Балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер келечекке кандай коркунуч жаратышууда?
Баланын дени сак болуп өсүшү үчүн ата-энеден жеңил эмес аракет талап кылынат. Туура жетилүүсүнө бир гана камкордук, сүйүү, мээрим эмес, дарыгерлердин кеңеши, жардамы да керектелет эмеспи. “Караван-Инфо” редакциясы балдардын саламаттыгына байланышкан темада Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун врач-педиатры Жанайым Эсенбек кызы менен маектешти.
- Кыргызстанда өсүп жаткан балдардын ден соолугунда негизинен кандай көйгөйлөр басымдуулук кылат?
- Азыркы учурда витаминдердин, микроэлементтердин жетишсиздигинен улам балдар бат-бат ооруп жатышат. Ошондой эле экологиянын начарлаганынан улам аллергия менен жабыркагандар бар. Күн сууктап баштаган маалда сасык тумоого чалдыккан балдардын катары көбөйөт. Андан сырткары тубаса жүрөк жетишсиздиги барлар дагы көбүрөөк кездешип баштады.
- Жылдан жылга балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер көбөйүүдө, эмне себептен деп ойлойсуз?
- Туура айтасыз, эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер көп. Анын себеби – ата-энелер туура эмес маалыматты алып жатышат. Вакцина эмне экенин, кандай иштээрин билишпейт. Вакцина зыян деген терс маалымат эл арасына жайылып кеткен. Биз, адамдар психологиялык жактан терс маалыматты кабыл алууга жакынбыз.
Биринчиден, азыр вакцина берилип жаткан оорулар аз кездешкендиктен, адамдарга андай дарттар жоктой сезилет. Мисалы, чоң ата-чоң энелерибиз ал дарттарга өздөрү кабылып же кабылгандарды көрүп, кандай экенин жакшы билишкендиктен балдарын эмдетип келишкен. Анын шарапаты менен ооругандар азайып, элдин саны өстү. Азыркылар билишпегендиктен вакцинага кайдыгер карашат.
Негизинен вакцина деген эмне? Бул жугуштуу ооруларды алдын алууга багытталган каражат. Организмге киргенден тартып иммундук системаны турукташтырат, мисалы вирус же бактерияга каршы белгилүү патогендерди таанып, алардан коргоно тургандай кылып үйрөтөт. Вакцинанын түрлөрү бар: алсыраган патоген, өлтүрүлгөн патоген же алардын кандайдыр бир бөлүктөрү. Организм алар менен жолуккандан кийин таанып калат дагы, күрөшүүгө көнөт. Алар ооруну жарата алышпайт, алсыраган патоген болгон учурда деле ооруну козгогонго жетишпейт, иммундук системаны үйрөтүүчү гана күчкө ээ. Ошондуктан вакцина алгандан кийин ооруп калат деген түшүнүк туура эмес. Кокус келечекте адам ошол вакцина алган оору менен ооруп калса иммунитет коргонууга даяр болот дагы, жеңил же орто жеңил түрүндө өткөрөт же такыр эле симптомсуз болушу ыктымал.
- Вакцинадан баш тартуу кандай тобокелчиликтерди жаратат?
- Эгерде балдарын эмдетүүдөн баш тарткандар көбөйө берсе, жамааттык иммунитет түшүп баштайт. Адамдарда жугуштуу оорудан коргонуу үчүн жамааттык иммунитет болушу керек. Ал адамдардын 95 пайызы эмдөөдөн өткөндө же ошол оору менен ооруп айыгып, иммунитети пайда болгондо жаралат. Андан аз пайыз болсо, жугуштуу оору жайылышын улантат. Эмнеге 95 пайыз? Анткени кээ бир жаңы төрөлгөн балдарда иммунитет жок же айрым оору менен ооругандарга вакцина алууга болбойт. Бирок жамааттык иммунитет күчтүү болсо алар дагы коргоодо болушат, оорушпайт. Мисалы, илгери табигый чечек деген оору болгон, ага карата жамааттык иммунитет пайда болгондуктан, 1980-жылдардан тартып ал оору жок болуп эсептелинет. Азыркы учурда эмдөөдөн баары өтө бербегендиктен айрым, унутта кала баштаган оорулар кайра жанданды. Мисалы, кызамык, көк жөтөл. Дагы да вакцинадан баш тартып тура берсек, унутта кала баштаган оорулар күчөп, балдар гана эмес, чоң кишилер да ооруп, өлүм катталып, популяциябыз азайышы мүмкүн.
- Азыркы учурда балдар алсыз болуп жаткандай сезилет. Бир аз суукка кабылса оорушат. Анын себеби эмнеде болушу мүмкүн?
- Бир нече себептери бар, биринчи, үй-бүлөнү пландоо коюлган эмес. Үй-бүлө кураардын алдында канча балалуу болобуз, канча жаш аралыгы менен, аларды кандай чоңойтуп, билим беребиз дегенди ойлонушпайт. Балалуу болуудан мурда ата-эне өзүндөгү витамин жетишсиздигинен арылып, өнөкөт ооруларын дарылатса, алсыз балдардын төрөлүшү да азаят.
Экинчиден, балдарды бир же эки жыл аралыгы менен удаа төрөшөт. Эненин организминде витамин, микроэлемент жетиштүү болушу керек, аны бала энеден алат. Жыл сайын төрөй бергенде витамин жетишсиздиги жаралат дагы, балага ала турган эч нерсе калбайт. Ошентип, улам кийинки удаа төрөлгөн бала аз кандуулук менен жабыркап алсыз боло баштайт.
- Баланын өнүгүүсүнө, мисалы боюунун өсүшүнө кайсы витаминдер маанилүү?
- Балага витаминдүү тамак-аш, таза чөйрө керек. Бала үчүн бардык витаминдер маанилүү, эң негизгилери, Кыргызстанда жетишпегени йод, темир, витамин Д. Айрым учурда В9, В12 витаминдер жетишпей калган учурлар болот. Бирок маанилүү экен деп эле БАДдарды, ар кандай витаминдерди бере берген болбойт. БАД дары каражаты болуп эсептелбегендиктен анын курамын текшерген учурлар аз. Аларды көзөмөлсүз ичирүү баланын бооруна, башка органдарына тескери таасирин бериши мүмкүн. Балада бат чарчоо, алсыздык, боюу өспөй жатканы байкалса же дагы башка даттануулар болсо педиатрга кайрылып, кандай витаминдер жетишпей турганын тактап алып, анан гана врачтын көзөмөлү менен ар бир витаминди өзүнчө алып ичкен туура болот. Жакшысы, витаминдүү тамак-ашка басым жасоо кажет. Ар бир тамакта белок, углевод, май болушу керек. Витамин сатып алууга кеткен акчаны азык-түлүккө сарптаңыздар.