Голливуд козголоңчусу Эрик Робертс: «Мен кандай болсом ошондой көрүнүүдөн эч убакта корккон жокмун»
20 июнь

Голливуд козголоңчусу Эрик Робертс: «Мен кандай болсом ошондой көрүнүүдөн эч убакта корккон жокмун»

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери, Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти, ASSOL эл аралык коомдук фондунун президенти, эл аралык элдик дипломатия ассоциациясынын вице-президенти Ассоль Молдокматованын «Дүйнө лидерлери» автордук рубрикасы.

Голливуд актеру Эрик Робертс менен Москвада өткөн эл аралык сынактардын биринде таанышканбыз, ал сынакка мен алып баруучулук кылган элем. Эрик иш-чаранын ардактуу коногу болуп, дароо эле ачык, чынчыл жана “жылдыз оорусунан” толук алыс адамдай таасир калтырган.

Эрик Робертстин аты дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына көптөн бери жазылып калган. Миллиондогон көрүүчүлөр аны «Король цыган», «Звезда-80», «Папа Гринвич-Виллидж»,  «Поезд-беглец» (бул кино аркылуу “Оскар” сыйлыгына татыган),  ошондой эле  «Темный рыцарь», «Неудержимые», «Специалист», «Одиссей» сыяктуу ондогон башка тасмалардагы жаркын ролдору менен таанышат. Анын фильмографиясында жети жүздөн ашык ролу бар, ал эми чыгармачыл жолу бир нече муундагы көрүүчүлөрдү камтыйт. 

Атактуулуктун артында адамдарга жана кесибине болгон чын ыкластуу кызыгуусун сактап калган адам турат. Биздин маектешибизде кино, үй-бүлө, убакыт, атактуулук жана адамга өзүнө бекем бойдон калууга эмне жардам берери тууралуу сүйлөштүк.  

– Урматтуу Эрик, айланаңыздагылар менен жылуу мамиледе экениңизди көрүп турам жана бул сиздин чоң баалуулугуңуз экенин түшүнөм. Миңдеген ролдорду ойногондон кийин, жаңы каармандагы эмне сизди чындап кызыктырат? 

– Урматтуу Ассоль, рахмат, чындап эле бул нерсени адамдардын баалуулугу деп эсептейм жана мында кайсы Олимпте болгонуң маанилүү эмес. Жаңы каармандар жөнүндө айтсам, мени дагы эле адамдар кызыктырат. Ар бир адам – бул өзүнчө бир дүйнө, өзүнчө бир тарых. Ошондуктан кесибимден эч качан тажабайм. Бирок такыр кызыктырбаган бир тип бар – бул зеригичтүү адамдар. Мен жашоодо да, экранда да зеригүүгө жол бербейм. Көрүүчү зерикпесин, менин да зерикким келбейт. Каарман тирүү, татаал, күтүүсүз болушу керек. Эң жөнөкөй сөз да көп маанини жашырышы мүмкүн. "Жок, рахмат" дегенде, ал чындап эле баш тартууну билдиреби? Же ыраазычылыкпы? Же таптакыр башка сезимдерди жашырып жатабы? Мына ушундай майда-чүйдө нерселерде чыныгы искусство жаралат. 

– Кинодо көп жылдар бою сиз көптөгөн образдарды жараттыңыз. Сиздин оюңузча, карьераңыздагы эң маанилүү ролдор кайсылар? 

– Эгер менден эң мыкты ролду тандоону сурашса, аны жасай алмак эмесмин. Ар бир эмгек жашоомдун белгилүү бир этабына байланыштуу. Бирок тагдырымда өзгөчө орунду ээлеген тасмалар бар: «Король цыган», «Звезда-80», «Папа Гринвич-Виллидж», «Поезд-беглец», «Это моя вечеринка», «Любовь – это оружие» жана «Чистилище».

Эгер чынчылдык менен айтсак, актер катары ар дайым талаштуу каармандарды, атүгүл жаман каармандарды ойногонду жакшы көрчүмүн. Алар кызыктуураак, эркин, жаркыраган. Алардын эң мыкты кийимдери, кооз унаалары, эффекттүү аялдары бар жана эреже болуп калгандай эң эсте каларлык сахналар аларда. Мындан тышкары, аларды көбүнчө финалда өлтүрүшөт, а муну ойноо дайыма кызыктуу. (Күлүп.) 

