Уулкан Итикулова, балдар психиатры: Эрте жардам — баланын келечектеги өнүгүүсүнө жол ачкан эң чоң мүмкүнчүлүк
Республикалык психикалык ден соолук борборунун балдар психиатры Уулкан Төлөгөновна Итикулова менен балдардын психикалык өнүгүүсү, аутизмдин алгачкы белгилери, гаджеттердин таасири жана ата-эненин жоопкерчилиги тууралуу маек курдук.
– Уулкан Төлөгөновна, ата-эне баласынын өнүгүүсүндө көйгөй бар экенин кантип эрте байкаса болот?
– Ар бир баланын өнүгүү темпи ар башка болгону менен, белгилүү бир курактык көрсөткүчтөр бар. Бала өз убагында басып, сүйлөп, айтылган сөздү түшүнүп, жөнөкөй көрсөтмөлөрдү аткара башташы керек. Мисалы, бир жашка чыкканда бала сөздү түшүнүп, кыска көрсөтмөлөргө жооп бере баштайт. Эки жаштан кийин сөз айкаштарын түзүү калыптанат.
Эгер бала бул этаптарга жетпесе же мурда билген нерселерин кийинчерээк жогото баштаса, ата-эне муну «кийин эле сүйлөп калат» деп калтырбашы керек. Өнүгүүдөгү өзгөрүүнү эрте байкап, адиске кайрылуу абдан маанилүү.
– Биринчи кайсы адиске кайрылышы керек?
– Баланын курагына жана белгилерине жараша неврологго, балдар психиатрына жана башка адистерге кайрылып, алардын кеңешин угуп, баланын өнүгүүсүн колго алуу керек.
– Гаджеттерди көп колдонуу баланын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизеби?
– Бүгүнкү күндө бул абдан актуалдуу маселе. Бала телефон же телевизордун алдында көп убакыт отурса, активдүү баарлашуусу азаят. Негизи, сүйлөө, ой жүгүртүү жана социалдык көндүмдөр түздөн-түз баарлашуу аркылуу өнүгөт.
Баланы жөн гана экрандын алдына отургузуп коюу жетишсиз. Ата-эне өзү да телефонго үңүлүп отурбастан, бала менен сүйлөшүп, суроо берип, жомок окуп, сүрөттөрдү көрсөтүп, бирге оюн ойноп, анын кыймыл-аракетин өнүктүрүүгө көңүл бурушу керек.
– Демек, баланын өнүгүүсүндө ата-эненин катышуусу чоң роль ойнойт экен да?
– Албетте. Баланын өнүгүүсү үчүн адиске алып баруу менен эле чектелбеш керек. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү бала менен иштешүүгө катышканы туура.
Балага жомок айтып берүү, китеп окуу, суроо берип, жооп алууга аракет кылуу, башка балдар менен аралаштыруу, өз алдынча кийинип-чечинүүгө, тамактанууга үйрөтүү – мунун баары анын өнүгүүсүнө жардам берет. Бала сөздү жана социалдык мамилени эң биринчи үй-бүлөдөн үйрөнөт.
Ошондуктан баланын ар бир өнүгүү этабына көңүл буруу зарыл. «Жоош бала экен», «кийин сүйлөп калат», «өзү эле чоңойгондо оңолот» деп көйгөйдү көз жаздымда калтырбаш керек.
Эрте жардам – баланын келечектеги өнүгүүсүнө берилген эң чоң мүмкүнчүлүк экенин ата-эне көңүлүнө бекем түйүп алышы керек.
– Баса, коомдо «балам эмдөөдөн кийин аутизм болуп калды» деген туура эмес пикирлер да арбын айтылып жүрөт го.
– Эмдөө менен аутизмдин ортосунда байланыш бар экендиги илимий жактан далилденген эмес. Бул коомдо кеңири тараган туура эмес түшүнүктөрдүн бири. Ата-энелер мындай маалыматтарды ишенимдүү медициналык булактардан тактап алышы керек.
