Психолог Рано Акматова: Аялга зомбулук көрсөткөн эркектер кайдан чыгат? 
10 апрель

Психолог Рано Акматова: Аялга зомбулук көрсөткөн эркектер кайдан чыгат? 

“Күчтүү эркек – бул аялды урган эмес, аны коргой билген, сыйлай билген адам”,  дейт психолог Рано Акматова. Биз аны менен өзүнө ишенген, өзүн баалаган жана анын оюу, каалоосу менен эсептешпеген тарапка “Жок!” деп айтууну билген кыздарды кантип тарбиялоо керектиги тууралуу баарлаштык. Аны менен катар психолог үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууда эркек баланы да туура тарбиялоо өзгөчө роль ойноорун белгиледи. 

–  Акыркы учурда үй-бүлөлүк зомбулук көрүнүштөрү эмне үчүн көбөйүп жатат деген суроого психологиялык жактан жооп издесек, сиз кандай жооп берет элеңиз?

– Акыркы жылдары үй-бүлөлүк зомбулук көрүнүштөрү тездик менен көбөйүп жатат. Бул коомубузду гана эмес, ар бир үй-бүлөнүн, ар бир баланын тагдырын тереңден ойготкон коңгуроо болуп турат. Эмне үчүн зомбулук ушунчалык күчөп кетти деген суроо көпчүлүктү түйшөлтөт. 

Психологиялык көз караштан алганда, эң негизги себептердин бири адамдардын ички дүйнөсүнүн чарчоосу. Жумушсуздук, каржылык көйгөй, турмуштун оордугу нерв системасына таасир этет да, адам чыдамы азайып, өзүн башкара албай калат. Тилекке каршы, эң биринчи кезекте анын ачуусу эң жакын адамдарына жубайына, баласына төгүлөт. 

Экинчи себеп эмоцияны башкарууну билбегендик.  Биздин коомдо көпчүлүк адамдар өзүнүн нааразычылыгын, ачуулануусун, коркуусун кантип айтууну, кантип жеңүүнү үйрөнгөн эмес. Ошондуктан күч колдонуу менен гана “угузууга” аракет кылат. 

Үчүнчү себеп бала кезден калыптанган ишенимдер. “Урбаса бала оңолбойт”, “урса гана акыл кирет” деген түшүнүктөр муундан муунга өтүп, бүгүнкү күндө чоң көйгөйгө айланып олтурат. Зомбулук менен чоңойгон бала кийин өз үй-бүлөсүндө да ошол эле ыкманы колдонууга ыктайт. 

Төртүнчү себеп –жалгызсыроо жана коомдук колдоонун аздыгы. Мурда чоң үй-бүлөдө, туугандардын кучагында чоңойгон адамдардын жан дүйнөсү да бекем болчу. Азыр болсо көпчүлүк жалгыздыктын ичинде жашап, ички кайгысын бөлүшө албай, агрессия аркылуу чыгарат. 

Зомбулук - бул жөн гана күч колдонуу эмес, бул коомдун руханий жарааты. Ар бир ур-токмоктун артында баланын көз жашы, аялдын жараланган жүрөгү, эркектин башкарылбай калган эмоциясы турат. Эгер биз бул көйгөйдү токтоткубуз келсе, эң биринчи кезекте эмоцияны башкарууну үйрөтүшүбүз керек. Баланы кичинекейинен урбай, түшүндүрүү менен тарбиялап, үй-бүлөдө урмат сыйды күчөтүү зарыл. Үй-бүлөдөгү ынтымак бул мамлекеттин бекем пайдубалы. Үй-бүлөдөгү тынчтыкты сактоо ар бирибиздин жеке жоопкерчилигибиз.

– Өзүн сыйлаган, өзүн кимдир бирөөнүн кордоосуна жол бербеген кыздарды кантип чоңойтуу керек?

– Бул абдан маанилүү жана ар бир эненин жүрөгүн өйүгөн суроо. Кыз баланы чоңойтуу – бул жөн гана багуу эмес, бул аны жашоого даярдоо. Биз бүгүн кантип тарбияласак, эртең кыздарыбыз өзүнө ошондой мамиле талап кылат. Өзүн сыйлаган кыздын негизги күчү – анын ичиндеги ишеним. Ал ишенимди эч ким сырттан бере албайт, аны үйдө ата-эне салат. 

