Баткен облусунда быйылкы түшүмдү жыйноо өнөктүгү активдүү уланууда
Баткен облусунда 2026-жылдын түшүмүн жыйноо өнөктүгү активдүү уланууда, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгү.
Маалыматка ылайык, облус боюнча быйыл жалпы 34 107,7 гектар аянттагы дан эгиндерин оруп-жыйноо пландалган. Анын ичинен 12 746,6 гектары буудай, 11 471,1 гектары арпа, калган аянттарга жүгөрү, күрүч жана башка дан өсүмдүктөрү айдалган.
Бүгүнкү күнгө карата кылкандуу дан эгиндеринин 5000 гектардан ашууну жыйналып, орточо түшүмдүүлүк бир гектарына орточо 32-34 центнерди түзүүдө.
Облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев Кадамжай районунда болуп, оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Ал райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл чарба тармагынын адистери менен жолугуп, эгин талааларындагы жана үрөн чарбаларындагы иштердин абалын көрүп чыкты.
Жолугушууда түшүмдү өз мөөнөтүндө жана коромжусуз жыйнап алуу, айыл чарба техникаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, түшүмдү сактоо жана кампаларга жайгаштыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле дыйкандарды күйүүчү-майлоочу материалдар, техника жана башка зарыл ресурстар менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.
