Кенжегул Мендебаиров, КР эмгек сиңирген артисти: "Чыгарган ырымды угуп байбичем "бети жок" деген"
Өзү 80 жашка келсе да өмүрүн маданиятка арнаган инсан Кенжегул Мендебаиров менен маектешик. Чыгармачылыкта баскан изи, чыгарган обондорунун тарыхы жана чыгармачыл уулдары жөнүндө кызыктуу маек куруп берди.
– Кенжегул агай, эмгек жолуңузду качан, кайсы жерден баштагансыз?
– Адеп эс тартып 18 жашка чыкканымда аскерге алып кетишти. Орусияда үч жыл мөөнөтүмдү өтөп, андан кийин Красноярск деген жерде шоопур болуп эки жыл иштеп Мекениме кайтым. Жердигим Жумгалдык болгон үчүн түз эле түнкү автобуска түшүп айылымды көздөй жөнөдүм. Беш жыл талаалап жүрүп эл-жериме болгон кусалык эреркетти көрүнөт Кызарттын белине келгенде шолоктоп ыйлагыным эсимде.
– Маданиятка аскерден кийин келген турбайсызбы?
– Ооба, Жумгал маданият үйүнө “Баянист” деген штат бирдик бар экен. Ошол жерге кирип ишке орноштум. Жетекчибиз, “Айлап жер кыдырып концерт койсок атайын счетко каражат толот, ошондон түшкөн каражаттан гана айлык аласыңар” деди. Орусияда ал кездин акчасы менен 480 рубль айлыкты кечиктирбей алып жүргөн мага 3-4 ай, кээде жарым жылдап айлык албай жашаган оор болду. Ошентип чыгармачылыкка болгон кызыгуум артып айлыгы жок иштегенге кайыл болгон күндөрүбүз болгон.
– Чыгармачылыкка болгон шыгыңыз кийин башталган турбайбы?
– Мектепте окуп жүргөнүмдө 16 жашымдан баштап эле обон жаздым. Өзүм Мандалин менен ырдачумун. Ошондой күндөрдүн биринде борбордон режиссер келип спектакль коюп калды. “Балдар бойго жеткенде” деген чыгармада “Макодонский” деген башкы ролду жараттым. Ал спекталдин арты менен “элдик театр” макамын алдык. Атак-даңк деген жакшы нерсе экен. Азыркыча айтканда “жылдыз оорусу” менен ооруп көчөгө чыксаң артыңдан келип салам бергендер болгондо өзүмдү Муратбек Рыскулов сезип алган күндөр да болгон. Дикторлук конкурска өтүп кеткенимде Шакин деген режиссер, “Ай Кенжегул! Сен дикторлукта бир гана микрафон тиктеп иштин маңызын сезбейсиң. Андан көрө театрда эле кал” деди. Ошентип менин чыгармачылыгымдын даңгыр жолу башталды.
– Нарын облустук драма театрына кайсы жылдардан бери эмгек кылып келесиз?
– Ошентип Жумгалда кыздардын жүрөк оорусу болуп турган кезимде биздин чыгармачылык топко 10-классты бүткөн таланттуу, шыктуу кыздар кабыл алынып калды. Арасында менин келинчегим да бар. Таанышып жылдызыбыз келишип 1971-жылы баш кошуп жашап калдык. Ошондон бери турмуш жолубуз чыгармачылыкта, театрда бирге уланып келе жатат. Кийин 1977-жылы облустук театр чакырып бул жакка келип эмгек жолубузду бирге уланттык. Ал кезде жылдызы жанып турган Бакирдин Алиев, Сейитказы Андабеков, Тамара Жумакаева менен үзөнгүлөш болуп иштей баштадым.
– Жаш кезиңизден тарта бүгүнкү күнгө чейин бир театрда эмгектенип келе жатасызбы?
– Ооба, куттуу театрдын сахнасында 50 жылдан бери ищтеп келе жатам. Мен эле эмес балдарым да иштеп жаткан чагы. Убакыт учкан куш сыяктуу тура. Кече эле үйлөнүп, балдарыбыз төрөлүп жаткандай болгон. Шамбет (Мендебаиров) уулум биздин жолду улап, нечен спектаклдерди коюп жүрүп көз алдымда чын дүйнөгө узап кетти. Бала жоготуу ата үчүн азап тура. Эстебей тура албайсың. Күн сайын көз алдымда “Ата...” деп турган элеси тартыла берет. Кайратымдан кетип баратам. Ыйлайм, эстейм, жытын сагынам, сахнадан баскан изинен элесин издейм. Айла жок экен...
