Нурлан Абдрахманов: Биз нурдан куралган үй-бүлөбүз
21 март

Нурлан Абдрахманов: Биз нурдан куралган үй-бүлөбүз

Нурлан Абдрахманов тууралуу тажрыйбалуу педагог, актер жана драматург деп айтылат. Сахнада жана кинодо роль жаратып, балдар үчүн актердук курсту иштетип, ошол эле учурда ар кандай тасмалардын, мультфильмдердин котормосунда үн коштоп, кумурскадай эле жаны тынбай эмгектенген Нурлан Абдрахманов актердук жашоосунун бир үзүмүн айтып берди.

– Жаштарга арналган театрында иштегенсиз, балдардын көрсөтүүлөрү менен алек болдуңуз, мультфильмдердин каармандарынын үнүн жараттыңыз. Сизге балдар темасы жакынбы?

– Ооба, чынында мага балдар темасы жакын. А.Өмүралиев атындагы шаардык драма театрында иштеп баштаганымда балдар үчүн жомокторду койчубуз. Мисалы, Андерсондун “Гадкий утёногун”. Анда башкы каарманды ойнодум. Киплингдин “Любопытный слоненок” деген жомогунда да башкы каарманды жараткам. Ошентип, балдар менен жакындаша бердик, балдарга көнүп калдык. Бала менен баладай болуп ойногонду билсең, бала дагы ачылат, эркин болот. Балдарга арналган ролду ачууга көбүрөөк аракет жасайсың. Анткени, бала жасалманы дароо сезет, ага ойноп жатканда өзүңдү бала сезишиң керек.

Шаардык театрдан кийин “Кыргыз радиосуна” келдим, ал жакта чоңдор үчүн поэзия окусам, балдар үчүн ал убакта “Балдар FM” деген радио бар эле, жомокторду, радиопостановкаларды окуп жүрдүм. Ага удаа котормого, “Дөөлөт” студиясына барып, көптөгөн мультфильмдердин үнүн коштодум.

Андан соң “Сейтек” борборуна мугалим болуп кирип, өспүрүмдөргө актердук чеберчилик боюнча сабак өтүп, спектаклдерди койдук. Өспүрүмдөрдүн психологиясын түшүнүп баштадым, алардын талантын ачканга аракет кылдым, билгенимди, билимимди татыктуу педагог катары жеткирүүнү дайыма издендим. Өспүрүм курак – бул адамдын жашоосундагы эң маанилүү учур. Ушул куракта балага туура багыт берсек, жакшы адаттарды, көндүмдөрдү тартууласак – ал өмүр бою пайдубалына айланат. Ушул үчүнбү, мага өспүрүмдөр менен иштешүү өтө маанилүү болду, педагогдук кылуу бир адамдын болсо да өмүрүнүн туура нукка бурулушуна жоопкерчилик алуу экенин түшүндүм. Ошондуктан учурда “ДемиАрт” студиясы деп жеке курсубузду ачтык.

– Сиз атаган курс боюнча сурайын дегем. Ачылуу максаты эмнеде, ал жакка кандай балдар тартылат, балдардын талантын ачуу үчүн кандай иштер жасалат, ушул тууралуу айтып берсеңиз?

– Ал курста тартынчаак, өз оюн ачык айта албаган балдарды актердук чеберчилик аркылуу ачылууга, эмоцияларын туура жол менен сыртка чыгарууга жардам беребиз. Ошол эле убакта гиперактивдүү балдар болот эмеспи, аларды тескерисинче токтоо болууга көндүрөбүз. Булардын баары жогоруда белгиленгендей, актердук чеберчиликти таанытуу, ар кандай ыкмалар менен ишке ашат. Мен балдар менен көп жылдан бери иштешип келаткандыктан, балдар дүйнөсү дагы бир нерсеси менен жакын – чоң кишилерге салыштырмалуу балдар таза болот. Ойлогон оюн так, түз беришет, андыктан балдарды мен окутсам, алар мени жандүйнөнү таза кармоо канчалык маанилүү экенине окутушат.

– Сиз үчүн эмне оор: образ жаратуубу же үн коштообу?

– Мен бул жеңил же бул оор деп бөлө албайм. Бирок үн коштоодо образдар даяр, каармандын сүйлөө манерасы, кебете-кешпири, кыймыл-аракети, мимикалары экрандан көрүнүп турат. А өзүң образ жаратканда эч нерсе көрбөй-билбей туруп, боштукту толтурганга, өзүң чайнап, изденгенге туура келет, бул айрыкча театрга тиешелүү. Бирок үн коштоонун бир кыйынчылыгы -  ооздун кыймылына дал келүү, анан эмоцияларды туура чыгара билүү, каармандын темпераментин так түшүнүү зарыл. Каармандын темпераменти менен сенин темпераментиң бирдей болушу керек. Кээде үндү өзгөртүп сүйлөөгө  да аракет кылабыз. Булардын баарын эске алганда үн коштоо образ жаратууга салыштырмалуу жеңилирээк, бирок мунун өзүнүн рамкасы бар. Ошондон чыкпай, каармандын образын көрүүчүгө ачып берүү бул дагы өзүнчө бир чеберчиликти талап кылат.

– Мисалы, театрда же кинодо кайсы бир образды жаратууда кантип изденесиздер?

– Каарман кандай адам, анын таржымалы кандай болгон, жашы канчада, мүнөзү кандай – мунун баарын бириктирип, автобиографиясын түзгөнгө аракет кылабыз. Сценарийде кандай берилсе, ошол менен гана аткарып коюу да болбойт. Андан ары тереңдетүү, жакшыртуу сенин колуңда. Көрүүчү сен жараткан образды образ катары эмес, анын жанында жашап жаткан адам, коомдун бир мүчөсү катары кабыл алышы керек. Ага жеткирүү жөнөкөй нерсе эмес.  

