Зульфия Карыбекова, КР Эмгек сиңирген артисти: “Бактылуу өмүр сүрдүк”
Жакында эле таланттуу кино жана театр актёру Абдыкалык Акматовдун илдетке чалдыгып, ооруканада оор абалда жатканы боюнча маалымат коомчулукка тарап, акыркы мүдөөсүн Президентибиз Садыр Нургожоевич аткарып “КР Эл артисти” наамын да ыйгарды. Андан көп өтпөй оору жеңип кайтыш болуп кетти. Абдыкалык Акматовдун жубайы Зулфия айым биздин редакция жамаатына минтип айтып берди.
– Зульфия айым, Абдыкалык агабыздын арты кайырлуу болсун. Өтө кейиштүү болду. Биздин редакциянын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Негизи агабыздын илдети качан белгилүү болду эле?
– Өткөн 2025-жылдын сентябрь айынан тарта бир аз сасык тумоо менен сыркоолоп баштады. Күз келип, аба алмашканга ошондой болуп жатат деп ойлодук. Жаман илдет деп такыр ойлогон жокпуз. Көп өтпөй эле тамакка табити начарлап, ичи өткөнү басылбай, “кабыргамдын алды тиреп катуу ооручу болду” деп калды. Ал күн 17-ноябрь эле, Кыргыз кинодон чакыруу келген экен. “Мен грипп болуп жатам, барбай эле коёюн. Сен эле барып кесиптик майрамыңда көңүл көтөрүп эс алып кел” деп жакшынакай кийинтип узаттым. Бир саат өтүп-өтпөй эле такси келип токтоду. Калык эс-учун билбей араң келди. Көчөдөн жыгылган экен. Белгисиз бирөөлөр таксиге салып жибериптир.
– Дароо ооруканага алып барган жоксуздарбы?
– Ал жерден тез жардам чакырдык. Келип ысытмасын түшүрүп, дарыларын берип, “үй-бүлөлүк дарыгериңерге баргыла. Грипп азыр ушундай катуу кармап жатат” деп кетишти. Эртеси каттоодо турган спецооруканага барсак, ал жактын врачы да сасык тумоо деп толтура дары жазып берип узатты. Дарыларды ичип бүтсө да жыйынтык чыкпай күчөй бергенде кайра барсак ал күнү кезек жетпей койду. Кийин дарыгер ооруп калды деп бир жумадан ашык ишке чыгышын күттүк. Калыктын абалы ошол учурда тездик менен оорлошуп кетти. Ошондо абалын көрүп карашып, тез жардам чакырып Фучиктеги ооруканага жиберишти.
– Кандай диагноз коюшту эле?
– №1 ооруканага барганда дароо анализдерин алып, түнү менен апараттарга түшүрүп, “боору ириңдеп төрттөн бир бөлүгү эле калыптыр.Тез арада операция жасашыбыз керек” дешти. Башкы дарыгери Оморов баштаган хирургдар операция жасашты. Ийгиликтүү болду деп үйгө чыгып келип, кой союп түлөө өткөрдүк. Бирок ал кубанычыбыз көпкө узаган жок. Бир ай убакыт өтпөй кайра өзүн жаман сезе баштаганда текшерүүгө барсак, рак илдетин аныктап беришти. Ошону укканда нес болуп эле калдык. Экинчи жолу операция дешти. Ооруканага бараткандагы элеси көз алдымдан кетпейт. Жаан аралаш кар жаап жер баткак эле. Үйдөн чыксак көлчүк болуп жашоочулар убараланып араң өтүп жатышыптыр. Нары жактан кирпич, таштарды терип келип ошол көлчүктөн басып өтмө кылып жатпайбы. “Өзүң больницага операция болгону баратсаң аны эмне кыласың, бас”, – десем жылмайып: “Мен өтпөсөм да кошуналар өтөт”,-дейт. Ушундай кең пейилдигине ыраазы болом. Жашай турчу учурунда кетти. Ансыз деле бул жашоодо көп кыйналды, тагдыры оор болду.
– Эл агайды мыкты актёр деп билет. Өзүнүн басып өткөн жолу кандай болду эле?
– Калык төрт жашында алты бир тууган атадан жетим калган экен. Жалгыз апабыз асырай албай калыкты Ноокаттагы балдар үйүнө өткөрүп, ошол жактан чоңоюп, окуптур. Кийин Москвадагы кино жана театр актёрлугу боюнча жогорку билим алып келет. Өзгөчө өмүрлүк жар табууда кыйналып, багы ачылбай чыныгы сүйүүнү, бакытты издеп өмүрүнүн көпчүлүгү жан дүйнө оорусу менен өтүптүр.
– Сизге кандай жолдош болду?