– Назым Мендебаиров да сиздин уулуңуз. Балдарыныздын баары сиздердин жолду улаганбы?
– Төрт уул, эки кыздуу болдук. Туң улуубуз Шамбет, кийинки уулум Муратым кичинесинде чарчап калды. Анан Назым, Максат, кыздарым Гүлназ, Асель. Баары чыгармачылыкка шыктуу болуп чоңоюшту. Шамбетим режиссерлукка окуп баштаганда, “режиссер чыгаар бекен?” деп сарсанаа болгом. Бирок мен ойлогондон да күчтүү режиссер чыкты. Гулназым чет тилде эркин сүйлөп, дүйнөлүк классикаларды чет тилде окуп талдайт. Азыр театрда биз менен кесиптеш.
– Назым уулуңузга багытты сиз бердиңизби?
– Назым журналистика факультетинде окуп жүрүп, бир күнү Искендер Рыскулов “артист болбойсуңбу” десе окуп жаткан окуусун таштап театрдын алдындагы окуу жайга тапшырып алыптыр. “Журналист болом дегенсиң. Ошону окуп бүтүрбөйт белең. Эмне болсоң ошо бол. Башың баш багалчагың кара таш” деп таарынып карабай койдум. Бир күнү Алмаз Зарлыкбеков деген режиссер, “Кенжекул, балаңды карап койсоң боло. Абдан кыйын артист болуп чыкты” деди. Балама сыр билгизбей катышкан спектаклин барып көрүп, көргөн көзүмө ишенбей бир чети толкунданып, бир чети сыймыктанып, суктанып отурдум. Өз ак эмгеги менен ийгиликке жетти. Кийин өзүмдү күнөөлү сезип, жалынып жалбарып калдым. Окуп жүрүп жаштар сыйлыгынын ээси болду. Аракети абдан жакшы. Кээде ата-эне балдарыбыз жакшы болсун деп тандоосуна тыюу сала берет окшобойбузбу.
– Уулдардыңыздын ийгилигине күбө болуу ата үчүн кандай сезим болот?
– Назым менен Шамбет эки бир тууган режиссерлук окууда курсташ болуп калышты. Алгачкы дипломдук ишине спектакль коюшканда кабыл алган элди көрүп сыймыктанып, жетине албай, эмне деп айтаарымды билбей, апкаарып көзүмө жаш толуп турдум. Менин уулдарымдын ар бир ийгилигин толкундануу менен кабыл алам. Мындан апасы каршы болуп жатып бир кызым менен бир уулумду башка тармакка кетишти. Калганы чыгармачылыкта.
– “Сулууларга суктанууга акым бар”, “Кечирип кой” деген ырлар кимге арналып чыгардыңыз эле?
– Бир күнү Нарында китепканада чыгып жол жээкте жол тосуп туруп калдым. Карасам жерде гезит жатат. Көз чаптырсам Жолоочу Рысбаевдин кыскача маеги, ырлары бар экен. Бир жеринде “акым бар” деп турат. Бул акындын эмне болгон акысы бар экен деп колума алып окусам, “Сулууларга суктанууга акым бар деген ырдын текси экен. Үйгө жеткенче обону башыма келип туруп алды. Жетип эле пианиного отуруп жаздым да, байбичемди чакырып ырдап угузуп көрсөм, “ Бети жок! Ушуну кантип ырдайсын” дебеспи. Күлүп калдык. Ал эми “Кечирип кой” ыры Кадырбай Мамбетакунов деген обком партияда иштеген атактуу адамдын арты менен чыккан. Ал адам союз мезгилинде аялын менен ажырашып кеткенде, “моралдык жактан туруксуз” деп иштен алышат. Ошондон кийин биздин театрга адабий бөлүм башчы болуп иштеп калат. Өзү таланттуу кыйын акын киши болчу. Москвага барып ушул ырын жазып келиптир. Бир күнү ырын сурап алып обон жаздым. Театрдын кичи залында пианино турар эле. Ошондо ырдап жатсам, босогодо таянып туруп алып көзүнүн жашы он талаа аябай эреркеп ыйлап жатыптыр. Болгон жашоосун, өкүнүчүн жазган окшойт. Жарыктык киши өзү менен кошо мени да ыйлаткан эле. Мына ошентип ырлардын тарыхы ушинтип жаралган. Азыр ал адамдар жок. Мен эле минтип 80 жашка келдим.