Эгер биз кыздын оюн угуп, ар бир сөзүнө маани берип, “сен акылдуусуң, сен урмат сыйга татыктуусуң” дегенди билдирсек, анын жүрөгүнө бекем пайдубал курабыз. Бирок тилекке каршы, көп учурда кыздардын үнүн басабыз. “Сен унчукпа”, “сенин оюң маанилүү эмес”, “ким угат сени” деген сөздөр анын ички дүйнөсүн жаралайт. Мындай тарбия алган кыз кийин башкалардын басынтуусуна чыдап калат, анткени бала кезден эле өзүн кордоого татыктуу сезип калган болот. 

Өзүн сыйлаган кызды чоңойтуу бул ага “жок” деп айтууга укук берүү. Кичинекей кезинен “эгер сага бирөө жагымсыз тийсе, сен ‘жок’ деп айта аласың” деп үйрөтүшүбүз керек. 

Өз оюн айтууга эркин өскөн кызды эч ким оңой менен басынта албайт. Эң чоң сабак – бул ата-эненин өзү. Эне өзүн сыйласа, атасы кызын урматтаса, ошол эле үлгүнү кызы да көрөт. Өзүн кордотуп жүргөн эненин сөзү эмес, жүрүм-туруму күчтүү таасир берет. 

Кыздарыбызды сүйөлү, угалы, урматтайлы. Аларга канат берели. Өзүн сыйлаган кыз эртеңки күнү элин да сыйлаган, үй-бүлөсүн да урматтаган, күчтүү инсан болот. Өзүн кимдир бирөөнүн кордоосуна жол бербеген кыз – бул эң чоң байлыгыбыз, эң коопсуз келечегибиз.

– Улуу муун тарбиядан кандай катачылык кетирген деп ойлойсуз жана аны биз кантип жоюшубуз керек? 

– Улуу муун тарбияда эмнеден жаңылды? Бул суроону ар бирибиз өз жүрөгүбүздөн сурашыбыз керек. Биздин ата-энелерибиздин жакшы жактары көп болду, бирок айрым катачылыктардын кесепети бүгүнкү күндө дагы балдарыбыздын жүрөгүн оорутуп жатат. 

Эң чоң катачылык баланын сезимин тааныбай коюу болду. “Ыйлабагын”, “эркек болсоң чыда”, “ачууңду көрсөтпө” деген сөздөр баланын ички дүйнөсүн басып салды. Натыйжада көптөр чоңоюп, өзүнүн эмоциясын кантип билдирүүнү, кантип башкарууну билбей калды.

Экинчиси, чоңдор гана туура билет деген авторитардык мамиле. Баланын оюу угулбай, “сен унчукпа” деген түшүнүк менен чоңойгон муун бүгүн өз алдынча чечим чыгара албай кыйналып жатат. 

Үчүнчүсү, коркутуу жана уят аркылуу башкаруу. “Уят болот”, “эл эмне дейт”, деген сөздөр менен тарбияланган бала ички ишеним эмес, башкалардын көз карашына гана баш ийип калды. Өзүн эмес, башканы канааттандырууга көнүп калды. 

Төртүнчүсү, уруп, урушуп тарбиялоо. “Жазасыз бала оңолбойт” деген түшүнүк менен чоңойгон муун бүгүн өз үй-бүлөсүндө дагы ошол айлампаны кайталай баштады. 

Биз бул каталарды кантип жоёбуз? Биринчи кезекте баланын сезимине орун берели. Ыйласа угалы, кыжырланса түшүнө билели, кубанса кошо кубаналы. Экинчиден, анын оюн урматтайлы. “Сенин пикириң маанилүү” деп үйрөтөлү. Үчүнчүдөн, коркутпай, ишеним аркылуу тарбиялайлы. Анткени коркунуч убактылуу баш ийдирет, ишеним болсо түбөлүк күч берет. Төртүнчүдөн, уруп эмес, түшүндүрүп тарбиялайлы. Бала көзү менен эмес, жүрөгү менен көргөндү эстейт. 

Эгер биз улуу муундун катасын кайталабай, тарбияны сүйүүгө жана урматтоого негиздесек, анда эртеңки муун бизден да күчтүү, бизден да акылдуу болот.

– Зомбулукту токтотуу үчүн кыздарды гана тарбиялабай, эркектерди да тарбиялоо керекпи, зомбулук көрсөткөн эркектер кайдан пайда болот? 