– Калык экөөбүз 16 жыл бирге жашадык. “Сага жолукканга чейин жашоонун маңызын билбей, чыныгы бакытты сезбей жашадым. Мен карыганда чыныгы сүйүүмө жолуктум” деп көп айтчу. Өзү чынчыл, аракетчил, ак жүрөк адам эле. Мага деген чыныгы мырзалык мээрими, үй-бүлөсүнө берилгендиги менен жашап өттү. “Көзүмө чөп салба, калганын баарын кыл. Жакшы тамакты ич. Жакшынакай жасанып жүр, жакшы кийимдерди кий. Сахнанын айымы дайыма жаркырап туруш керек” дечү. Чыгармачылык иштерим менен бир жакка барарда менден мурда сарсанаа болуп, кабатырланып, ал күнү үйдүн түйшүгүнөн мени бошотуп, “өзүм тамак жасап коём, сен даярдан” деп турар эле. Экөөбүздүн сүйүү жаш өткөндөгү махабат болду.
– Кантип таанышып калгансыздар?
– Ал кезде мен Ошто жашачумун. Клип тарттырсамбы деп Бишкекке келген элем. Т.Маймашов деген режиссёр менен сценарий жөнүндө сүйлөшөлү деп жолуксам, Калык да кошо келиптир. Биринчи жолу ошол жерден тааныдым. Чай үстүндө баарлаштык. Калык болсо чайга деле караган эмес, мелтиреп ойлуу тиктеп отурганын билем. Кийин “бир көргөндө эле жактырып, ушул айым меники болот” деп ар бир кыймылыңды, сүйлөгөнүңдү карап отургам деп жатпайбы.
– Дароо эле колуңузду сурадыбы?
– Жок, ал күнү шашып телевидениеге кеттим. Артымдан узатам деп кошо ээрчип алды да телефон номеримди алды. Кыш мезгили эле, “тайгалакта сизди узатып коеюн. Эфир бүткөндө чалыңыз” деп телефон номерин берди. Эфирден чыгып кетейин деп жатсам телефонум шыңгырайт. “Мен эбак кетип калгам” деп калп айтып сыртка чыксам эле Калык күтүп туруптур. Калп айтканыма уяла түштүм. Ошентип сүйлөшүп калдык. Оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп мен аябай кооптонуп, өзүмдү оолак кылганга аракет кылдым. Бирок ал телефондо байланышын үзбөй, бир жыл артымдан калган жок. Бир күнү баш кошуу тууралуу сунуш киргизди. Ошентип Ошко келип жакындарымдын, балдарымдын алдынан өтүп, калыңын берип мени Бишкекке алып келди. Бактылуу кылам деген сөзүнө турду. Романтик эле. Ар бир 8-Мартта гүл, белек менен көңүлүмдү көтөрчү. Калыкка жолуккандан бери ушул жылы гана белексиз калдым. Быйылкы майрамды анын оорусу менен алышып ооруканадан тостум.
– Жаш өткөндөгү сүйүү кандай экен?
– Биз 2010-жылы ал 56 жашында, мен 44 жашымда баш коштук. турмушка чыктым. Акыл токтотуп калган кездеги сүйүү башкача болот экен көрсө. Оштон Бишкекке жатакананын бир бөлмөсүнө алып келди. Калык экөөбүз эки кашык, эки чыны менен жашообузду баштадык. Мен ак жүрөгүн, ниетин кабыл алып, материалдык абалын караган жокмун. Кийин балдарымды алып келдик. Бир да жолу өгөйлүгүн көрсөткөн жок. Менин балдарым деп бооруна кысып, мээримин төктү. Баарыбызды сүйдү, жакшы көрдү. Убакыт өтүп балдар эрезеге жеткенде эки уулумду үйлөнтүп, кызымды турмушка узатты. Мен да анын эки уулуна болушунча энелик мээримимди төккөнгө аракет кылдым. Биз чыныгы үй-бүлөлүк бакытты сезип жашадык. Аз жашасак да маңыздуу өмүр сүрдүк.
– Ушул убакытка чейин наамы жок, ал турсун жатаканада жашаган экенсиздер?
– Биз жашаган жатакана ТЮЗ театрына карайт. Жыл сайын жогору жактан “чыккыла” деген коркутуу болот. Эми эмне кылабыз деп сарсанаа болобуз. Артисттердин айлыгы аз, үй алмак турсун азык-түлүккө араң жетет да. Театрдын жаштары келип “Карыганча үйлүү болбой эмне жатасыңар жатаканада? Бошотуп койгула” деген кептерин да айтышты. Өмүрүн театрга, маданиятка арнаган үчүн акчага улунуп-жулунбай искусство деп жашаган үчүн абалыбыз ушундай экенин жаштар кайдан түшүнсүн. Арманы эмгеги бааланса дечү. Президентибиз Садыр Нургожоевичке рахмат, көзү бар кезде дегдеп жүргөн сыйлыгын берди. Акыркы сөзү да ушул болду, эл-жерине, Президентибизге бата тилеп, мени балдарына аманат кылып узады...
