.
Кыргыз ревматология ассоциациясынын жакынкы пландарына бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда адистештирилген ревматология кабинеттерин уюштуруу, таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары менен ооругандар үчүн мектеп, ошондой эле ревматологдордун мектебин түзүү кирет.