– Актер өзүнүн каармандарына канчалык терең киришет? Каарман менен Эрик Робертстин өзүнүн ортосундагы чек кайда? 

– Менимче, аялым болбосо, эбак жинди болуп кетмекмин. Ал менин пайдубалым, таянычым жана мени чындыкка кайтарган адам. Ар бир жаңы каарман ичиңде из калтырат. Жаман каарманды көпкө ойногондо, үйгө келип, кайра өзүңө айланасың. Жакшы адамдарды көпкө ойногондо деле ошол эле нерсе кайталанат. Жалпысынан алганда, мен өзүмдүн ролдорумду аялдар менен болгон мамилелериме дээрлик окшош карайм: толугу менен берилем, бирок кээде бири-бириңе туура келбей калган учурлар болот. 

– Сиздин карьераңызда кабыл алынган, бирок бүгүн өкүнткөн чечимдериңиз барбы? 

— Албетте. Ар бир актердун белгилүү бир өкүнүчтөрү бар, бирок башка жагы да бар – сөзсүз ойногонго туура келген ролдор. Мисалы, мага "9 ½ жума" тасмасында роль сунушташканда баш тарткам. Картинанын ийгилигине шектенгеним үчүн эмес. Тескерисинче, тасма чоң окуя болот деп ишенгем. Ошол учурда жеке жагдайлар роль ойногон. Бүгүн мен буга алда канча кесипкөй мамиле кылмакмын. Бирок досум Микки Рурк бул ишти эң сонун аткарды деп айтышым керек. Мен чын жүрөктөн аны менен сыймыктанам.

«Поезд-беглец» тасмасындагы ролуңуз үчүн "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөнсүз. Бул эмгек жашооңузду канчалык өзгөрттү? 

– Бул менин карьерамдагы эң маанилүү эмгектеримдин бири. Ал мага өзүмдүн мүмкүнчүлүктөрүмдү түшүнүүгө жардам берди жана актёр материалга жана режиссёрго толугу менен ишенсе, канчалык алыс кете аларын көрсөттү. Мындай ролдор түбөлүккө сени менен калат. 

– Сиз жана карындашыңыз Жулия Робертс дүйнөлүк кинематографиянын тарыхынын бир бөлүгү болуп калдыңыздар. Эмне үчүн, сиздин оюңузча, адамдарга туугандардын ортосундагы атаандаштык тууралуу окуялар ушунчалык жагат? 

– Анткени адамдарга чыр-чатактар жагат, бирок Жулия экөөбүздүн ортобузда эч качан согуш болгон эмес. Ооба, бардык эле бир туугандар сыяктуу бизде деле талаш-тартыштар, кайчы көз караштар болот, бирок бул мыйзам ченемдүү эле нерсе. Мен карындашымды абдан жакшы көрөм жана чын дилимден сыймыктанам. Качандыр бир ага кесиптеги алгачкы кадамдарын жасоого жардам бергем, анткени анын талантына ишенгем. Бүгүнкү күндө аны өз муунундагы эң таланттуу актрисалардын бири деп эсептейм. Көпчүлүк анын ийгилигине ичи тардык кыласыңбы деп сурашат. Эмне үчүн андай кылышым керек? Биз эч качан бири-бирибиз менен атаандашкан же бир ролго талапкер болгон эмеспиз. Мен өз карьерам менен да, карындашымдын жетишкендиктери менен да сыймыктанам.

– Бир нече муундагы көрүнүктүү режиссёрлор менен иштешкенсиз. Кимиси кесипке болгон көз карашыңызды өзгөрттү? 

– Мен чыныгы гений деп атаган биринчи адам Боб Фосс болгон. Кийинчерээк Пол Томас Андерсон менен иштешип жатканда да ушундай сезимде калдым. Дүйнөнү башкача көргөн адамдар бар. Алар көпчүлүк байкабаган нерселерди байкашат. Ушундай адамдар искусствону алга жылдырат. 

