
Кыргызстанда эттин баасы арзандай баштады - Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы
Кыргызстанда эттин баасы арзандай баштады, учурда уйдун эти 1 кг - 564 сомдон, козунун эти 1 кг - 574 сомдон сатылууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Евразия экономикалык комиссиясынын талдоо, отчеттуулук жана өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Оксана Горьянова билдирди.
Эске салсак, Кыргызстанда сентябрь айынын башында эттин баасы болжол менен 100 сомго кескин кымбаттаган. Сатуучулар баанын мындай өсүшүн кошуна өлкөлөргө тирүү жана союлган бодо малдын экспорту көбөйгөндүктөн, ички рынокто тартыштык жаралганы менен түшүндүрүшкөн.
Горьянованын айтымында, баанын көтөрүлүшүнүн аталган себеби чындык. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы рынокко мониторинг жүргүзгөн жана эттин баасындагы кескин секирик Өзбекстанга малды экспорттоо көбөйүп кеткенинен улам болгонун аныктаган.
“Тилекке каршы, базарда тартыштык жаралганда ажиотаж пайда болуп, баалар көтөрүлө баштайт. Базар экономикасы ушундай: суроо-талап менен сунуш баага таасир этет”, - деп түшүндүрдү ал.
Горьянова белгилегендей, алардын бөлүмү маалымат чогултуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөткөн. “Кийинчерээк этти экспорттоого тыюу салынды, натыйжада бул азыктын баасы төмөндөө тенденциясына ээ боло баштады. 4-сентябрга салыштырмалуу азыр өлкө боюнча чекене баада уй этинин 1 килограммы 564 сомду, козу этинин 1 килограммы 574 сомду түзөт. Дүңүнөн сатуу жааты дагы бааларды төмөндөтүүдө. Кечээги мониторинг көрсөткөндөй, кээ бир аймактарда уй этинин баасы 1 кг үчүн 420-450 сомго чейин арзандады, бул эң төмөнкү баа, ал эми эң жогорку баа - 1 кг үчүн 500-550 сом”, - деди ал.
Монополияга каршы кызматтын өкүлү кошумчалагандай, кеп базарлардагы баалар жөнүндө болуп жатат, ал эми адистештирилген дүкөндөрдө продукцияны атайын кургатуу жана атайын муздатуу үчүн кошумча чыгымдар каралат, ошондуктан ал жакта баалар салыштырмалуу кымбат.
Горьянова Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ишти улантып жатканын, жума сайын мониторинг жүргүзүлүп, эттен башка да азыктарга болгон баалар көзөмөлдөнөрүн белгиледи.
Учурда эттин баасын жөнгө салуу киргизиле элек.