– Түрк элинин “Даңазалуу доор” сериалынын кыргызча котормосунда Мустафанын үнүн коштодуңуз. Бул эмнеси менен эсиңизде калды?

– Бул сериалга чейин башка тасмаларды которуп жүргөм, ошондуктан режиссерлор үнүмдү, мүмкүнчүлүктөрүмдү жана өзгөчөлүгүмдү жакшы билишчү. Ошол себептен Мустафаны мага ылайык көрүп беришти. Бирок шахзааданын үнү меникине караганда бир аз жонураак болгондуктан, мен да бир аз үнүмдү өзгөртүп сүйлөдүм. Баарынан да Мустафаны өлтүрүп жаткан эпизодду коштоо кыйыныраак болду. “Өлүп көрүптүрмүнбү” дегендей эле да.  Муунтулуп жаткан жерде эмоцияны толук жеткирүү үчүн улам кайталап окуп, режиссер менен көпкө иштегенибиз эсимде. 

– Бүгүнкү күндө маданият ишмерлеринин айлык акысы аздыгы белгилүү. Бул тармакта жүрүп, үй-бүлөнү жетиштүү камсыздоо канчалык реалдуу?

– Мен актердук менен педагогиканы чогуу алып келатканыма көп жыл болду.  Кээде кинолорго тартылам, актер катары айрым долбоорлорго катышам, ал жактан гонорар алам. Башка учурда жеке долбоорубуз - “ДемиАрт” актердук курста балдарга сабак берем. Тажрыйбабызды, билимибизди баалаган ата-энелер балдарын бизге жаздырып жатышат. Курска атайын маяна каралган, ал дагы кошумча каражат.

– Келинчегиңиз да курста сиз менен чогуу иштейт экен, ал дагы чыгармачылык чөйрөдөнбү?

– Ооба. Мен үч баланын атасымын, кыздарым Нурдеми 10 жашта, Нураян 7 жашта, уулум Нуртегин 10 айга толду. Келинчегимдин аты Нуржан. Жалаң нурдан куралган үй-бүлөбүз.

Келинчегим экөөбүз кесиптешпиз, башында мамлекеттик жумушта иштегенбиз, кийинчерээк андан кетүүгө аракет кылдык. Анткени мамлекеттик жумушта эртеден кечке жүрүүгө туура келет, башка долбоорлорго катышууга көп учурда мүмкүнчүлүк жок, ошол эле учурда айлык акы аз. Мындан улам үй-бүлөбүзгө каражат жетпей калчу.

А азыр келинчегим экөөбүз он айлык балабызды көтөрүп алып, актердук курсту чогуу иштетип жатабыз. Кудайга шүгүр, материалдык абалыбыз жаман эмес. Биздин талантыбызды баалаган ата-энелер көп.

Башында мамлекеттик жумушта иштеп жүргөндө балдарды бекер окутчубуз. Бирок “бекердин тузу татыбайт” болуп, кээде келип, кээде келишпей, бала топтоо кыйын эле. Байкап көрсөк, ата-энелер балдарын денеси сымбаттуу болсун деп бийге, өзүн коргой билсин деп таэквондо, каратэге көп беришет. Кантип эле театр, искусство темалары кызыктырбасын деген суроо пайда болду, ойлонуп атып курстун программасын иштеп чыктык. Көрсө, ата-энелер балдарынын жандүйнөсү бай жана ачык болушун каалашат экен. Жандүйнөнүн байлыгы – материалдык байлыктан бийик жана күчтүү болоорун түшүнгөн ата-энелер көп экен.

– Технология өнүккөн заманда өсүп жаткан балдардын трагедиясы менен артыкчылыгы эмнеде деп ойлойсуз?

– Трагедия да, артыкчылык да смартфонго байланышкан. Бир мүнөт да телефонду колдон түшүрбөй, тамак жеп жатканда да карап, эмне ичип, эмне жегенин билбей калып жатышканы – трагедия. Ал эми смартфонду эркин башкарып, мүмкүнчүлүктөргө эрте күндө ээ болуп жатышканы – артыкчылык. Болгону балага туура жол көрсөтүп, смартфондун зыянын эмес, пайдасын алууга багыт беришибиз керек. Биздин курстун дагы бир максаты – бир жарым саат болсо да баланы телефондон алаксытып, жандуу баарлашууга тартуу, актердук чеберчиликтин жардамы менен искусствого кызыктыруу, коммуникацияга жардам берүү.

– Курска каалаган балдардын баары катыша алабы?

– Биздин курска 10 жаштан 15 жашка чейинки балдарды кабыл алабыз. Окуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт, бирок орус тилдүү балдарды да кыргыз тилин үйрөнсүн деп атайын бизге берген ата-энелер болот. А биз сен кыргызча сүйлөй албайт экенсиң дебейбиз, тескерисинче колдоп, актердук чеберчилик аркылуу балага эне тилинде тартынбай сүйлөөгө көндүрөбүз. “Ү”, “ө”, “ң” тыбыштарын жакшы айта албаса, көнүгүүлөр аркылуу тилин жатыктырганга аракет кылабыз.

Негизи өзүнө ишенимдүү балдарды коомго кошсок, келечектин маданияттуу, илим-билимдүү өкүлдөрүн тарбиялай алсак, бул мамлекетибиздин мындан да өнүп-өсүшүнө алып келет деп ойлойм.