– Гений режиссёрду жөн гана таланттуудан эмне айырмалайт? 

– Генийлер чындыкты башкача кабыл алышат. Алар башкалар өткөрүп жиберген нерселерди көрүшөт. Ошондуктан алар менен иштөө ар дайым абдан кызыктуу. 

– Бүгүнкү күндө фильмдин башкы автору ким деген талаш-тартыштар көп болот. Сиздин көз карашыңыз кандай? 

– Бул конкреттүү тасмага жараша болот. Кээде режиссёр чечүүчү ролду ойнойт, кээде оператор. Мисалы, "Темный рыцарь" жөнүндө сөз болгондо, көпчүлүк Кристофер Ноланды эстешет, бирок жеке мен үчүн оператор Уолли Пфистердин иши ар дайым суктандырат. Бул тасманын кандай тартылганын караңыз. Анын визуалдык эстетикасы азыр да таң калтырат. 

– Көптөгөн көрүүчүлөр сиздин Сальваторе Маронинин каарманы көбүрөөк экран убактысына татыктуу болгон деп эсептешет. Сиз макулсузбу? 

– Албетте. Ар бир актёр көбүрөөк экран убактысын алгысы келет, айрыкча мындай масштабдагы тасмада. Кызыгы, дал ушул роль үчүн толук сынактардан өттүм. Төрт айдан соң гана мага роль берилгенин билдиришкен.

– Азыркы мезгилдин эң көп тасмаларына тартылган актерлорунун бири катары сизди аташат. Мындай укмуштуудай эмгекчилдиктин сыры эмнеде? 

– Чынын айтсам, мен муну эч качан өзгөчө нерсе деп эсептеген эмесмин. Менимче, көпчүлүк актерлор ушундай эле ритмде иштей алышат. Көбү актердук кесипти жумуш катары кабыл алышат, ал эми мен аны жашоомдун бир бөлүгү катары көрөм. Мага жаңы каармандарды жаратуу, ар кандай тагдырларды жашап өтүү, жаңы эмоцияларды жана мүнөздөрдү издөө жагат. Балким, күтүүсүз болушу мүмкүн, бирок көп актерлор жалкоолук кылат. Мүмкүнчүлүк бар кезде тынбай эмгектенүүгө даяр эмес. А мага процесстин өзү жагат. Ошондуктан, көп жыл мурункудай эле кызыгуу менен тартылууну улантып жатам. 

– Ушунча көп долбоорлордон кийин сиз барган өлкөлөрдү жана шаарларды ырахаттанып кыдырууга убактыңыз калабы?  

– Адамдар көбүнчө актердук жашоо – бул тынымсыз саякат жана укмуштар деп ойлошот. Чынында, көбүнчө мен мейманкана бөлмөсүн, машинаны жана съемка аянтчасын көрөм. Кээде ресторанга киргенге жетишем, бирок кээде ал кайсы көчөдө жайгашканын да билбей калам. Чыныгы саякаттар жубайым жанымда болгондо гана башталат. Мисалы, жубайым Одессаны сөзсүз көрүшүм керектигин талап кылган. Мындан улам ал жакта бир жарым күн болсом дагы, шаардын атмосферасын сезип калууга үлгүрдүм.

– Сиз талантын өтө жогору баалаган актерлор барбы? 

– Албетте. Мен Анжелина Жоли менен Том Крузду абдан жакшы көрөм. Бул экөө кесипкөйлүгү, эмгекчилдиги жана ишине берилгендиги үчүн чын дилимден сыйлаган актерлор. 

– Америка киносу ар дайым коомдун күзгүсү болуп келген. Эмне үчүн бүгүнкү күндө кинематограф коомдун олуттуу көйгөйлөрү жөнүндө сейрек сүйлөп жатат? 

– Менимче, мурда мындайлар болчу. Айрыкча 60- жана 70-жылдары. Ошондо кино чын эле коомду изилдеп, татаал суроолорду көтөргөн. Азыркы дүйнө өтө тез жана татаал болуп кетти. Кээде искусство ага жеткенден кыйналат. 

