Табылды Актанов: «Манасчылык өнөрдү жаттабайт, Манасты көрүп туруп айтат»
28 октябрь

Табылды Актанов: «Манасчылык өнөрдү жаттабайт, Манасты көрүп туруп айтат»

Кыргыздын залкар манасчысы Тыныбек – актёр Табылды Актановдун өз чоң атасы. Ал Тыныбектин урпагы катары Манас айтуунун сырын бала кезинен угуп, сахнада да эпостун үзүндүлөрүн айтып келет. Актановдун айтымында, манасчылык жөн гана жаттап алуу менен эмес, өзгөчө касиет менен байланышкан өнөр. Ал бүгүнкү жаштардын «аян келди» деп манасчы болуп жатканы тууралуу өз оюн бөлүштү.

– Табылды мырза, Тыныбек манасчы сиздин өз чоң атаңыз экен. Манасчылыктын чөйрөсүндө чоңойгонуңуз сизге кандай таасир берди?

– Манасчы Тыныбек менин өз чоң атам. Бүткүл манасчылар Тыныбектин шакирттери десек болот. Сагынбай, Тоголок Молдо, Кытайдагы манасчылардын көбү да Тыныбек чоң атамдан таалим алышкан.

Тыныбектин баласы – Актан, Актандын баласы – менмин. Мен да Манасты айтам. Бирок кесибиме жараша аны көбүнчө драматургияда, сахнада айтып келем. Ошентип Манаска кызмат кылып келе жатабыз.

– Чоң манасчынын тукуму экенсиз. Балдарыңыздын же неберелериңиздин арасында Манас айткан адам барбы?

– Манасчылык сөзсүз эле укумдан-тукумга өтөт деген түшүнүк туура эмес окшойт. Кыргызча айтканда, манасчылык өнөр жогору жактан келип, адамга берилет. Аны кабыл алып, маңдайына жазылбаса, манасчы болбойт окшойт.

Азыркы жаш балдардын көбү: «Мага аян келди, анан манасчы болдум», – деп айтып жүрүшөт. Мен буга таңгалам. Кырк жыл тынбай Манас айтып, аны аягына чыгара албаган Тыныбектин баласына аян бербеген Манасчылык азыркы балдарга кантип аян берип жатат?

Менин чоң атам Тыныбектин өзү да: «Мен аян алган жокмун», – деп айтчу экен. Манасчыларга кандайдыр бир касиет жылоолойт окшойт. Болбосо Тыныбектин ата-бабаларынын Манаска тиешеси жок болчу.

– Манасты сахнада айтып жатканда өзүңүздү кадимки эле манасчыдай сезген учурлар болобу?

– Сөзсүз болот. Азыр деле «Манас айт» десеңер, каалаган жеринен айта берем.

Анткени манасчылык өнөрдү жөн эле жаттап албайсың. Манасты көрүп туруп айтасың. Манас айтып жатканда ар бир окуя көз алдыңа келет. Көрбөсөң, кантип айтасың?

Манасчылык өнөрдүн күчү, касиети да ушунда. Сен айтып жаткан окуяны өзүң көрүп тургандай болосуң.

– Сиз да чоң манасчынын тукуму катары Манастын бир вариантын толук айтып, элиңизге калтыруу жөнүндө ойлондуңуз беле?

– Бул чоң иш. Бирок мен башка иштер менен алек болуп кеттим. Азыр аны көтөргөнгө физикалык жактан да күчүм жетпейт. Жашым да келип калды. «Айтам» деп эле айта берген болбойт. Манасты толук айтууга чоң күч, убакыт жана даярдык керек.