Самидин Шабыралиев: Европага, Америкага салыштырмалуу Кыргызстанда тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөндөр көп
Бүгүн биз Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору, тубаса жүрөк кемтиги боюнча Кыргызстанда 38 операциянын жаңы түрүн киргизген Самидин Шабыралиев менен тубаса жүрөк кемтигинин пайда болушу жана анын түрлөрү, кесепеттери боюнча баарлаштык.
– Самидин Эсенбекович, тубаса жүрөк кемтиги деген эмне? Бул илдет эмнеден улам пайда болот?
– Жүрөк кемтиги дарты жүрөктүн жана анын клапандарынын ишинин бузулушу. Жүрөктүн тубаса кемтиги түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде жүрөк жана ири кан тамырлардын туура эмес калыптанышынан келип чыгат. Себеби, жүрөк толук бойдон эле жаралып калбайт. Адегенде эки камералуу болот, анан клапандары пайда болот. Ошол мезгилде ички, тышкы факторлордун айынан клапандардын кемтигинен башка дүлөйчөлөр менен карынчалардын ортосунда, капталдарында тешик болуп калат. Мындай учурда клеткаларды кычкылтек менен камсыз кылуу бузулуп, жүрөккө күч келет. Жеңил түрү менен жабыркагандардыкы бала чоңойгондо тешиги бүтөлүп калбаса, оор түрү менен ооругандардыкы операция жолу менен жоюлат.
Тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркагандар кадимки балдардай чоңоё албай, жугуштуу жана башка ооруларга көп чалдыгат. Ошон үчүн бала бойго бүткөндөн баштап, эне да, ата да түйүлдүккө жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Себеби, түйүлдүккө үч ай болгондо баланын бардык органдары калыптанып бүтөт. Ошол мезгилде жүрөк да калыптанат. Жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын көпчүлүгү ички-тышкы чөйрөдөгү жагымсыз факторлордон пайда болот. Генетикалык фактордун таасири тиет. Туугандар бири-бирине үйлөнүшкөндө дагы балдары ушундай илдет менен төрөлүп калат. Ошондой эле бул илдет тукум да кубат. Энелер кош бойлуу кезинде кызамык, жугуштуу сасык тумоо, герпес, короновирус сыяктуу инфекция жуктуруп алса да, ымыркайлар тубаса жүрөк кемтигине кабылышат.
Ошону менен катар экологиялык фактордун таасири да тийет. Өзгөчө радиация курсактагы балага терс таасир этет. Спирт ичимдиктери, тамеки тартуу жана туура эмес тамактануу да ымыркайдын илдетке кабылышына шарт түзөт. Кош бойлуу кезде өз алдынча дары-дармектерди ичүү, ар кандай антибиотиктерди пайдалануу да баланын тубаса жүрөк кемтигине кабылышына себеп болот. Ошондой эле организмде витаминдердин жетишсиздиги да бул дарттын пайда болушуна шарт түзөт. Кыскасы, мына ушундай факторлор түйүлдүккө таасир эткенде жүрөктүн өсүшү токтоп калып, ымыркайлар тубаса жүрөк кемтиги илдети менен төрөлүшөт.
Колдон келсе, пландуу кош бойлуулукту адатка айлантуу керек. Себеби, пландап кош бойлуу болгондо аял да, эркек да организмин зыяндуу нерселерден тазалап, ден соолуктарын чыңдашат. Бул нерсе түйүлдүк үчүн абдан маанилүү болуп, дени сак баланын төрөлүшүнө шарт түзөт.
– Бир жылда бул илдет менен канча бала төрөлөт?
– Канча бала төрөлөөрүн билбейм. Бирок, биздин ооруканага бир жылда 5528 бала тубаса жүрөк кемтиги менен кайрылганын так билем. Өкүнүчтүүсү, Европага, Америкага салыштырмалуу Кыргызстанда тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөндөр өтө көп.
– Тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар жашап кете алабы?
– Убагында операция жасалса, жашап кете алат. Кеч кайрылса, илдет татаалдашып кетип, маселе жаралып калат. Негизи жеңил түрү бир эле операциядан сакаят. Оор түрү эки же үч этаптуу операцияны талап кылат.
– Жаңы төрөлгөн балдарга да операция жасаган учурларыңыз болот экен. Араңжан баланын жүрөгүнө операция жасоо чоң чеберчиликти, тобокелдикти талап кылабы?