– Сиз татаал жана эки ача маанайдагы каармандарды ойноону жакшы көрөрүңүздү айттыңыз. Ал эми экранга ойно жатып, күтүлбөгөн жерден өзүңүздү таап алган учурлар болгонбу? 

– Албетте. Ар бир жакшы роль күзгү сыяктуу болот. Кээде каарман мурда ойлобогон сапаттарыңызды көрүүгө жардам берет. Айрым каармандар мага эр жүрөктүүлүктү үйрөтсө, башкалары сабырдуулукту үйрөтүштү. Өз коркууларыңа жана алсыздыгыңа көз чаптырууга мажбурлаган ролдор болгон. Балким, ошондуктан актердук кесип көп жылдардан бери мага кызыктуу бойдон калууда. 

– Голливуд көбүнчө иллюзия фабрикасы деп аталат. Карьераңыздын башында ишенген нерселериңиздин кайсынысы иллюзия болуп чыкты, кайсынысы жашоонун чындыгына айланды? 

– Жаш кезимде ийгилик дээрлик бардык көйгөйлөрдү чечет деп ойлочумун. Убакыттын өтүшү менен бул андай эмес экенин түшүнөсүң. Атак-даңк эшиктерди ачат, бирок адамды автоматтык түрдө бактылуу кылбайт. Үй-бүлө, сүйүү, достук жана ички дүйнө чыныгы баалуулуктар бойдон калат. Бул нерселер популярдуулукка көз каранды эмес жана акчага сатылбайт.

– Жашооңузда укмуштуудай ийгилик жана өтө оор мезгилдер болгон. Сизди сындырбай сактап калган нерсе эмне? 

– Биринчиден, үй-бүлө. Жакын адамдардын сүйүүсү баары урап бараткандай сезилгенде да адамды чөктүрбөй кармап турууга жөндөмдүү. Мындан тышкары, көбүнчө жумуш сактап келди. Жашоо татаалдашканда чыгармачылык тең салмактуулукту сактоого жардам берет. Жумуш мага алга жылууга жана кыйынчылыктарга токтолбоого мүмкүнчүлүк берди. 

– Атак-даңк адамдарды көп өзгөртөт. Сиз өзүңүздү кантип сактап калдыңыз жана реалдуу жашоо сезимин жоготкон жоксуз? 

– Чынын айтсам, жашоо өзү адамды тез эле жерге түшүрөт. Канчалык белгилүү болбогун, башка адамдар сыяктуу эле көйгөйлөргө туш болосуз. Оорулар, тынчсыздануулар, жоготуулар, кубанычтар — мунун баары статуска карабайт. Балким, ошондуктан мен өзүмдү эч качан жылдыз катары кабыл алган эмесмин. Мен жөн гана сүйүктүү ишим менен алектенүүгө бактылуу болгон адаммын. 

– Бүгүнкү күндө сиз үчүн ийгилик эмнени билдирет? Бул түшүнүк жылдардын өтүшү менен өзгөрдүбү? 

– Көп өзгөрдү. Жаш кезинде ийгилик - ролдор, акча, атак-даңк менен өлчөнөт. Убакыттын өтүшү менен чыныгы ийгилик – бул таңды ыраазычылык менен тосуп алуу мүмкүнчүлүгү экенин түшүнө баштайсың.  Жаныңда сүйүктүү адамдарың болуп, сүйгөн ишиң менен алектенгенсең жана артыңа караганда уялбагандай жашоодо жашаган болсоң.  

– Жашооңузда ролдорго же сыйлыктарга караганда көбүрөөк сыймыктандырган кандайдыр бир иш жасадыңыз беле? 

– Ооба. Бул менин жакындарым менен болгон мамилем. Сыйлыктар текчелерде жатат, тасмалар тарыхтын бир бөлүгү болуп калат, ал эми үй-бүлөнүн сүйүүсүн жана урмат-сыйын эч нерсе алмаштыра албайт. Эгер сиз сүйгөн адамдар сиз жөнүндө жакшы сөз айта алышса, демек, сиз жашоону текке кетирген жоксуз. 

– Артка кылчайып караганда, кайсы учурларды эң көп эстейсиз: жеңиштерди, каталарды же жолугушкан адамдарды? 

