Айжамал Исамидинова: Жаңы жылдан кийинки апатия. Психиканын өзгөрүшү жана аны кантип калыбына келтирүүгө болот
26 январь

Айжамал Исамидинова: Жаңы жылдан кийинки апатия. Психиканын өзгөрүшү жана аны кантип калыбына келтирүүгө болот

Жаңы жылдык майрамдардан кийин көп адамдар кубанычтын ордуна чарчоону, тынчсызданууну жана ички боштукту сезишет. Эмнеге мындай болот, бул абал нормалдуубу жана кантип өзүңдү күнөөлөбөй, өзүңө басым жасабай жеңил калыбыңа келе аласың – бул тууралуу психолог Айжамал Исамидинова айтып берди.

– Айжамал Искендеровна, эмнеге Жаңы жылдан кийин көпчүлүк адамдарда жеңилденүү эмес, чарчоо, тынчсыздануу жана боштук сезими пайда болот?

– Майрамдардан кийин мындай абал абдан көп кездешет жана анын түшүнүктүү психологиялык себептери бар. Ал алсыздыкты, ыраазы болбогондукту же кубанууга жөндөмдүн жоктугун билдирбейт.

Биринчиден, күтүүлөрдү өтө бийик коюп алуунун натыйжасы иштейт. Жаңы жылды “жаңы жашоо башталат”, “жашоо жеңилдейт”, “мен акыры кубанам” дегендей өзгөчө ойлор менен тосушат. Бирок майрам ички маселелерди автоматтык түрдө чече албайт. Ошондо күтүү реалдуулук менен дал келбей калат дагы, көңүл калуу орун алып, боштук жана “эми кандай болот?” деген тынчсыздануу сезимдери жаралат.

Экинчиден, декабрь – бул чоң стресстин убагы: шашылыш жумуштар, социалдык милдеттер, милдеттүү түрдө “кубануу”, эмоционалдык жана каржылык чыгашалар. Майрамдан кийин психика көзөмөлдөөнү токтотуп койгондой болот, анан топтолуп жаткан чарчоо, апатия, ый, боштук сезими сыртка чыгат. Бул сынактан же узак убакытка созулган стресстен кийинки абалга окшош.

Ошондой эле биологиялык ыргактын өзгөрүшү дагы таасирин берет, башкача айтканда, уйку бузулат, ашыкча тамактануу, алкоголь, режим алмашат. Нерв системасы тынчсыздануу, кыжырдануу же шалдыроо менен жооп берет – бул “жаман маанай” эмес, бул физиологиялык реакция.

Дагы бир жагдай – реалдуулукка кайтып келүү. Майрам убакыт токтоп тургандай иллюзия берет. Ал бүткөндөн кийин адам жоопкерчиликке жана чечилбей жаткан маселелерине кайрадан туш келет дагы, бул ички туруксуздукка жана капаланууга алып келиши мүмкүн.

– Майрамдардан кийин эмоционалдык жактан кантип калыпка келүүгө жана тынчсыздануу, чарчоодон сактанууга болот?

– Эң башкысы, өзүңдү күнөөлөбөй туруп темпти азайтуу керек. Эмоционалдык марафондон кийин жыйналуу эмес, калыпка келүү зарыл. Өзүңө активдүү пландарсыз жана ашыкча баарлашуусуз бир нече тынч күн тартуула. Бул пайдалуу.

Психика дене аркылуу калыбына жакшы келет: өз убагындагы уйку, жылуу жөнөкөй тамак, күн сайын сейилдөө, душ же ванна. Бул кортизолдун деңгээлин азайтат жана коопсуздук сезимин берет.

Ошондой эле “эмоционалдык куйруктарды жабуу” да маанилүү. Майрамдан кийин көбүнчө көңүл калуу, таарыныч, өзүн башкаларга салыштыруу орун алат. Кээде эмне ойлондуруп атса, эмне чарчатса, эмнени зарыл болгону үчүн жасадыңыз, эмне азыр жетишпей жатат – баарын кагазга жазып чыгуу жетиштүү. Болгонун болгондой – талдоо же баа берүүсүз жазуу керек. 

 Дагы бир учур – “жаңы башталыш” басымды азайтуу зарыл. Январдын биринчи күнүнөн тартып кескин максаттарды коюу “күйүп кетүүгө” алып келет. Бир жөнөкөй нерсени адатка айлантуудан баштап, анан аны акырындык менен ыргакка өткөрүү бир топ пайдалуу.

– Эгерде жаңы жылдан күткөн нерсеңди ала албасаң же өткөн жыл үмүтүңдү актабаган болсо, мындай учурда көңүл калуу сезиминен арылуу ыкмасы барбы?

– Бул сезимдин баасын түшүрбөш керек. “Башкаларда менден да жаман абал” деген өңдүү ой ички чыңалууну ансайын күчөтөт. Андан көрө “Ооба, мен башканы күттүм эле. Бирок андай болбой калды”, - деп чындыкты моюнга алуу жакшы. 

Көңүл калуу күтүү менен реалдуулук окшошпой калганда пайда болот. Эмне жасалды, кандай күтүүлөр өтө бийиктеп кеткен, а эмнелер чынында сизден көз каранды эмес болчу – бөлүп чыгыңыз. Бул өзүңүздү сындоону азайтат.

Эң татаал жылдан дагы адатта тажрыйба аласың. Жаңы жыл – бул кайра жүктөөнүн кнопкасы эмес, а жолдун уланышы. Кээде мотивация эмес, эс алуу жана өзүңө кам көрүү эң сонун старт болуп берет.

– Сиздин оюңузча, жаңы жылга кантип кирген жакшы – дароо эле амбициялык максаттар мененби же өзүңө пауза жана адаптация берүү оңбу?

– Пауза менен адаптация экологиялык жактан бир топ туура. Амбициялык максаттар ресурс бар болгон учурда жакшы. Эгер ичиңде чарчоо жана чыңалуу болуп жатса, кескин старт “күйүп кетүүнү” күчөтөт. “Азыр мага эмне маанилүү – умтулуубу же калыбыма келүүбү?” – ушул суроону өзүңүзгө берип көрүңүз.

– Майрамдардан кийинкиге калган чыңалууларды жана конфликттерди кантип туура жашап өтүү керек?

– Баарынан биринчи ыңгайлуу болууга аракеттенбей, чыңалууну моюнга алуу керек. Жаап-жашырылган эмоция дээрлик бардык учурда уруш-талаш же психоматика аркылуу сыртка чыгат.

Алгач эмоцияны кыймыл-аракет, дем алуу-чыгаруу, цензурасыз кат жазуу менен бөлүштүрүп салыңыз. Андан кийин гана сүйлөшүүгө барганыңыз оң. Сүйлөшүүдө “мен - айыптоочу” эмес, “мен - кабарлоочу” позициясын карманыңыз. Анан эсиңизде болсун, пауза – бул качуу эмес, жыйынтыкка жасалган камкордук.

Бардык эле конфликттер сөзсүз чечиле бербейт. Кээде башка адамды өзгөртүүгө караганда, өз чек араңды тактап, күтүүлөрдү азайтуу туура болот.