– Албетте, чоң чеберчиликти талап кылат. Адамдын жүрөгү өзүнүн муштумундай болот. Кээде жаңы төрөлгөн ымыркайлар тубаса жүрөк кемтигинин оор түрүнө кабылганда төрөлөр замат экстренный операция жасоого туура келет. Анткени, дарттын кээ бир түрү баланын чоңоюшун, атүгүл бир саат да күтпөйт. Илдеттин мындай түрүндө тез арада операция жасалбаса, ымыркайды жоготуп алуу мүмкүнчүлүгү чоң болот. Кээ бирине төрөлөр замат эмес, дартына жараша 1-2 айдын ичинде жасайбыз.
– Тубаса жүрөк кемтигинин белгилери кандай? Ал илдет төрөлөр замат эле байкалабы же билинбей деле жүрө береби?
– Тубаса жүрөк кемтигинин жүздөн ашык түрү бар. Кээ бири бала төрөлөөр замат байкалса, кээ бири байкалбай жүрө берип, 50-60 жашка келгенде маселе жаратат. Себеби, тубаса жүрөк кемтигинин айрым түрлөрү өтө жанды кыйнабайт. Бирок, жаш улгайганда кесепетин тийгизет.
Негизи педиатрлар бала төрөлөр замат эле оор түрүн байкашат. Себеби, ымыркайдын дем алуусу оор болуп, жүрөгүндө шум болот. Айрымдар көпкөк болуп төрөлөт. Кээ бири өңүнөн тубаса жүрөк кемтиги бар экени байкалбайт, оңу да кадимки эле балдардай болот. Бирок, бул илдет менен жабыркашат. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн кеңири жайылган үч түрү тууралуу айтып берейин.
Биринчиси, көк тубаса жүрөк кемтиги –илдеттин бул түрү менен жабыркагандар төрөлгөндө эле көпкөк болуп төрөлүп, дем алалбай кыйналат, жүрөгү катуу согуп, приступ болот. Көгөрүп калганда сатурациясы төмөндөп кетет.
Экинчиси, жүрөктүн тубаса критикалык кемтиги- төрөттөн кийинки бир нече сааттарда же күндөрдө оор абалдын өнүгүшү менен коштолот. Жүрөккө хирургиялык коррекция кылдырбаса, ымыркайды өлүмгө алып келиши ыктымал.
Үчүнчүсү, жүрөктүн ак же бозомук кемтиги – илдеттин бул түрү менен жабыркагандар бат-бат пневмания менен ооруйт. Кан айлануун жетишсиздигинен терилери кубарып кетет.
Тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркаган ымыркайлар эмчек эмип жатканда оозу-мурду көгөрүп, аба жетишпей, энтигип калат. Дайыма алсыз болуп, салмак кошпой, шишип, демигип турушат.
– Балдары тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркаган ата -энелер балдарына кандай шартта чоңойтушу керек?
– Балдарынын жүрөк оорусу бар ата-энелер баланы ыйлатпай, чарчатпай, өзүнүн чамасынан ашыкча кыймылдатпашы керек. Жеген тамак-ашы да мүнөздүү болуп, таза абада көбүрөөк дем алдырып, денесин суукка чыйралтып, аба аркылуу жугуучу инфекциялык тумоолордон сакташы керек. Анан врачтын айткан режимин сөзсүз аткарышы зарыл. Себеби, бул дарттын түрүнө жараша кээ бир бала операция болгондон кийин алты ай, бир жылга чукул каттоодо туруп, бардык режимди так кармаса, куландан соо болуп чыга келет. Кээ бир түрү бир нече жолу хирургиялык операцияны талап кылганы менен илдет өмүр бою майып кылып коёт. Алар дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.
– Айрым учурда балдар ээрип көпкөк болуп, оозу-башын үйлөгөндөн кийин гана үнүн чыгарат. Мындай балдарда жүрөк кемтиги менен жабыркабайбы?
– Ээрип калган балдардын баары тубаса жүрөк кемтиги менен ооруйт дегенден алысмын. Бирок, ээрип калган балдарды сөзсүз жүрөгүн эхокардиографияга тарттырып койсо ашыкча болбойт. Чоңдор деле мүмкүнчүлүгү болсо, ЭхоКГдан өтүп койсо болот.
Эхокардиографиянын жардамы менен жүрөк кемтиктери жана жүрөктүн башка дарттары аныкталат. Ошон үчүн бала эненин курсагында жатканда эле ЭхоКГ кылдырып, түйүлдүктүн жүрөгүнүн калыптанышын билип койгон оң.