– Адамдарды. Эч күмөнсүз. Убакыттын өтүшү менен адамдар жашообузду маңыз менен толтурарын түшүнөсүң. Премьералардын даталарын же долбоорлордун аттарын унутуп калышыбыз мүмкүн, бирок жашообуздун эң маанилүү учурларында жаныбызда болгондорду эч качан унутпайбыз. 

– Адамга акылмандык менен чогуу эмне келет? 

– Кабыл алуу жөндөмү. Жаштык баарын өзгөрткүсү келет. Акылмандык дүйнөнү кандай болсо, ошондой түшүнүп, кабыл алууга үйрөтөт. Бул багынып берүү дегенди билдирбейт. Бул өзгөртүүгө мүмкүн болбогон нерселер менен күрөшүүнү токтотуп, чындап маанилүү болгон нерселерге көңүл бурууну билдирет. 

– Көп жылдан кийин сизди адамдар кандай эстеп калышын каалайсыз? 

– Албетте, адамдар менин тасмаларымды эстеп калышканы жагымдуу. Бирок андан да маанилүү нерсе бар. Мен мени адептүү адам катары эстеп калышын каалайт элем. Акыр-аягы, бизден кала турган нерсе ушул. Сыйлыктар, афишалар же кассалык жыйымдар эмес. Биз кандай адам болгонубуз тууралуу эскерүү калат. 

– Сиздин оюңузча, тасмалар, сыйлыктар жана кол чабуулар бүткөндөн кийин адамдан эмне калат?

– Сүйүү. Калгандын баары эртеби-кечпи тарыхтын бир бөлүгүнө айланат. Ал эми сүйүү, боорукердик, сый-урмат, башка адамдарга берген нерселериң жашай берет. Балким, адам өмүрүнүн чыныгы мааниси ушундадыр. 

– Адам жашы өткөн сайын эмнеге ээ болот? 

– Баарынан мурда түшүнүүгө. Жаш кезиңде дүйнөнү өзгөртө алам деп ойлойсуң. Бирок жашың өткөн сайын адамдарды жакшыраак түшүнүп, жашоону бар калыбында кабыл ала баштайсың. Убакыттын канчалык баалуу экенин түшүнөсүң. Анан айланадагыларды өзгөртүүгө аракет кылгандын ордуна, башкаларды түшүнүүгө жана өткөргөн ар бир күндү баалоого үйрөнөсүң. 

– Урматтуу Эрик, сиздин ушунчалык терең адам экениңиз жагымдуу. Чынчылдыгыңыз үчүн рахмат. 

– Ассоль экөөбүз диалогубуздун тереңдигине суктанып турам. Мени эң маанилүү нерселер жөнүндө кайрадан ойлонууга мажбурладыңыз. 

– Рахмат, сизге жаңы бурулуштарды, мыкты ролдорду жана ден соолук каалайм! Сизди Кыргызстанда көрүүгө кубанычтамын. 

– Бул ар дайым керек. Рахмат, чакырсаңар кубанып келем.

Соңку сөз
Эрик Робертс чыгармачылык карьерасынын ондогон жылдарында кино дүйнөсүндө сейрек кездешүүчү нерсени – ички эркиндикти сактап кала алды. Ал эч качан айланасындагыларга ыңгайлуу болууга умтулган эмес, мода тенденцияларына ылайыкташпады жана өз принциптеринен тайган жок. Бул чынчылдык анын ролдорунда да, турмушка болгон көз карашында да сезилет. 

Жүздөгөн тасмалардын, дүйнөлүк таанылуунун жана атактуу ысымдын артында дүйнөнү кызыгуу менен караган, үйрөнгөн, иштеген, өзүнө бекем бойдон калган адам турат. Балким, анын чыгармачылык узак өмүрүнүн башкы сыры ушундадыр. 

Биздин маектешүүдөн кийин менде жөн гана көрүнүктүү актер менен эмес, сыноолордон, бийиктиктерден жана кулоолордон өткөн, бирок эң маанилүү нерсени – чыныгы болуу жөндөмүн сактап калган адам менен жолугушкан сезим калды. Ал эми дал ушундай адамдар экрандын гана эмес, турмуштун да легендаларына айланышат.