Тилек Найманбаев, КРнын Эмгек сиңирген артисти: Опера – кыял, каалоо жана 99 пайыз эмгек
16 февраль

Тилек Найманбаев, КРнын Эмгек сиңирген артисти: Опера – кыял, каалоо жана 99 пайыз эмгек

Опера сахнасы көрүүчүгө керемет дүйнөдөй сезилет: бийик ноталар, күчтүү үн, образга кирген артист. Бирок ошол кооздуктун артында тынымсыз машыгуу, темирдей тартип жана зор эмгек жатат. Опера ырчысы Тилек Найманбаев менен болгон маегибизде опера өнөрүнүн ички дүйнөсү, кыргыз операсынын көйгөйлөрү жана анын чыгармачылык кыялдары тууралуу баарлаштык.

– Сизди опера сахнасына жетелеген эң чоң күч  талантпы же эмгекпи?

– Операга жетелеген эң чоң күч – каалоо. Өз үнүңдөн ырахат алуу, ыр аркылуу жан дүйнөңдү ачуу чоң эмгекти талап кылат. Кыялды ишке ашыруу үчүн сөзсүз көп иштейсиң. Ар бир үндүн өзүнө жараша бийик ноталары болот: баритон, бас, тенор деп бөлүнөт. Меники – тенор. Бийик нотаны так, таза алгандагы сезимди сөз менен жеткирүү кыйын. Бирок ал деңгээлге жетиш үчүн тынымсыз машыгуу керек. Кыскасы, сахнага сүйүү, кыял жана каалоо жетелейт.

– Сахнага чыгаар алдында кандай абалда болосуз?

– Толкундоо ар дайым болот. Ал даярдыкка жараша өзгөрөт. Даярдык аз болсо - толкундоо көп, даярдык мыкты болсо - ишеним жогору болот. Операда жөн гана ырдоо жетишсиз. Актёрлук чеберчилик, образды ачуу, оркестрди угуу -баары маанилүү. Концертмейстер, пианист, режиссёр менен узак иштейсиң. Менин концертмейстерим Юлия Алексеевна Бабич менен көп даярданам. Эмгектин артынан гана сахнага чыгасың.

– Кайсы партияларды аткарганда өзүңүздү толук ачылгандай сезесиз?

– Вердинин «Травиатасындагы» Альфредонун партиясы мага абдан жакын. Аны аткарганда образга толугу менен кирип кетем. Ошондой эле Чайковскийдин «Евгений Онегининде» Ленскийдин партиясы өзгөчө сезим тартуулайт. Ал эми Россининин «Севильский цирюльнигиндеги» ролдордун тамашалуу мүнөзү жагат. Сахнага чыкканда залдагы канча көрүүчү бар экенин унутуп, өзүнчө бир дүйнөдө жашап каласың.

– Опера ырчысынын элге көрүнбөгөн оор тарабы кайсы?

– Эң чоңу – эмгек. Көрүүчү сахнадагы жыйынтыкты гана көрөт. Бирок анын артында айлап, кээде жылдап даярдык турат. Операда микрофонсуз ырдайсың, оркестрден ашыра үн чыгарышың керек. Бир партияны өздөштүрүү абдан чоң күчтү талап кылат. Ошондуктан операда 1 пайыз талант болсо, 99 пайызы эмгек деп айтылат.

– Келечекте кыялданган ролдоруңуз барбы?

– Ооба, бар. «Риголеттодогу» Герцогдун партиясын аткарсам деген кыялым бар. Ошондой эле «Паяцы» операсындагы Канионун ролун жаратууну самайм. Жалпысынан дүйнөлүк классикадагы мыкты операларды аткаруу.

– Кыргыз операсында кайсы маселелер ачык айтылбай, бирок чечилиши керек деп ойлойсуз?

– Маселе көп. Опера ырчысы жөн эле эстрада ырчысындай болуп түнү эс алып, эртең менен ырдай албайт. Бизге үн тартиби, эс алуу режими абдан маанилүү. Бирок айлык акынын аздыгынан көпчүлүк тойлорго барып ырдоого аргасыз. Негизи опера ырчысы толук опера менен гана алектениши керек. Мамлекет тарабынан колдоо күчөп, татыктуу маяна болсо, биз башка ишке алаксыбай партияларды мыкты даярдап, чоң ийгиликтерди жаратмакпыз.

Дагы бир көйгөй Опера балет театрында система эски бойдон калып жатканы. Азыр заман өзгөрдү. Соцтармактар аркылуу операны жайылтуу, жаштарды тартуу керек. Илгери мектептерден, окуу жайлардан балдарды алып келип, операга тарбиялашчу. Азыр бул дээрлик жок.

– Кыргызстанда операны тандоо – искусствону тандообу же жашоо үчүн күрөшпү?

– Экөө тең. Биз бул өнөрдү сүйүп, кыял менен келгенбиз. Бирок турмуш шарт айрым учурда кошумча жумуш издөөгө мажбурлайт. Эки жакка чуркап жүргөндө ой топтолбой, чыгармачылыкка тоскоол болот. Ошондон улам айрым иштер толук деңгээлде чыкпай калышы мүмкүн.

– “Бийликке жакын болмоюн өнүкпөйбүз” деген пикирге кошуласызбы?

– Бир жагынан чындык бар. Эгер мамлекет операны өзгөчө колдоого алып, жаңы көз караштагы башкаруу системасын киргизсе, көп нерсе өзгөрмөк. Маданият тармагына өзгөчө макам берип, түз иш алып барылса, бул мамлекет үчүн да, искусство үчүн да пайдалуу болмок.