– Чындыгында, зомбулукту токтотуу үчүн кыздарды гана эмес, эркектерди да туура тарбиялоо зарыл. Көп учурда коомдо көңүл кыздарды “сактанууга” үйрөтүүгө бурулат: “Жөн жүр”, “Кийимиңди кара”, “Жалгыз чыкпа” деп. Бирок негизги суроо: зомбулук көрсөткөн эркектер кайдан чыгат? Психологиялык жактан караганда, зомбулук көрсөткөн эркектер кокусунан жаралбайт. Алар үй-бүлөдөгү жана коомдогу айрым көрүнүштөрдүн натыйжасында калыптанат: 

Биринчиден – бала кезден көргөн үлгү. Эгер уул бала атасынын апасына кыйкырганын, уруп сабаганын көрүп чоңойсо, анын аң-сезиминде “аялды урса болот” деген түшүнүк калыптанат. Башкача айтканда, зомбулукту бала үйдөн эле үйрөнөт. 

Экинчиден – эмоцияны башкарууну билбестик. Эркектерди көп учурда “ыйлабаш керек” деп тарбиялашат. Натыйжада уул бала өзүнүн кайгысын, коркуусун айтууну үйрөнбөй, аны агрессия аркылуу чыгарат. 

Үчүнчүдөн – коомдук түшүнүк. Айрым коомдордо “эркектин колунда бийлик болуш керек”, “аялды баш ийдириш үчүн күч колдонсо болот”, “аялды башынан карма”деген түшүнүктөр жашап келген. Бул түшүнүктү талкаламайынча, зомбулук айлампасы улана берет.

Төртүнчүдөн – өзүн-өзү баалоонун төмөндүгү. Ички алсыздыгын жашыруу үчүн айрым эркектер үстөмдүк кылууга аракет кылышат. Чыныгы күчтү урматтоодон эмес, коркутуудан издей башташат. Ошондуктан, зомбулукту токтотуу бул кыздарды сактанууга эмес, уулдарды сезимин башкарууга, урматтоого, жоопкерчиликти алууга тарбиялоо менен ишке ашат. Күчтүү эркек – бул аялды урган эмес, аны коргой билген, сыйлай билген адам.

– Кыздарды "чыдамкай бол" деп тарбиялоонун кандай кесепеттери бар жана анын артыкчылыктары да болушу мүмкүнбү?

– Кыздарды “чыдамкай бол” деп тарбиялоонун психологиялык кесепеттери да, айрым оң жактары да бар. 

Кесепеттери: 

  • көп учурда “чыдамкай бол” деген сөз кызды үн катпай чыдоого, өз оюн айтпоого, сезимин басууга үйрөтөт. Бул өзүн-өзү баалоонун төмөндөшүнө алып келет;
  • башкалардын катачылыгына чыдап жүрүп, өзүнө болгон урматын жоготот. Кийин кимдир бирөө басынтканда же зомбулук көрсөткөндө да аны “чыдоого тийишмин” деп кабыл алат; 
  • ички кыжырлануу, нааразычылык сыртка чыкпай, ичинде топтолуп, депрессияга же психосоматикалык ооруларга алып келиши мүмкүн;
  • өмүр бою башкалар үчүн жашап, өзүн унутуп коюу коркунучу бар. 

Артыкчылыктары: 

  • чыныгы чыдамкайлык кызды сабырдуу кылып, турмуштагы кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет;
  • эмоциясын башкарганды үйрөнгөн кыз кайсы бир учурда туура чечим чыгара билген акылман аялга айланышы мүмкүн; 
  • талаш-тартышта “дароо жарылбай”, күтө билүү, туура сөздү тандап айтуу бул да чыдамкайлыктын оң жагы. 

Жыйынтык: чыдамкайлык өзү жаман сапат эмес. Бирок аны туура түшүндүрүү маанилүү. Эгер “чыдамкай бол” дегенди “сени басынтканда унчукпай кой” деп эмес, “ар нерсеге шашпай баа бер, эмоцияңа алдырып чечим чыгарба” деп үйрөтсөк, анда ал чоң күчкө айланат. Кызды үн катпай чыдоого эмес, өзүнүн кадыр-баркын сактап туруп сабыр кылууга тарбиялаш керек. Ошондо чыдамкайлык кемчилик эмес, кудуреттүү сапат болуп калат.

– Сиз жогоруда кыздарга өзүнө болгон ишенимди берүү керек деп айттыңыз. Андай ишенимди өз кезегинде ата-энесинен албай чоңойгон ата-эне, өзүндө жокту балдарына бере алабы? Бул чынжырчаны кантип үзсөк болот? 

– Билим алып үзүүгө болот. “Билим алуу - кабырга чейин” деп бекер айтылган эмес. Билим десе эле сөзсүз бир сабакты же кесипти ойлоо туура эмес. Мамиле, эмоция, бала тарбиялоо негизи жашоонун сабактарын да дайыма үйрөнгөнгө аракет кылуубуз зарыл.